You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Санкция санаасы: АКШнын кезектеги эскертүүсү, Кыргызстандын жообу
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
АКШ сенатору Боб Менендес кыргыз президенти Садыр Жапаровго кайрылып, Россиянын санкцияларды буйтап өтүшүнө Кыргызстан жардам бербесе деген чакырык менен кат жолдогону белгилүү болду.
АКШ Конгрессинин эл аралык мамилелер комитетинин төрагасы Менендес Украинада согуш башталганы Россия менен Кыргызстандын соодасы кызып жатканына камтамачылыгын билдирди.
Менендестин кайрылуусу
Сенатор Боб Менендес жолдогон катта кыргыз бийлиги бул сооданы жөнгө салбай, ошону менен Россияга учкучсуз аппараттарды, учак деталдарын, курал тетиктерин, микросхемаларды мыйзамсыз импорттогонго кол кабыш кылып жатышы мүмкүн делет.
“Америка добушунун” орус кызматы Менендестин кыргыз бийлигине жолдогон катынан мындай цитата келтирди:
“Силердин өкмөттү санкциялардан буйтоо боюнча олуттуу айыптарды тезинен иликтөөгө чакырам жана өз аймагыңар аркылуу өтүп жаткан товарлардын мыйзамсыз агымынын алдын алуу боюнча ишенимдүү чараларды көрүүгө үндөйм” -деп айтылат Садыр Жапаровго жолдонгон катта.
АКШ быйыл майда биринчи жолу чараларга барып, кыргызстандык компаниялардын бирин “Троя” ЖЧКУсун "кара тизмеге" алган эле.
Андан кийин эле Кошмо штаттары июлда төрт кыргызстандык компанияга санкция киргизди. Бул компаниялардын баары Россия Украинага бастырып киргенден кийин негизделген компаниялар болгон. Ал компанияларды негиздегендер орусиялыктар экени да айтылууда. Ушу тапта Кыргызстандын Экономика министрлиги ал компаниялар боюнча иликтөөсүн жүргүзүп жатат.
Менендестин соңку кайрылуусу, АКШ эми жеке менчик компанияларды эле эмес, мамлекетти санкциялык бутага алып атабы деген суроолорду жаратууда.
Өткөн айда америкалык Washington Post басылмасы америкалык администрациядагы өз булактарына таянып, Ак үй Кыргызстан Россияга жардам берип жатышы мүмкүн деп нааразы болуп жатканы тууралуу жазып чыккан.
Бирок анда АКШ Бишкекке карата так кандай чараларды көздөп жатканы ачык көрсөтүлгөн эмес.
Washington Post Россия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода алакасы болуп көрбөгөндөй өсүп жатканына токтолуп, Россия тикелей импорттой албаган товарларын, үчүнчү өлкөлөр аркылуу алдырып жатабы деген күмөнсүнүүсүн билдирген. Мисалы, Россия ошол эле Кытайдан бул өлкөлөр аркылуу учкучсуз учактарды алдырышы да мүмкүн экени жазылган.
Кыргызстандын жообу
9-августта кыргыз президенти улуттук “Кабар” агенттигине маек берип, сенатор Менендеске жооп бергендей болду. Өлкө башчысы Кыргызстан Батыштын санкцияларын айланып өтүүгө жардам берип жатат деп шектенүүгө негиз жок деди:
“Эч кандай негиз жок. Россия менен Кытай кичинекей Кыргызстанга көз каранды эмес. Россия менен Кытай өздөрү бири-бирине кошуна өлкөлөр. 4000 километр чек ара тилкеси бар. Россия кааласа деңиз аркылуу, кааласа темир жол аркылуу эшелон-эшелон же баржа-баржа кылып каалаган товарын ташып алат. Ооба, Кыргызстандык компания дрон алып бара жаткан жеринен Казакстандан кармалды. Ал дрондор айыл чарба багытына жумшала турган дрондор болчу деп түшүндүрдү. Бирок ошентсе да биз азыр дрон жана учкучсуз аппараттарды өткөрбөй жатабыз.”
Быйыл июнда казак бажычылары “Импульс-Инвест” аттуу кыргызстандык компанияга тийиштүү делген 14 дронду кармаганы тууралуу маалымат тараган.
Бул дрондор айыл-чарбага колдуналат деген менен аны согушта да колдонуу ыктымалы бар. Кыргыз өкмөтү анда бул дрондордун кыргызстандык компанияларга тийиштиги тууралуу казак тарап далил келтире албаганын да айтып чыккан.
Россия менен соода эмнеге өсүп жатат?
Кыргыз бийлиги Россия менен соңку жылы соодасы өсүп жатканын четке какпайт. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча былтыр Кыргызстан менен Россия ортосундагы товар алмашуу 40,3% өсүп, 3 миллиард доллардан ашты.
“Россия Федерациясы менен эле эмес, бөлөк мамлекеттер менен деле соодабыз өсүүнүн үстүндө. Ошол эле Европа мамлекеттери менен биз соода-сатыгыбызды өстүрө алчу учурда турабыз. Ал эми Россия бул Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү. Соода көлөмү боюнча ал Кытайдан кийинки эле орунда турат. Былтыр кыргыз-орус товар жүгүртүүсү 3 миллиард 234,6 миллион долларды түздү”,- деди Экономика министринин өкүлү Талант Орозаимов.
Кыргызстан сандардын өсүшүн Россия менен экономикалык бир уюм - ЕАЭБге мүчө экенин жана көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу үчүн жүргүзүп жаткан салыктык реформасы менен түшүндүрүүдө.
Мисалы, фискалдык жаңы саясат менен товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ-ЭСФ) колдонууга кирди. Бул да болсо соода-сатыкка көзөмөлдү, эсепке алууну жакшыртып жатат.
Расмий статистика: шектүү жагдайлар барбы?
Деген менен OCCRR (Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борбору) Россияга карата киргизген санкцияларды кыргызстандык жеке менчик компаниялар менен катар мамлекет дагы бузуп жатышы мүмкүн деп эсептейт. Иликтөөчүлөр соңку кезде Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитети соодадагы статистиканы башкача чыгара баштаганын аныктаганын билдирген.
Алалы, Kloop басылмасы OCCRRга шилтеме берип жазгандай 2023-жылдын алгачкы үч айында тигил же бул товар тууралуу маалымат төрт эле эмес он сандык коддор менен чыгып келип, бирок кийин ал тартип өзгөрүп кеткен. Он сандык код менен Россияга кандай товар экспорттолуп жатканын деталдуу көрсө болот эле. Бирок июндан баштап өзгөрүү кирип, он сандык коддор жоголуп кеткен.
Мисалы, 3603400001 коду “электрдик эмес детондоштурулган капсюлдар” дегенди түшүндүрөт. Бул коддун биринчи төрт саны – 3603 – жалпы товарлардын тобун мүнөздөйт, мисалы бул код менен жалпы эле капсюл, запал, детонатор, электрдетонаторду түшүнсө болот. Башкача айтканда Улуттук статистикалык комитет соодаланып жаткан товарлар тууралуу мурдагыдай деталдуу эмес, жалпылаштырып эле маалымат берип калганы айтылууда. Би-Би-Си мындай дооматтар боюнча Улуттук статистикалык комитеттин да жүйөөсүн укту:
“Тышкы жана ич ара соода жүгүртүү боюнча ай сайын берилчү расмий статистиканы ыкчам чыгаруу максатында май айынан тарта бул тууралуу бюллетендин структурасына түзөтүү кирди” , -деп түшүндүрүштү статистикалык комитеттен.
Расмий маалыматта ошондой эле он сандык код менен маалыматка суроо-талаптын жоктугу жана маалыматты ушундай берүү дүйнөлүк тажрыйбада колдонулары айтылат.
Санкциялар кирсе эмне болот?
Украинада согуш башталгандан бери Россия эл аралык соода-сатыкта чоң чектөөлөргө кабылды.
Ал чакта Борбор Азия өлкөлөрүнүн Россияга экспорту шектүү көлөмдө өсүп жаткандыктан, эми БА өлкөлөрү да Батыш санкцияларына кабылуу тобокелчилиги өсүп жатат.
Жеке Кыргызстан үчүн санкцияларга кабылуу кандай кесепттерге алып келиши мүмкүн?
Ишкер Жоодар Омошев эгер Кыргызсан Батыштын санкцияларына кабыла турган болсо эң алды эле SWIFT боюнча чектөөлөргө кабылышы мүмкүн дейт:
“Эгер азыркыдай жагдай улана бере турган болсо, ал банк чөйрөсүнө залакасын берип калышы мүмкүн. SWIFT деген бар. VISA, Master Card, трансфер деген бар, мына ушуларга эле бөгөт коюп койсо экономикабыз оорчулукка тушугат. Себеби, биз азыр үчүнчү өлкөлөр менен көп иштешип жатпайбызбы, ЕАЭБ, ошол эле Түркия, Европадан, Кытайдан, Индиядан аябай көп товар келип жатат. Санкция киргенде анын кесепети узакка болот. Ошол эле Россияга кирген санкцияларга аз эле болду, бирок эми анын кесепети дагы алдынкы үч жылда эле аябай билинет. Ал эми Кыргызстанга мындай кичине эле санкциялык кысым болсо, биз кыйналып калабыз”.
Буга чейин Европа комиссиясы Россияга каршы санкциялардын 11-пакети даярдалып жатканын билдирген.
Бул жолку санкциялар "Россияга жардам берип, товар ташып жатат" делген үчүнчү өлкөлөргө киргизилиши мүмкүн экени да айтылган. АКШ да санкциялар менен коркутканы менен азырынча жеке компанияларга гана чаралар көрүп жатат. Ушу тапта Борбор Азиядагы бир да мамлекетке расмий санкциялар киргизиле элек.
Санкциялар боюнча чабармандар
Жалпы эле Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстанга карата мындай шекшинүүлөр быйыл жыл башынан бери эле байма-бай айтылып келет.
Мисалы, мартта Бишкекке келген Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан Украинада согуш башталганы Евробиримдиктен Кыргызстанга товар ташуу 300% өскөнүн, ал товарлардын 770 түрүн согушта колдонуу ыктымалдыгы бар экенин айткан.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев буга чейин Дүйнөлүк соода уюмунун эрежесине таянып, Евробиримдиктин өкүлчүлүгүнөн шектүү товарлардын тизмесин да сураган. Бирок тизме эмдигиче бериле элек.
Андан кийин эле апрелде Кыргызстанга Британиянын Тышкы иштер министрлигинин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид келип кеткен эле.
“Россия санкцияларды кыйгап өтүү үчүн бар аракетин жасап жатат, бул согуштун дагы узакка созулушун шартташы мүмкүн. Улуу Британия, Кыргызстан дагы санкцияланган британ товарлары жана технологиясы үчүнчү өлкөлөр аркылуу Россияга ташылышын каалабайт деп эсептейбиз”, - деген эле британ расмийи.
Ал эми майда Улуу Британиянын Общиналар палатасынын Тышкы иштер боюнча комитетинин төрайымы Алисия Кирнс жана Комитеттин мүчөсү Нил Койл Кыргызстанга келип, алар дагы санкция тууралу кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөр өткөрүп кетишкен.
Июнда Бишкекке келген Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер дагы кыргыз бийлигин Россияга карата киргизилген санкцияларды карманууга чакырган.
“Кыргызстан азыр кыйчалыш абалда, арабөк турат. Барган сайын ушундай абалда тең салмактуулукту кармап калыш да кыйындоодо. Кыргыз бийлиги эле эмес, жалпы Борбор Азия лидерлерине кыйын эле болуп жатат. Аябай оор тандоого кептелишти. Экономикалары толук Россия менен байланышкан, энергия ресурстранына да көз каранды. Бирок Батыш азыр ага жардам бербөөгө чакырып, тандоо жасашы керек деген басым кылып жатат”,- деген эле кыргызстандык эксперт Мусуркул Кабылбеков.
Ошентип, Борбор Азия өлкөлөрү санкцияларга кабылган Россияга өз товарларын сатып, соода-сатык алакасын жакшыртууда. Бирок айрым жеке менчик компаниялар Россияга санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берип, бул өлкөлөрдүн өзүн да санкцияга кептеп жаткандай.