“Апрель окуясы мүдөөсүнө жетсе, октябрь окуясы болмок эмес”

Венера Осмокеева, Би-Би-Си, Бишкек

Бүгүн 7-апрель окуясына туура 13 жылдын жүзү болду. Президент Садыр Жапаров кайрылуу жасап, азаттыкты туу тутуп, калыстыкка умтулган кыргыз эли, Аксы окуясында, Март, Апрель революцияларында жана акыркы Октябрь окуясында адилетсиз башкарууга каршы болуп, чырмалышкан акыйкатсыз системаны алмаштырууга тикесинен тик турганын эске салды.

“Соңку тарыхыбыздагы бул окуялардан алынуучу эң башкы сабак – адилет башкаруу менен элдин бакубат турмушун камсыз кылуу. Биз Ата Мекени менен жамы журтунун камын жеп, кара баштарын канжыгага байлап, өмүрлөрүн арнаган атуулдарыбыздын ой-максат, тилектерин, Кудай буйруса, орундатабыз”, - деди Жапаров.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Апрель окуясы орду толгус жоготуулар менен коштолуп, эң кайгылуу жана маанилүү окуялардын бири болуп калды.

2005-жылы “Жоогазын” революциясынан кийин бийликке келген Курманбек Бакиев кыска убакыт аралыгында авторитардык, үй-бүлөлүк башкарууну орнотуп калк нааразылыгын жаратты.

Бийликтин бардык бутактары коррупциялашып, элдин жашоо-шарты начарлап, баалардын кескин өсүүсү акыры төңкөрүшкө алып келди.

Толкундоолор 6-апрель күнү Талас шаарында башталып, кийинки күнү Кыргызстандын бардык аймагында эл көтөрүлүп акыры Бакиев кичи мекенине качып барып, андан ары Казакстан аркылуу Белорус бийлигинен баш паанаек алып кетти.

Эң кандуу окуя

Кыргызстан эгемендик алган жылдарынын тарыхында болуп өткөн революциялардын ичинен 7-апрель эң кандуу окуя болуп калды.

Карапайым калк менен күч органдарынын ортосундагы кагылышуунун кесепетинен 86 киши каза болуп, алган жаратынан улам кийин дагы бир тобу көз жумду. Жүздөгөн адамдар жарадар болду.

Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай ошол кездеги президент Бакиевдин башкаруусун 1937-1938-жылдардагы сталиндик репрессия менен салыштырды.

Анын пикиринде, Бакиев криминал менен коюн-колтук алышып, анын бийлигине сын айтып, баш көтөргөн адамдардын көзүн тазалап жок кылды.

Маселен, ошол жылдары саясатчы Медет Садыркулов, Сергей Слепченко, Кубат Сулайманов, каскадер Үсөн Кудайбергенов, депутаттар Баяман Эркинбаев, Санжар Кыдыралиев, Руслан Шаботоев, Жыргалбек Сурабалдиев, Тынычбек Акматбаев, журналист Геннадий Павлюк, спортчу Раатбек Санатбаев, кылмыш чөйрөсүнүн төбөлү Рысбек Акматбаев киши колдуу болушту. Алар Курманбек Бакиевдин жакындарынын буюртмасы менен өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалыматтар тарады.

“Дагы бир философия менен караганда 7-апрель советтер союзунан калган системага каршы күрөш болду. 1937-1938-жылдары орус империясын өзүм билемдик менен башкарган Сталин Советтер союзунун курамына кирген мамлекеттердин каймактарын кырып таштаган. Ошол сыяктуу эле бийликти бир колго топтогон Бакиев жана анын жакындары мамлекеттик жогорку даражадагы кишилерди өлтүрүүгө буйрук берип турган”,- деди Сейтек Качкынбай.

Президенттик башкарууга кайтуу

2005-жылы орус драма театрынын жанында атып өлтүрүлгөн Жыргалбек Сурабалдиевдин кызы Эльвира Сурабалдиева 7-апрель окуясы алардын үй-бүлөсү үчүн күтүүсүз болду дейт.

Бакиев режиминин кулашы менен өлкөнү башкаруу системасы жаңы нукка багыт алып, чыныгы демократия орнойт деген үмүт жанданган.

“Эгер 7-апрель өз мүдөөсүнө жетсе, 2021-жылдагы октябрь окуясы болмок эмес. Бирок салыштырып карай турган болсок өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы эл каалагандай деңгээлге көтөрүлбөсө дагы коопсуздук жагынан алып караганда өзгөрүүлөр болду”,- деди ал.

Серепчилердин баамында, Апрель окуясынын натыйжасында башкы жетишкендик мамлекеттин өнүгүүгө карай демократиялык жолду тандап алгандыгы болгон. Бирок ошол жол өлкө үчүн канчалык ийгиликтүү болду?

Саясат талдоочу Эмил Жураев, тилекке каршы, 2010-жылы мамлекет тандап алган саясий багыт толук кандуу жемишин бере алган жок дейт.

Анын бир канча себептерин отоого болот. Алардын бири “саясий элитанын” көз караштарынын кагылышуусу, өз көмөчүнө күл тарткан саясат.

“Анын кесепетинен элдин бул системага болгон ишеними, күтүүлөрү төмөндөп, кайрадан борборлошкон президенттик институтка кайтып келдик. Учурда мурдагыдан дагы аша чапкан, парламентти алсыратып президентке толук ыйгарым укукту берген мыйзамдар менен жашап жатабыз”,- деди ал.

2021-жылдын 6-9-октябрында орун алган саясий окуялардан соң Кыргызстан жаңы Конституциясын кабыл алып, өлкөдө президенттик башкаруу орногон.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны жана ыйгарым укуктары кыскартылып, президенттин мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилген. Октябрь окуясынан кийин мамлекеттин башына келген президент Садыр Жапаров жоопкерчилик бир кишиге жүктөлгөндө гана өлкөдө тартип орноп, оңолуу жолуна түшө тургандыгын айткан.

Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга келүүсү мүмкүнбү?

Ал ортодо президент Садыр Жапаровдун өлкөнүн мурдагы президенттеринин баары менен бейтарап аймакта жолугуп келгени коомчулук үчүн күтүлбөгөндөй окуя болуп, көп түрлүү, карама-каршы пикирлерди жаратты.

Биринчилерден болуп үн каткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жолугушууга Садыр Жапаров чакырган үчүн барганын, күтүлбөгөндөй иш болгонун белгилеп, саясий ынтымакка келүү менен Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга кайтышы эки башка иш экенин билдирди.

“Биздин өлкөдө тынчтык жана биримдик менен Бакиевдердин Кыргызстанга кайтышы – эки башка маселе. Аларды бир кароо таптакыр башка натыйжа берет. Абдан көп кан төгүлдү, унутулбай турган көп окуя бар. Албетте, күнөөлүүлөр жооп бериши керек. Аларды эң биринчи курман болгондордун жакындары кечириши керек. Президент Садыр Жапаров мен айтканга кулак салып, туура чечим чыгарат деп ишенем”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Садыр Жапаров болсо “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде Курманбек Бакиевди өлкөгө алып келүү аракети жүрүүдө деген жөн гана айың кеп экенин билдирди.

“Көпчүлүк бул жолугушуу ушул максатты көздөгөнүн жазышууда. Эгер Бакиевди алып келе турган болсок, анда Дубайда эмес, Бишкекте эле чогултмакпыз да. Бакиевден башкасынын баары Бишкекке келе алат. Ага соттун чечими бар. Келсе камакта олтурушу керек. Соттун чечимдерине баш ийишибиз керек” ,- деген ал.

Кийинчерээк Курманбек Бакиев жалпысынан Садыр Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясатын колдой турганын айтып, бирок 7-апрелде кыйылган өмүрлөргө өзүнүн эч кандай күнөөсү жок экенин билдирди.