You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Көк-бөрү: Ат ойноткон америкалыктар. Кыргыздар устат болобу?
Чолпон-Атада өтүп жаткан көк-бөрү кызыды чиркин. Кайсы бирин айтайын дегендей эле болуп жатат. Эми чындап кыргыздар америкалыктарга көк-бөрү үйрөтүп океандын ары жагына бара турган болуп калды окшойт кудай жалгап. Буга чейин дагы Манас Ниязов машыктыруучу катары Америкага ана кетет экен, мына кетет экен деген кеп болуп жүрүп тынчып калды эле. Көк-бөрүбү менен бара турган учур эми келип калды окшойт деп болжоп койдум.
"Мексика мененби, Жунглисин жойлоймбу, дайрасын кечемби иши кылып эмне болсо да Америкага кетем" деп ээленип жаткан далай кыргыз көк-бөрүнүн чебери болсо антип азапка батпай эле, качпай-бозбой эле Америкага машыктыруучу болуп бармак окшойт деп калдым.
"Урматтуу элчи мырза, Майкл менен Жорж, Лед Хоуэл сыяктуу жигиттериңердин көк-бөрүгө чымыны бар экен. Чындап киришсе булардан чыгаан улакчылар чыгат, ошону менен бүтүндөй бир материкте улактын баштоочулары дагы, мыктысы дагы силер болосуңар. Биз силерге көмөк көрсөтөбүз. Силер шартын түзүп, визасын бергиле. Биз калаашыңарча тренер жибере алабыз. Алар виза эрежесин бузбайт, калабыз деп качпайт. Анткени алар Ала-Тоосуз, аламансыз, көк-бөрүсүз жашай албайт, кайра эле кетет", - деп биздин элчилер чыныгы данакерлигин көрсөтүп, дипломатия кыла алар бекен? Бир аз күмөнсүп дагы, үмүт үзбөй дагы турган чагым.
Бул ой ишке ашса кыргыз баласы эгерим уттурбайт эле. Дүйнөнүн биринчи өлкөсүнө баурлар эмес, кыргыздар көк-бөрү үйрөтүп турса, балдар бакыйып машыктыруучу болуп жүрсө, кыргыз маданияты килейген дөөлөттө суроо-талапка ээ болуп калса эмнеси жаман?
Ал жакта жоктон бар кылган, барын көп кылган бир шумдук уюштуруучулар бар. Мисалы, короз уруштургандай эле Конорду UFC аркылуу кандай дүңгүрөтүп салышты? Кезинде сантехник болуп жүргөн жигиттин өжөрлүгү, Дана Уайттын уюштуруучулугу менен Конор азыр ким болду? Яхтасынын баасын карасаныз эле баары түшүнүктүү болот.
Андыктан урматтуу элчилер жана консулдар, америкалык улакчылардын ушул оюндагы эң мыкты учуралын топтоп алып, кесиптештериңерди кепке тартып, кыргызды таанытууда бир керекке жарап бергиле эми. Азыр болбосо анда качан? Болбосо "эмңеңер элчи, эмне иш кылдыңыз" деп эл эртең эле сурап алары турган иш. "Ой муну мурунтан эле ойлоп, эбактан бери аябай аракет кылып келе жатам" деген жооткоткон жооп айтылышы да мүмкүн. Ал жарабайт, бизге болбогонду болтурган, көнбөгөндү көндүргөн деген жыйынтык керек. Кызыган бойдон элчилерди эле кеп кыла бербей эми кеп тизгинин көк-бөрүгө бурайын. Аягына чейин анализдеп окуп, башкаларга да бөлүшүп коймок сизден болсун окурман...
Дүйнө чемпионатында экинчи жана үчүнчү айлампанын оюндары өттү. Анда Кошмо штаттардан келген көк-бөрүчүлөр Алтай 2 командасы менен беттешип, ковбойлор көк-бөрүнү ойлогондон да артык ойноорун көрсөтүп таң калтырды. Пай-па-а-ай деп туралы. Ошондой эле Жаштык менен Ийгиликтин оюну акыркы мүнөткө чейин кыл чайнаш менен аяктады. Эми сөз башынан болсун...
Эки казактан Астана күчтүү болуп чыкты
Алгач эле Жогорку Лигадагы оюндарды айтып баштасак Астана менен Жети-Суу командалары жарым финалга жолдомону талашып киришти. Эки команда тең Казакстандан келгенине карабай бири-бирин мекендешбиз деп аяп да койбой оюн курду чиркин. мунусу абзел, оюн деген оюн, спорт деген спорт да. Күмөнү жок күрпүлдөшүп кирди эле көргөн эл "казактар менен кыргыздар ойноп жатабы ыя" деп бири-биринен сурап киришсе болобу. Ананчы, Астана улак алса Жети-Суу аттары менен көмөлөтө сүзүп, жетисуулуктар болсо Астананы дыркырата кубалап жүрсө ар кандай ойдун баары келет турбайбы. Чыныгы оюн курдуңар баурлар деп эл ыраазы.
Ошентсе дагы Астана бекеринен бир ай мурун Ысык-Көлгө келип машыгуусун баштабаптыр. Алардын аттары биздин абага көнө түшкөнү таасын байкалып турду. Бекеринен тажрыйбалуу саяпкерлер Ысык-Көлдүн климатын мактабайт экен да. Ортодо ипподромдун аянты, ылдыйында көл жээгинин алтын куму, төбөдө болсо тоо-таш тургандыктан, атты кайсы жака бастырып суутпа бардыгы пайдалуу экен да.
Ал эми Жети-Суу командасы өз өлкөсүндө даярдыгын өтүп, оюн башталарга бир күн калганда гана Ысык-Көлгө келишкен. Андыктан оюнда дагы Астананын аттары бир нече деңгээл артык көрүнүп турду. Ичи тартылып, соорусу чайпалып кайран камбар ата тукумдары. Оюн учурунда деле алгач эсепти ачып алгандан кийин Астана демилгени колдон чыгарбай, арты-артынан упай алганга ашыкты. Жалпы үч таймдын жыйынтыгында Астана атаандашына сегиз жолу улак таштап, ишеничтүү жарым финалга жолдомо алды.
Анткени менен Астананын чыныгы атаандаштары алдыда болмокчу. Алар ким десеңиз Манас Ниязовдун Достук командасы казактардын жеңүүчүсүн күтүп жатат. Аа-ай, эми даана көк-бөрү кызыйт окшойт, кыргыз менен казактын беттештери да алдыда болгону калды. Алаканды шак коюп, көчүкту жерге так коюп жакында оюн көрөбуз. калыспыз, урааныбыз да бир. Мыктысы жеңсин!
Алтайлыктар сенсация жаратты
Биринчи лигада болсо Алтай менен Караганда командалары жарым финалга чыгуу үчүн беттешке чыкты. Эки команда тең буга чейин Екатеринбургду жеңип алгандыктан, эми тайпада кимиси биринчи орунду алат деген суроо турган болчу. Алтайлыктар буга чейин оңой жоо эмес экенин көрсөткөнү менен казактар баары бир алардан өйдө турат деп божомолдогондор көп болчу. Көк-бөрү ушунусу менен кызык турбайбы, алтайлыктар оюн башталар менен казактарды камалап кирсе болобу. Ой, азыр оюн тынчыйт, казактар демилгени колго алат деп отурганда, алтайлыктар алгачкы болуп эсепти ачып салды.
Апэ-ээй ботом, бул эмнеси деп эсибизди жыйгыча алтайлык кыргыздар улак үстүнөн улак жүктөп атып, Карагандадан келген команданы шайын оодарды. Ким билиптир мындайды Алтай менен Караганданын оюну 3:1 эсеп менен орусиялыктардын пайдасына аяктап, күндүн сенсация жаратып, жарым финалга ооп кетти.
АКШлыктардын сальтосу, садагаң кетейин санаалаштар
Америкадан келген ковбойлордон куралган команда Алтай 2 командасы менен “D” тайпада оюнун баштады. Алтайдын экинчи командасы кечээ Өзбекстанга ири эсепте утулганын жазганбыз. Экинчи айлампада аларга АКШлыктар туш келип, алтайлыктар жок дегенде бир жеңишке ээ бололу деп турган эле.
Омэ-ээй, эми америкалыктарды алтайлыктар жеңил эле утса керек деп турган чакта, АКШлыктар каршылашын дем алдырбастан бурчка такап кирсе болобу. Атүгүгүл АКШнын капитаны Лэд Хауэл, улакты өңөрүп келип тайказанга жөн салбай, Манас Ниязов көздөнүп, майлаган буудай жүздөнүп эле сальто салып, улак-пулагы менен тай казанга кирип кетип катуу ыразы кылбадыбы. Тууй-ата ой бул деген баягы Көчмөндөр оюндарына калтырбай келип, улак чаап жүргөн Лэд турбайбы деп көрөрмандар дароо тааный түштү. Мына ошондон кийин Лэдди токтоттуп ал. Жерде жаткан улакты эңип чыкканы деле ошол, такымга басканы да, ортого киргени да бир өзү болуп дароо көзгө байкалып жатты. Жарайсың Лэд! Биздин элчилер бир жыйынтык чыгарса Вашингтондөн көрүшөбүз.
Аны мындай кой 5-6 салым алдыга озуп кеткенден кийин, АКШлыктар алтайлыктарга улак салдыртып мыскылдап киришсе болобу. Ана кызык башталып, бир маалда салымдар мөндүрдөй эле жаай баштады. Бир туруп ковбойлор, бир карасаң алтайлыктар салып отуруп, Лэддин командасы Алтай 2ни 10:8 эсеби менен утуп, алгачкы жеңишти камсыз кылды.
Эми АКШлыктарды көп мактабай туралы, анткени тайпадан чыгыш үчүн АКШлыктар эртең Өзбекстанды утушу керек. Бирок, коңшу өзбектер мыкты даярдыкта келгенин эске алсак, ковбойлорго келерки оюн алтайлыктар менен ойногондой жеңил болбой калышы ыктымал. ошентсе дагы чоң секирик жасашты.
Ийгиликтин сапары карыды
Күндүн оюну болуп Жаштык менен Ийгиликтин беттеши аталды. Жаштык командасы өз тайпасында буга чейин Алтын-Альянсты жеңип, эми тайпадан ишеничтүү биринчи орун менен чыгыш үчүн Ийгиликти утушу керек болчу. Бирок Ийигилик бир күн мурун Алтын-Альянс менен ойногондуктан аттары жибип, бир күн мурункуга караганда оюнду аябагандай тың жүргүздү.
Жаштыктын балдары карылуураак жана саяпкери мыкты деп айтылганга карабай, Ийгилик жеңиш үчүн талаага чыкканы алгачкы мүнөттөрдө эле көрүнүп турду. Үчүнчү таймдын бүтүшүнө аз убакыт калганда эсеп 1:1 болуп, эки команда тең жыйынтыктайт окшойт деп турганда, аягына чейин ойноо керек деген Жаштык кайрадан акыркы мүнөттөрдө бир улагын салып кетти. Эсиңерде болсо Жаштык эки күн мурун Алтын-Альянс менен ойноп жатканда да 20 секунд калганда Эшмураттын күчү менен жеңишти жулуп кетпеди беле. Бул жолкусун да Жаштык оюнду калыстын акыркы ышкырыгына чейин ойноо керек дегенди далилдеп, тайпадан биринчи орунду камсыз кылышты.
Ошентип Жаштык командасы эң чоң ашуусун ашып алды өңдөнөт. Жарым финалда алар Өзбекстан же АКШ менен ойноп калат. Айтор кимиси чыкса да таш талканын чыгарабыз деген Жаштык финалды мындай кой, Дүйнө чемпионатын утабыз деп турган кербези. Ким билсин көк-бөрү ансыз деле күнүнө бирден сенсация жаратып жаткандыктан, балким Жаштыкты дагы ордуна койчу атаандаш чыгаар.
Ушуну менен бугункугө чекит коё турайын баатырлар. 16-августтагы оюнду дагы талдап берейин сиздерге. Эмесе пикирди жазып, бөлүшүп жибериңиз.
Аттокур Камбаров, ат оюндары дегенде аттап-буттап жеткен жылкы сүйүүчүнүн биримин.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт, жазуу стили сакталды.