You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
“Twitter’деги адам укуктары”. БУУ Илон Маскка кайрылды
БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин башчысы Фолькер Түрк Твиттердин жаңы ээси Илон Маскка ачык кат жолдоп, платформаны башкарууда адам укуктары негизги орунда турушу керектигин белгиледи.
Маск Twitter’ди сатып алгандан кийин компаниянын ар кайсы департаментинен 3700гө чукул кызматкер (дээрлик 50 пайызы) кыскартылганы кабарланган - алардын ичинде адам укуктарынын сакталышы үчүн жооптуу командасы да болгон. Түрк бул “жакшылыкка алып келбейт” деп эсептейт.
Бириккен Улуттар Уюмунун ачык сыны адаттан тыш көрүнүш. Эреже катары, кайсы бир компанияга суроолор жаралган учурда БУУ ага түз, бирок коомчулукка ачыктабай кайрылат. Ал эми олуттуу маселе пайда болгон учурда уюм компания катталган өлкөнүн өкмөтүн тартат.
Маск анын тушунда соцтармактагы контентти жөнгө салуу улантылат деп убада кылганы менен, Twitter мурдагыдай кылдаттык менен кастыкты козуткан твиттерди бөгөттөбөйт деген кооптонуулар бар.
Фолькер Түрк жаңы жетекчиликти туура эмес маалыматты таратпоо керектигин эскертип, колдонуучулардын купуялыгын коргоо маанилүү экенин баса белгиледи. Маск буга чейин экс-президент Дональд Трамптын аккаунтун калыбына келтирүү ниетин билдирип, сөз эркиндиги боюнча “өзүнүн түшүнүгү” тууралуу бир нече жолу айткан.
"Twitter - биздин баарлашуу ыкмасын өзгөрткөн глобалдык революциянын бир бөлүгү, - деди БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары ачык катында. - Бирок мени жалпы коомдук санариптик мейкиндикте, айрыкча Twitter’дин андагы ролу тынчсыздандырат".
Түрктүн айтымында, Twitter, бардык компаниялар сыяктуу эле, анын платформасы алып келчү зыянды түшүнүшү керек жана анын алдын алуу үчүн бардыгын жасашы керек.
"Кыскасы, мен сизди Twitter’ди жетектегенде адам укуктарын негизги орунда коюуга чакырам", - деди Түрк Илон Маскка.
Жума күнкү жумуштан бошотуулар Twitter Inc’тин башаламан аптасын аяктады, бул социалдык тармактын келечеги тууралуу көптөгөн божомолдорду жаратты.
Маск өзү твит жарыялап, анда платформа ар кандай активисттер жарнамачыларга көрсөткөн кысымдан улам кирешенин кескин төмөндөп жатканын моюндады. Ошондой эле ал муну сөз эркиндигине кысым деп атаган.
Илон Маск октябрь айында Twitterди 44 миллиард долларга сатып алган. Анын айтымында, ал муну “адамзатка жардам берүү”, башкача айтканда, карама-каршы көз караштагы адамдар пикир алмаша турган калыс аянтчаны уюштуруу максатында жасаган.
Атактуу Forbes басылмасынын рейтингине ылайык, 2022-жылдын апрель айына карата Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адам болгон. Анын байлыгы 209 млрд долларды түзөт.
Акылуу “көк белги”
Маск жарыялаган алгачкы өзгөрүүлөрдүн бири - бул акаунттун аныктыгын көрсөтүүчү “көк белги” үчүн төлөмдү киргизүү болду.
Twitter’деги мындай “көк белгилер” атактуу адамдардын (саясатчы, спортчу, бизнесмен, блогер, журналист ж.б.), ошондой эле анча белгилүү эмес, бирок көп катталуучулары бар профилдерде бар.
Башында верификация акысы ай сайын 20 долларды түзөрү айтылып, бул колдонуучулардын нааразылыгын жараткан. Учурда сегиз доллар тууралуу сөз болуп жатат.
Илон Маск катардагы жана “көк белгилер” менен болгон аккаунттарды “лорддор жана дыйкандар” системасы менен бөлүштүрүү деп атаган.
Эми ар бир адам “көк белгилерди” сатып ала алат. Жаңы жетекчиликтин айтымында, бул социалдык тармакка боттор менен күрөшүүгө жардам берет.
Төлөөгө даяр болгон колдонуучулар үчүн жакында Twitter Blue мобилдик тиркемеси ачылат. Масктын айтымында, “көк белгинин” ээлерине азыраак жарнама сыяктуу бир катар артыкчылыктарды берилет. (ЕВ)