Лавров менен Чавушоглу украинадагы 20 млн тонна дандын "тагдырын" талкуулады

Шаршембиде Анкарада Орусия менен Түркиянын тышкы иштер министрлери жолукту. Сүйлөшүүдө алгылыктуу жылыш болгон жок. Бирок тараптар "дан коридорун" түзүү боюнча Стамбулда БУУнун, Түркиянын, Украинанын жана Орусиянын катышуусундагы талкууга даярдыгын билдиришти.

Буудайды ташып чыгуу үчүн украин портторун минадан тазалоо керек. Киев орус армиясы муну аскердик максатта пайдаланбайт деген кепилдикти талап кылууда.

Эл аралык уюмдар жана батыш өлкөлөрү украин данын жеткирүүдөгү кризистен улам айрым аймактарда ачарчылыктын чыныгы коркунучу бар деп эсептейт. Украина Орусияны "дан азыктарын уурдого далалат кылды" деп айыптайт. Өткөн аптада орус пррезиденти Украинадан дан ташып чыгуу боюнча "көйгөй жоктугун" билдирген.

Сергей Лавров менен Мевлют Чавушоглунун жолугушуусунда бул тема башкы маселе болду. Экинчи тема – март айында Стамбулдагы жолугушуудан кийин токтоп калган орус-украин сүйлөшүүлөрүн кайрадан жандандыруу болду.

Лавров эмне деди?

Биринчи: Орусия менен Түркиянын аскер күчтөрү украин портторун минадан тазалоонун деталдарын талкуулап жатат. Ал украин бийлиги анын ичинде президент Зеленский "бул жараянды баштоо үчүн аймакты минадан арылтууга даяр эместигин ачык билдирди". Эми "түрк досторубуз айткандай, Украина же минадан тазалоого же мина коюлган талаалар аркылуу өтүүнү камсыз кылууга даяр",- деп кошумчалады Лавров

Эки күн мурун Зеленский, данды ташуу үчүн украин портторун бошотууда кемелерге каршы системаны өлкөнүн аймагынан которуу мыкты кепилдик болмок деп билдирген. "Биз Орусиянын бул ишти каалабай жатат жана азык-түлүк кризисин күчөтөт деген риторикасын четке кагабыз. Биз даярбыз, бирок бизге коопсуздук коридору керек" деген эле.

Экинчи: Сүйлөшүүлөр бүткөн соң "Москва кырдаалды аскердик максатта пайдаланбай турганынан Орусия кепилдик берет",- деди Лавров. Эгерде Украина кемелердин чыгышына уруксат берип, минадан тазалоого барса, биз бул операцияны өткөрүлүп жаткан атайын аскердик операциянын кызыкчылыгы үчүн пайдаланбайбыз. Бул президенттин кепилдиги, биз муну жазуу жүзүндө каттаганга даярбыз",- деди Орусиянын тышкы иштер министри.

Үчүнчү: Эгер Лавровдун айтканына ишенсе, “Москва менен Түркия украин портторунан чыгып, кысыкты көздөй бет алган кемелерди өткөрүүнүн коопсуздугун камсыздап, коштоп жүрүгө даяр”.

Төртүнчү: Орусия данды ташуу жөнүндө БУУ, Түркия жана Украинанын катышуусундагы төрт тараптуу жолугушууну Стамбулда өткөрүүгө даяр. Бирок Лавров бул идеядан күмөн санап турат. "Биз БУУнун кандай болсо дагы аралашып, ордун көрсөтүүгө кызыктар болгонун баалайбыз. Бирок ачык айтканда бул кандайдыр бир символикадан сырткары эч кандай салым кошпойт",- деди Лавров.

Европалык дипломатияны жетектеген Жозеп Боррель Украинадан 20 млн тонна дан азыктарын алып чыгууну Орусия менен макулдашууга жетишүү керектигин билдирип келет. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба: "Баалардын өсүшүнүн жана ачарчылык коркунучунун бирден бир себеби – орусиялык күчтөрдүн Украин порторунда 22 млн тонна азык-түлүктү камап жатканында"- деди.

Лавров бул кризисте "ааламдык катастрофаны" көрбөй турганын жана украин портторунда бөгөттөлүп калган бул дан дүйнөлүк дан өндүрүүнүн 1%дан азын түзөрүн айткан.

Чавушоглу эмне деди?

Түрк министри Лавровго караганда аз маалымат билдирди.

Биринчи: "Сүйлөшүүлөр жыйынтыктуу болду". Экинчи: "Түркия БУУнун Кара деңизде "дан коридорун" түзүү планы орундуу деп эсептейт. Сөз анын механизмдери жөнүндө болуп жатат. Башкысы бул иш боюнча Украина менен Орусиянын макулдугу керек",- деди Чавушоглу.

Дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугуна Украинанын салымы канчалык?

Орусиянын Украинага каршы соккусу кыйроо, өлүм-житим гана алып келбестен жакырчылыкты күчөтүп, жер шаарын азык-түлүк кризисине кептейт дегендер да бар. Орусияга достук мамиледеги, экономикалык жактан чамасы чектелүү өлкөлөр Батыштан да көбүрөөк залакасын тартат.

Согушка чейин Орусия жана Украина дан азыктары, өсүмдүк майы боюнча базардагы алдыңкы саптарды ээлеп, азык-түлүк соодасы боюнча ири сатуучулардан эле.

Орусия мунайды, мунай продуктыларын, жер семирткичтерди жана табигый газды сатуунун дөө-шааларынын бири болгону талашсыз. 

Эми мындай камсыздоо үзгүлтүккө учурайт. Украинанын өзүндө тамак-аш тартыш, буудай ташыган украиналык порттор орусиялык флоттун калган бөлүгү менен бөгөттөлүп калган. Быйылкы түшүм дагы арсар. Күн карама эгилчү кара топурактуу жерлерге миналар "эгилип", орусиялык бүлүнгөн танкалар турат. Фермерлер болсо "олжого" тийген техникаларды сүйрөтүү менен алек.

Мунун баары үй-бүлөлүк кирешесинин көп бөлүгү тамак-аштан ашпаган жакыр өлкөлөр үчүн кереги жок эле. Жер шаары ковид менен былтыркы кургакчылыктан эптеп баш көтөрүүдө. Согушсуз эле тамак-ашка баа асман чапчыган.

Эми алар соңку жылдары болбогондой чектерге жетүүдө. Март айында эле 13%га чыкты. Бул дагы акыркы чек эмес. БУУ эми дагы кеминде 8%, балким, 22%га чейин жогорулайт деп божомол кылууда.