Кемпир-Абад иши: айыпталуучулардын баары акталды

Кыргызстанда "Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталган 27 кишинин 22си акталды. Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков өкүмдү угузар замат буга чейин тергөө абагында кармалып келген сегиз айыпталуу сот залынан бошотулду. Прокуратура сот чечимин талашып кайра кийинки инстанцияга кайрылабы же жокпу, азырынча белгисиз.

Сот имаратынан алдында чогулган адамдар сот өкүмүн абдан кубануу менен кабыл алып, кутулуп чыккан саясатчылар менен жарандык активисттерди куттуктап жатышат.

Акталып чыккан саясатчылар менен активисттердин айрымдары соттун чечими боюнча журналисттерге кыскача комментарий берди:

"Мен мындай чечим болот деп күткөн эмесмин. Керек болсо түрмөдөн чыгып жатканда кайра түрмөгө келем деп даярданып келгем. Сот адилеттүү чечим чыгарды, бирок кандай негиз менен чыгарды билбейбиз. Биз үчүн күтүүсүз чечим болду", - деди Равшан Жээнбеков.

"Канчалык кыйын болбосун акырына келгенде сот мыйзамдуу, акыйкат чечим чыгарды. Канчалык кыйын, канчалык өйдө-ылдый болгону менен акыры акыйкаттык жеңди", – деди Азимбек Бекназаров.

"Менин түрмөдө отурганыма бүгүн 870 күн болуптур. Ушул убакыт ичинде биздин үнүбүздү элге жеткирип турганы үчүн журналисттерге ыраазычылыгымды билдирем", – деди саясатчы Жеңиш Молдокматов.

"Соттун чечими адилеттүү жана калыс болот деп баарыбыз күткөнбүз. Сот кандай жагдайларды эске алганын билбейбиз. Айып коюп жаткан тарап апелляциялык арыз менен даттанышы мүмкүн. Юридикалык практикада бул нормалдуу көрүнүш", – деди активист Атай Бейшенбек улуу.

Акталгандар: Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдокматов, Айданбек Акматов, Айбек Бузурманкулов, Мамбетжунус Абылов, Марат Баязов, Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова, Илгиз Шаменов, Тимур Махмудов, Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Нурлан Асанбеков, Атай Бейшенбек, жана Акыл Айтбаев.

Соттун бул өкүмү иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн беш адамга тиешеси жок. Алар Орозайым Нарматова, Талантбек Эшалиев, Кеңешбек Дүйшөбаев,Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров.

10-июндагы отурумда прокурорлор айыпталуучулардын ар бирин 20 жылга абакка кесүүнү, үй-мүлкүн конфискация кылууну суранган эле. Өздөрүнө коюлган айыпты кескин четке кагып келген шектүүлөр прокурордун мындай жаза сураганын акылга сыйгыс деп мүнөздөшкөн. Айрым юристтер дагы бул мыйзамга каршы келерин айтышкан:

"Баарына бирдей жаза берүү мүмкүн эмес. Айыпталуучулардын арасында кофеге келбегендер, ал жерде сүйлөбөгөндөр бар. Ар кимдин айыбын бөлүшү керек болчу. Сен муну кылдың, сен муну айттың деп ар бирине тагылган айыпты өз-өзүнчө карап, ошого жараша жаза суралат да. Баарына экиден берене менен айып коюлган. Экөөнү кошкондо да айыптоо тарап 12,6 жылдан ашык сураганга акысы жок болчу", – деди адвокат Кантемир Турдалиев.

12-июнь күнү Норвегиянын Хельсинки комитети, Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк, Human Rights Watch, People in Need жана башка бир катар уюмдар кыргыз бийлигине кайрылып, "кемпирабадчылардын" баарын бошотууга чакырды.

Чуулу иштин чоо-жайы

Эл оозунда “Кемпир-Абад иши” деп аталып калган бул кылмыш иши эгемен кыргыз саясатындагы эң чуулгандуу жана кармалгандар адамдардын саны боюнча эң резонанстуу иш болду.

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан 30га чукул активист, саясатчы кармалган.

Ички иштер министрлиги аларга “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгогоп, далилдер жетиштүү экенин көп жолу айткан. Айыпталуучулар өздөрүнө коюлган кинелерди кескин түрдө четке кагып келишет.

Эки жылга жакын убакыт мурун кармалган 30га жакын адамдын көбү түрдүү жагдайда камактан чыгып, ушул тапта сегиз шектүү тергөө абагында жаткан.

Бул иш боюнча айыпталган Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши өзүнчө өндүрүшкө алынып, алар абактан үй камыгана чыккан. Ушул аптада саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев, Бектур Асанов жана болгон Кубанычбек Кадыровдун иши да өзүнчө бөлүнүп, убактылуу токтотулганы кабарланды. (SA)