Грузин оппозициясы жеңилгенин тааныбайт. Күтүлгөн төрт сценарий

Грузиянын борбордук шайлоо комиссиясы оппозициялык партиялар парламенттик шайлоодо жеңилгенин, жеңиш башкаруучу партия "Грузин кыялыныкы" экенин билдирди. Мындайды күтпөгөн оппозиция расмий жыйынтыктарды тааныбай турганын айтып, Тбилисинин борборунда митинг уюштурду.

Алардын шайлоо жыйынтыктарын кайрадан карап чыгууга реалдуу мүмкүнчүлүгү барбы? Би-Би-Си бийликтин оппоненттеринин ыктымалдуу төрт вариантын талдап көрдү.

1-сценарий: массалык нааразылык акциялары

Добуш берүү күнү Грузиянын боршайкому болжолдуу жыйынтыктарды жарыялап, "Грузин кыялы" дээрлик 54% добуш топтогону маалым болгондо оппозиция тарап жымжырт эле.

Бул жыйынтыкка чейин саналуу саат мурун эки экзитполдун жыйынтыгын алып караганда, оппозициялык партиялар "Грузин кыялы" партиясынан көп добуш алды деген эсеп менен партия лидерлери жеңиш тууралуу жалындуу сүйлөп жатышкан.

БШК жарыялаган сандар алар үчүн такыр күтүүсүз болуп чыкты.

Ушул жыйынтыктан бир нече сааттан кийин гана оппозициянын айрым лидерлери кыскача билдирүүлөр менен чыгышты.

"Биримдик - улуттук кыймылынан" биринчи номурдагы Тинатин Бокучава "Иванишвилинин ["Грузин кыялынын" негиздөөчүсү] ыплас тапшырмасын аткарды" деп БШКны айыптады. Ал ошондой эле "грузин элинин жеңишин жана аны менен кошо өлкөнүн европалык келечегин уурдады" деди.

"Өзгөрүүлөр үчүн коалициянын" лидери Ника Гварамия муну "конституциялык төңкөрүш" деп атады. Оппозициялык альянстагы башка лидерлер да бул сөздөрдү колдоп чыгышты. "Күчтүү Грузия" партиясы мыйзамдуу жана демократиялык бардык ыкмалар менен күрөшө турганын билдирди.

Бул эмне болгон ыкмалар экени тууралуу эч ким эч нерсе айткан жок.

Добуш берүүнүн эртеси оппозициялык лидерлер президент Саломе Зурабишвили менен жолугушту. Ал бул кызматка "Грузин кыялынын" колдоосу менен келген эле. Бирок кийин көз караштары кайчы чыгып, Зурабишвили партиянын саясатын жактабай калган. Ал башкаруучу партия мамлекетти туңгуюкка алып бара жатат деген жүйөө келтирген.

Саломе Зурабишвили дагы шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай турганын айтып, жарандарды 28-октябрда Тбилисиде өтө турган нааразылык акциясына чакырган. Ал тынч нааразылык акциясы гана болорун белгилеген.

Чет өлкөлүк агент мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу нааразылык акциялары абдан масштабдуу болуп, оппозицияга бул шайлоодо жакшы мүмкүнчүлүк бар деген үмүт берген.

Бирок миңдеген киши жыйылган жыйын деле таасир бере алган жок, мыйзам баары бир кабыл алынды.

Учурдагы нааразылык акциялары окуянын жүрүшүнө кандайдыр бир таасир эте алабы дегенге эксперттер жок деп жооп берип жатат.

Грузиянын соңку жаңы тарыхында массалык толкундоолор бийликтин алмашуусуна алып келген мисалдар бар. 2003-жылкы "роза революциясынын" катышуучулары парламенттик шайлоонун жыйынтыктарынын бурмаланышына каршы чыгышып, ошол учурдагы мамлекет башчысы Эдуард Швернадзе отставкага кетип, Михаил Саакашвили президент болуп калган.

Бирок ал учурда демонстранттардын харизмасы, күчтүү лидери бар эле. Мындан сырткары эл аралык байкоочулар шайлоо жыйынтыгы боюнча бир топ эле катуу билдирүүлөрдү жасашып, добуш саноо учурундагы мыйзам бузууларды айтып чыгышкан. Грузиянын туш тарабында массалык акцияар өткөн. Азыр Грузияда ошондогуга окшош жагдай байкалбайт.

2-сценарий: соттошуу

Ильи мамлекеттик университетинин саясий укуктар боюнча адиси, профессор Вахушти Менабде мыйзамга ылайык оппозиция шайлоо жыйынтыктары боюнча сотко кайрылууга укугу бар дейт.

Эгерде аларда шайлоонун жыйынтыктарын талашуу боюнча негиздери болсо, партиялар биринчи кезекте жалпы юрисдикция сотторуна кайрыла алышат. Көз карандысыз соттор шайлоодо 200дөн ашуун бузууларды катташкан, бирок БШК ал учурлар шайлоо жыйынтыгына эч кандай таасир бере албайт деп эсептейт.

Марнеульск муниципалитетиндеги шайлоо түйүндөрүнүн биринде бюллетендерди тобу менен салып жатканы камерага тартылып калган. БШК ошол шайлоо борборундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын тез арада жокко чыгарган. ИИМ болсо иликтөөсүн баштаган. Бул азырынча бюллетендерди тобу менен таштаганы аныкталган жападан жалгыз видео далил.

Шайлоодо башка дагы күмөндүү ыкмалар пайдаланылганы тууралуу сөздөр жүрүп жатат.

"Мисалы, мас болуп алып унаа айдаганы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган кишиге добуш берсең, айдоочулук күбөлүгүңдү кайра аласың деген алмашуу жүрдү",- дейт мекеменин директорунун орун басары Георгий Ониани.

Мындай мисалдарды табуу жана аны сотто далилдеп берүү өзүнчө эле чоң көйгөй.

БШК жарыялаган жыйынтык менен экзитполдун ортосунда бир топ айырма бар. Оппозиция экзитполдун жыйынтыгы чындыкка жакын деп санайт.

Кээ бир көз карандысыз байкоочулар кадимки эле кыдыртып добуш бердирмей "карусель" ыкмасы пайдаланылды деп жатат.

Оппозиция учурда эреже бузуулардын баарын топтоп, аларды жарыялоого камынып жатышканын билдирди.

Оппозиция сотто шайлоонун мыйзамдуулугун талашууга аракет кылса болорун, бирок мындай стратегиянын ийгиликке жетээрине реалдуу шанс жок, деп эсептейт Вахушти Менабде.

3-сценарий: парламент жыйынына бойкот жарыялоо

Мыйзам БШК шайлоо жыйынтыктарын расмий бекиткенден кийин президент парламенттин биринчи жыйынынын күнүн белгилейт. Бул жыйын шайлоо жыйынтыгы жарыялангандан кийинки он күндүн ичинде болушу керек.

Президенттин жыйындын күнүн бекитпей коюуга укугу жок, дейт Вахушти Менабде.

"Эгер президент биринчи жыйын өтө турган күндү аныктабай койсо, анда мыйзам бузган болуп калат. Биз шайлоонун жыйынтыктары адилетсиз болуп калды деп кандай айтпайлы, бул азырынча юридикалык жактан далилденбеген соң эч кандай маселени жаратпайт",- дейт эксперт.

Эгер жыйындан оппозициялык партиялар баш тартабыз, катышпайбыз деген күндө да бир эле партиянын жыйынына Грузиянын мыйзамдарында чек коюлган эмес. Алдын ала эсеп боюнча, "Грузин кыялы" партиясы жалпы 150 мандаттан 98 орунду ээлегени турат.

4-сценарий: парламенттин имаратын тосуп алуу

“Оппозиция жалгыз гана саясий кысым көрсөтүү аркылуу өзүнүн талаптарын ишке ашыра алат”, - дейт Вахушти Менабде.

Мында нааразылык акцияларын уюштуруп, башкаруучу партиядан шайланып келген депутаттарды парламенттин биринчи жыйынынан күч менен чыгарып салуу жөнүндө кеп болуп жатат. Мындай окуя Грузияда буга чейин болуп келген.

Мурдагы окуяларда жыйын болгон күнү митингчилер чынжыр түрүндө кармашып алып, парламенттин кире беришин тосуп алышкан эле.

Бирок бул жерде оппозиция утулуп калышы мүмкүн.

Парламент имаратынын бир нече эшиги бар. Алардын жок дегенде экөөсү Грузиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын имараты жана атайын күчтөрдүн казармалары жайгашкан кууш көчөнү карап турат. Кырдаал курчуп кетсе, күч органдары бул көчөнү митингчилерден оңой эле тазалап, бийликчил партиянын депутаттары парламентке кире турган коопсуз коридор түзө алат.