Россияда жынысын алмаштырууга мыйзам тыюу салды

Мамлекеттик Дума жума күнү жынысын алмаштырууга тыюу салган мыйзамды кабыл алды. Президент кол койгондон кийин Россияда жынысын өзгөрткөн операцияларга, тийиштүү гормоналдык терапияларга жана документте гендердик маркерди өзгөртүүгө болбойт.

“Медициналык кызматкерлерге адамдын жынысын өзгөртүү үчүн медициналык кийлигишүүгө, анын ичинде адамда башка жыныстын биринчи же экинчи жыныстык белгилерин түзүүгө тыюу салынат”,-деп айтылат мыйзамда.

Мыйзамда “жынысын алмаштыруу” деген сөз колдонулган, бирок ал чынында туура эмес. Сөз гендерлик маркерин алмаштырууга жана гендерлик-аффирмативдик медициналык кийлигишүүгө тыюу салуу жөнүндө болуп жатат.

Транс-адамдарга медициналык жардамга тыюу салуудан башка Мамдума дагы башка чектөө чараларын киргизди.

“Жарандык абалды каттоо органдары “жынысы өзгөргөндүгү жөнүндө” медициналык корутундунун негизинде адамдын документтерине өзгөртүү киргизе албайт.

Жубайлар бирөөсү же экөө тең “жынысын өзгөртсө” алардын никеси жокко чыгарылат.

Азыр мыйзам боюнча гендердик маркерди алмаштыруу жана керектүү операцияны жүргүзүү үчүн транс-адамдарга “трансексуализм” деген диагноз коюлган күбөлүк кат алуу жетиштүү. Анын негизинде туулгандыгы жөнүндө күбөлүктү, андан кийин паспортун да алмаштыра алат. Андан сырткары медициналык жардам дагы алса болот: гормоналдык терапияга жана операцияга жолдомо алышат.

"Бүт ушундай бузукулукту тыялы"

Андан мурда Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги бул мыйзам долбооруна каршы корутунду берген эле. Бир катар себептердин ичинде гендери расмий жынысына туура келбеген адамдарда өзүн өзү өлтүрүү учурлары көбөйүшү мүмкүн деп көрсөткөн.

“Паспорттогу маалыматтарды өздөрүнүн мээсиндеги чындыкка туура келтире алышпайт, шордуулар”,-деп депутат Петр Толстой айта кеткен эле.

Тармактык министрликтин башчысы Михаил Мурашко июндун ортосунда бул мыйзам талкууланып атканда транс-адамдарды гормоналдык же хирургиялык дарылоого талапты күчөтүүнү гана суранган.

Мамдуманын спикери Вячеслав Володин Саламаттык сактоо министрлиги “эч кандай оңдоолорду ойлобосун” деп жооп айтып, бул “адамдарга камкордук көрүү” деп баса белгилеген.

“Керек болсо бүт ушундай бузукулукту тыйып гана камкордук көрүш керек”,-деген Володин. (КС)