You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Азаттык": сот бүттү, талаш курчуду
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Ленин райондук соту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медиа" мекемесине каршы арызын канаттандырды.
Аталган министрлик жалган маалымат таратты деп, “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган эле.
“Жүз пайыздүү негиздүү чечим чыкты. Сотто эки тарап тең өз позицияларыбызды айттык. Чынында эле ошондой маалымат болгон. Лингвистикалык экспертиза жүргүзүлдү. Эксперттик демилгенин негизинде корутунду берилди. Ал бар да. Маалымат туура эмес болгон, негиздүү эмес болгон. Ошон үчүн ушундай чечим чыкты”,- деди Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бектур Ибрагимов.
Соттук териштирүүгө негиз болгон эфир боюнча лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн адис шаршембидеги сот отурумунда көрсөтмө берген эле. Соттук-эксперттик кызматынын лингвист эксперти Жийде Семенова сотко жеткен “Азаттыктын” чуулуу берүүсүндө “Улут аралык кастыкты козутуу жана согушка үгүттөөнүн белгилери барбы?” деген суроого так жооп бере албасын айткан:
“Видеоматериалда улутка каршы негативдүү лингвистикалык белгилер бар. Тактап айтканда, Тажикстандын журналисти берген интервьюда. Анда Кыргызстанды каралоо боюнча маалыматтар бар. Ал эми “улут аралык кастыкты козутуу жана согушту пропаганда кылуу боюнча” суроого юристтер баа бериши керек. Бул иш боюнча мындай изилдөө жүргүзүү менин компетенцияма кирбейт”,- деди Семенова.
"Азаттык Медиа" мекемесинин адвокаттарынын бири Тимур Султанов райондук соттун соңку чечимине нааразы жана каршы экенин, ошондуктан жогорку инстанцияга кайрыларын билдирди:
“Бул чечимге макул эмеспиз. Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыздануу келтиребиз. Сот чечимин колубузга алгандан кийин, толук изилдеп, өзүбүздү жүйөбүздү апелляциялык арызга киргизебиз”.
“Азаттыкты” колдоп соттук отурумга Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Салянова, жарандык коомдун өкүлдөрү, укук коргоочулар жана журналисттер тилектештик билдирип келишти.
Соттошууга себеп
Былтыр 16-сентябрда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы куралдуу кагылыш боюнча видео материал чыккан. Анда эки тараптын журналисттерине сөз берилген, “Азаттыктын” тажик кызматынын жана “Настоящее времянын” (Кыргызстан) журналисттери бири-бирине кайчы айыптоолорду айтышкан. Ал видеого Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин эки тараптын сүйлөшүүлөрү тууралуу берген комментарийи да кошулган.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Канал Кыргызстан биринчи кол салды деп туура эмес маалымат берген” деген жүйө менен ал материалды алып салууну талап кылып, былтыр 26-октябрда “Азаттыктын” сайтын бөгөттөгөн.
“Азаттык” аны четке кагып, бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экенин билдирген жана министрликтин сайтты бөгөттөгөн чечимин мыйзамсыз деп табуу арызы менен Бишкектин административдик сотуна кайрылган.
Эки башка чечмеленген мыйзам
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык-медианы” "Жалган (анык эмес) маалыматтардан коргоо жөнүндө" мыйзамдын негизинде жоопкерчиликке чакырып жатканын билдирген.
Ошол эле убакта бир катар журналисттик уюмдар министрлик бул мыйзамды туура эмес колдонуп жатат деген жүйө келтирүүдө.
“Мыйзамга ылайык, "анык эмес маалымат — бул чындыкка дал келбеген, башка адамдын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкер беделине шек келтирген маалымат". 2022-жылдын 8-апрелинде КР Министрлер Кабинети бекиткен мыйзамды ишке ашыруунун механизми жана тартиби "ар-намысыма, кадыр-баркыма же ишкер беделиме шек келтирилди, мага карата анык эмес маалыматтар таратылды" деп эсептеген жарандардын же юридикалык жактардын арызы боюнча гана сайтты бөгөттөөгө жол берет. Ал эми "Азаттык Медиага" байланыштуу иште министрликтин дарегине мындай арыз түшкөн эмес. Министрлик 2022-жылдын 24-октябрында "Жалган (анык эмес) маалыматтардан коргоо жөнүндө" мыйзамдын негизинде сайтта эмес, Youtube социалдык тармагындагы "Настоящее время. Азия" каналында жайылтылган программаны өчүрүү талабын койгон. Бул катта министрлик арыз ээсин көрсөткөн эмес (ар-намысына, кадыр-баркына же ишкер беделине шек келтирген анык эмес маалыматтар жайылтылган деп болжолдонгон адам), себеби мындай адам башында эле болгон эмес жана ушул кезге чейин жок”, - деп айтылат “Медиа Полиси” институту жарыялаган кайрылууда.
"Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам долбоору 2021-жылы парламент каникулга тарар алдында добушка коюлуп, биринчисинде өтпөй калган. Ак үйдүн алдына митингге чогулган активисттер кубанып, таркап кетишкен. Андан бир айдан кийин, жарандык активисттер баары туш-тушта эс алууда жүргөн учурдан пайдаланып, демилгечилер аны кайра добушка коюп, өткөрүп алышкан болчу.
“Жалган маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзам кабыл алынып жатканда анын көз карандысыз маалымат каражаттарынын үнүн басуу үчүн колдонулат деген кабатыр пикирлер көп эле айтылган.
"Карапайым адамдар бийликке үнүн кантип жеткизе алат, социалдык медиа, эркин сайттар аркылуу гана жеткире алат. Буга чейин коронавирус боюнча кечирим сураткан нерсени азыр мыйзамдуу түрдө киргизгени жатышат. Эл айтып чыккан нерсени азыр жалган деп, кечирим суратып, алардын баракчаларын жабууга жана кылмыш ишин козгоого барган жатышат", - деген ошол учурда Би-Би-Сиге жарандык активист Улан Үсөйүн.
Азыр эми ошол тынчсыздануулардын олуттуу болгонун практика көрсөттү дейт белгилүү юристтердин бири Таттыбүбү Эргешбаева:
“Фейк боюнча мыйзам алгач көз карандысыз маалымат каражаттарын басуу үчүн кабыл алынганын практика тастыктады. Маданият министрлиги тарабынан бир дагы аймактык канал же мамлекеттик маалымат каражаттары жоопко тартылган жок, алар тарабынан көрсөтүүдө мыйзам бузуулар көп...”.
Кыргызстанда мыйзамды ар ким ар кандай чечмелеген көрүнүштөр көп, ошол себептүү соттордо туура эмес чечимдер чыгып, анын артынан чыр-чатак чубалган иштер дагы толтура.
Бирок расмий түрдө мыйзамды чечмелөө аны кабыл алган Жогорку Кеңештин колундагы ыйгарым укук. Демек, Маданият министрлиги менен “Азаттык-медианын” ортосундагы чырды чечүүнүн бир жолу ушул жакта тургандай. Бул үчүн эки тараптын кимиси болбосун, расмий түрдө кайрылып, парламенттен мыйзамдын талаштуу жобосуна расмий чечмелөө эмнеге алышпайт деген суроо бар.
Оторчулуктан кийинки оору
Кыргызстан сыяктуу бир-эки кылым бою колонияда болуп келген мамлекеттер өз акылы менен жашай албай, эскиче мурдагы метрополияны карап, кылчактап, ошол жакты туурап калма адаты көпкө чейин калбайт деп Би-Би-Сиге ошол эле “Азаттыктын” ардагер журналисти Эсенбай Нурушев айтты эле.
Айткандай эле кыргыз парламенти көп мыйзамдарды алиге чейин сырттан көчүрүп алып кабыл алып жатканы жөнүндө көп эле сындар айтылды. Ал түгүл кээ бир мыйзамдар кабыл алынып жарыяланганда “Россия федерациясы” деген сөздөр өчпөй кала берген учурлар да ашкере болгон эле.
Айткандай эле, “жалган маалыматтан коргонуу жөнүндө” мыйзам убагында Россиянын ушундай мыйзамынын жаман көчүрмөсү экенин айтышкан.
“Сырттан башкаруунун бир белгисин көрүп атабыз. Себеби бул мыйзам долбоорлору Россиядан көчүрүлүп келип жатат. Кыргызстанга EАЭБдин алкагында бирдей стандарттарды киргизүү, бирдей чектөөлөрдү киргизүү, бир стилдеги башкарууну киргизүү аракети болуп жатат”,- деп айткан эле укук коргоочу Эржан Кайыпов.
Ошол эле учурда интернетте жалган маалымат жайнап кетип жатканы да жаңылык эмес. Бирок кыргыз интернет коомчулугу жалган маалымат менен өз алдынча эле заманбап жол менен көзүн таап күрөшүүдө. Маданият министрлиги жабам, жоём деп опурулма саясат жүргүзүп жатканда, Temirov Live, "Клооп", “Политклиника” сыяктуу медиа уюмдар жалган маалыматтарды изилдеп, ашкере кылып жаткан толтура мисалдар бар.
Фейктер менен күрөшүүнүн ушундай далилденген эффективдүү жолу турса, ага мамлекеттин сокур тыйыны коробосо, санарипке адистешкен алдыңкы көз караштагы коом катмары аны өзү аткарып жатканда, Маданият министрлиги күчкө салган саясаттын жолоюнда калганы өкүнүчтүү иш болуп калбас бекен?
"Сөз эркиндигинин символу болуп калган “Азаттык” ошентип ушуну менен төртүнчү ирет - акыркысы азыркы бийликтин тушунда да - басымга капташты. Ар бир жолу - элдик ыңкылаппы, төңкөрүшпү, революциябы – бийлик алмашары менен, алсак, Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев бийликтен шыпырылган күнү эле, - “Азаттык” эфирге чыгып келген. Бул ирет окуя эмне менен аяктаары белгисиз",-деп жазды "Азаттыктын" телепродюсери Кубат Оторбаев.