Жарык өчпөй жайга жетели... Тилек ишке ашабы?

Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Узаган жылдагы башкы темалардын бири энергетиканын тартыштыгы болду. Президенттик кызматка киришип жатып ант берүү аземиндеги сөзүндө президент Садыр Жапаров тармак оор абалда калганын, кеминде 130 млрд сомдук карызга батканын айткан эле.

Бир жагынан жабдууларынын далайы эскилиги жетип, жоготуулар күчөп, ал аз келгенсип коррупция дагы тушап алган тармакка жаңы тариф киргизүү абалдан чыгуунун бир жолу катары айтылган эле. Айрым адистер электр тармагы экономикалык же социалдык эле маселе болбой болушунча саясатташып, кайсы бийлик болбосун бааны жогорулатуудан тайсалдап келгенин айтышат. Ошентип жүрүп олтуруп азыркы тариф инфляцияны да кууп жете албай калганын айткандар болду. Кээ бирлери бул маселени элге ийне-жибине чейин түшүндүрүп, бааны акырындап көтөрүп жүрүп олтурганда баага жылына саналуу тыйындын кошулганы элге да жеңил түшүп, ыңгайлуу дагы болмок дешет. Бирок, ага батына албаган өкмөт, бийлик, саясатчылар соңку бир нече жыл бою шайлоо сайын арзан электр энергиясын убада кыла берди. Шамалдан электр энергиясын өндүрөбүз деген ишкер Кундус Кырбашева эми ошонун кесепети тийип жатат деп эсептейт.

“Бизде электр энергиясынын тарифин аныктоо экономикалык эмес, “саясий тариф” болуп калган. Аны элге чыгып түшүндүрүүдөн баары тайсалдап келишти. Соңку ирет 70 тыйындан 75 тыйынга жогорулады эле. Андан бери канча убакыт өттү? Ошондо мен айттым эле инфляцияны эске алуу менен жылына 5-7 пайыздан кылып тарифти жогорулатып жүрүп олтурсак туура болот деп. Нандан баштап негизи эле баары кымбаттап жатпайбы. Светтин баасы болсо баягы бойдон эле турат. Эгер ошол бойдон кете берсе тармак жарга такалат, жабдуулардын баардыгы эскилиги жетип, жешилип деле бүтөт да. Ошондуктан ошондой абалга жеткирбей алдын алуу керек. Ал үчүн керек болсо айылдарга чейин кыдырып барып элге түшүндүрбөсө болбойт. Бир күнү анан такыр эле жарыгы жок олтуруп калган жакшыбы же акырындап эл дагы кыйналбагандай, чөнтөгүнө күч келбегендей кылып инфляцияны эске алып, бааны жогорулатып турган жакшыбы? Электр энергиясы десе үйдөгү жарыкты гана элестетпешибиз керек да. Светсиз тык эле токтойбуз. Өндүрүш токтоп калат, артка кетет. Канча ишкер жабыркайт. Эң эле жөнөкөй бир нече саат муздаткычы өчсө иши токтоп кала турган далай өндүрүш бар да”,- дейт шамалдан электр энергиясын алабыз деген ишкер Кундус Кырбашева.

Тонналап бензин алгандар азыр өзгөрдүбү?

Баа саясатына келгенде түшүндүрүү иштери үстүртөн гана жүргөндүктөн бааны жогорулатуу тууралуу сөз болгондо эле эл арасында талаш, талкуу аябай күчөйт. Бир тобу кымбатчылык каптаганын, кирешеси аз экенин айтса дагы бир тобу энергетика тармагы түп тамырынан реформага муктаж экенин, адегенде энергетиканын ичиндеги коррупцияны тыймайын тарифти өзгөртүүнү коомчулук колдобойт дешет. Энергетика тармагын иликтеп, изилдеп келген журналист Тынчтыкбек Алтымышев буларды айтты.

“Энергетика тармагына реформа, оптимизация жасап, эл төлөп аткан акчанын акыркы бир тыйынына чейин коромжусуз пайдаланып, кадр тандоодо иш билгилерди алып, ашка жүк башка жүк болгон директорлор кеңеши дегендин баарын тазалабай туруп эле бааны жогорулаткан болбойт. Ошонун баарын жипке тизгендей иретке келтирип. Мынакей эл-журт, биз болгонун кылдык, колдон келген аракеттин баарын жумшадык. Ошондо дагы баары келип эле тарифке такалып калды десе анда эл дагы түшүнөт. Антпей туруп эле бааны жогорулатуу болбойт. Эл чыныгы арккетти, өзгөрүүнү өз көзү менен көрсө түшүнмөк турсун колдойт. Биринчилерден болуп өзүм кошо колдоп чыкмакмын. Андай болбой жатпайбы”,- дейт журналист Тынчтыкбек Алтымышев.

Ал кезинде энергетикадагы коррупцияны аябай иликтеп, бухгалтердик эсептеринен бери казып чыкканын, фактыларды, айныксыз далилдерди тапканын жүйө келтирүүдө.

“2014-жылдары гезитте иштеп турган кезимде ушул тармактагылар аябай талашып тартышып калды. Ал жагын дагы, бул жагын дагы көрүп мен ошол талаш тартыштын ичинде болдум. “Түндүк электр” жеке менчик бөлүштүрчү компаниялар тууралуу укмуштуудай уу-дуу кептерди айтып келчү. Анан иликтей баштадым. Иш жүзүнө келгенде баары тескери чыкты. Болгону 2% электр энергиясын жеке менчик таратат экен. Алар канча зым карагайы, канча зымы, буроосуна чейин так эсебин билет. Бир тыйын карызы жок. Кийинки айда жага турган электр энергиясына деп алдын ала акча төлөп анан гана электр энергиясын алат. Калганы аларга тиешеси дагы жок. А менчик эместер эмне кылып жатат? Эмнеси бар, эмнеси жок дайынын билбейт экен. Миллиондоп карызга батып, анысын кайра жойдук деп кечип салып эле башаламан. “Түндүк электрдин” директорлор кеңешине мүчө болгондор ошол кезде эле 90 000 сомго чейин айлык коюп өздөрүнө, анысы аз келгенсип анда-санда болсо дагы бир жөн ай сайын 45-50 000 сомго чейин өздөрүнө премия коюп алышыптыр. Директорлор кеңешинин бир мүчөсүнүн кылыгын дагы айтып берейин. Ал айына 1 500 литр бензин жаздырып алат экен. Эмне ал киши К-700 трактор же танк айдайбы? Шаардан чыкпай туруп эле ушунча майды жаздырып алат деген эмне? Ушунун баарын бухгалтердик кагаздары менен таап чыккам”,- дейт Тынчтыкбек Алтымышев.

Ал өзүнүн айткандарынын бир тобун энергетиктер өздөрү дагы жашыруун айтып бергенин кошумчалады.

Жеке ишкердин планы боюнча 2022-жылы Кыргызстан шамалдан электр энергиясын ала баштайт...

Оор жагдайдан улам учурдагы бийлик чакан ГЭСтерди курууга өзгөчө көңүл бурууда. Кыргызстанда суудан электр энергиясын өндүрүү баасы жагынан эң арзан жол экенин айткандар арбын. Президент Садыр Жапаров дагы Глазгодо өткөн климат боюнча саммитке катышып, гидро энергетикага өзгөчө көңүл бурулаарын сөз кылган.

Суу деген менен барган сайын кургакчылык күчөп, жаан чачын, кардын аздыгынан агын суулар тартылууда. Мындан улам бир эле суунун көзүн карабастан шамалдан, күндөн электр энегриясын алуу чакырыктары дагы көбөйдү. 2022-жылы шамал энергиясын пайдаланууга киришебиз деген ишкер Кундус Кырбашева технология күн санап өнүгүп жактанын, шамал же күн энергиясы кымбат деген эски көз караш экенин айтууда.

“Муктаждыктын бир бөлүгүн шамал жана күн энергиясы камсыз кылгыдай жолго барбаса баарын сууга байлап коюу туура болбой калат. Мурун шамал же күн энергиясы деген кымбат эле. Азыр мүнөт сайын жаңыланууда. Жаңы технология аябай өстү. Мисалы мурун он жабдуу өндүргөн кубаттуулукту азыр бир жабдуу өндүрүп калды. Мен шамал технологиясын айтып жатам. Ушунун баарын эске алып, инвесторлорду дагы арбын тартабыз десек энергиянын кайра жаралуу булактарына көңүл буралы. Эсепетей келгенде азыр суу, шамал же күндөн энергия алуунун чыгымы бирдей эле болуп калган. Жаңы технололгияна орнотуп, ишке берүү ГЭС курууга салыштырмалуу жеңил жана бат. Биз суудан энергия албайлы дебейбиз. Биз болгону жаңы технологияга дагы көңүл бурулсун, сууну эле карап калбайлы деп жатабыз”,- дейт Кундус Кырбашева.

Рахатбек Рысалиев: Бишкекти түтөтпөй ЖЭБди толугу менен жаап, чакан ГЭСке өтсө болот...

Чакан ГЭСтерди куруп жаткан ишкер Рахатбек Рысалиев болсо 2-3 кемчиликти жоюп, чакан ГЭСтер менен көп маселени чечсе болот деп жатат. Ал керек болсо Бишкектеги ЖЭБди жаап, шаарды чакан ГЭСтер эле камсыздай турган мүмкүндүк бар экенин айтууда. Эгер бийлик ошондой чоң кадамга бара турган болсо экологиядан баштап далай көйгөй чечилип, өтө ири инвестиция келмек деп эсептейт.

Энергетикалык кризис демекчи, баса белгилеп кетчү жагдай бир эле Кыргызстанда эмес, дүйнөдө мунай баштап газдын, электрдин тартышытыгы жүрүп жатат. Алдыңкы өлкөлөр энергиянын кайра жаралуу булагына өзгөчө көңүл буруп жаткан мезгил. Электр энергиясынын тартыштыгы жылуучулукта көп билинбегени менен суук түшкөндөн тарта маслелердин башкы сабына чыга келди. Буга бир жагынан колдо турган көмүрдүн убагында казылып, убагында ташылбаганы дагы негизги факторлордон болуп калды. Шаар тургундарынын бир тобу электр бар болгон күндө дагы талаптагыдай кубатуу болбой, начар, 220 вольтко жетпей жатат деп нааразы. Мындан улам президент өзү баш болуп жыйында энергетикалык кризисти бир канча ирет сөз кылып, энергетика минстрине тариф, күз, кыш сезонунан кыйналбай чыгуу, тармактагы реформа тууралуу бир топ тапшырма берип, сөгүш жарыялаган учуру дагы болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров болсо Токтогул суу сактагычындагы суунун жаздагы көлөмү тууралуу сөз кылып, министрге катуу талап коюлганын ноябрдагы жыйында айткан. Анын сөзүнө караганда, апрелде Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү 8 млрд куб метрден төмөн түшүп кетсе министрге жана анын командасына карата башка чечим кабыл алынат.

Мелт-калт толгондо 17 млрд кубдан ашат делген Токтогул суу сактагычында учурда 10 млрд куб метрге жакын суу бар. Ал 6 млрд кубдан төмөндөп кетсе техникалык жактан агрегаттар үчүн кооптуу деп саналат. Өткөн жайда нөшөрлөп жаан жаап, суулар киргенине карабай эмнеге башкы суу сактагычта суу аз деген суроолор дагы чыга калып жүрөт. Саясатчы Өмүрбек Текебаев суу өзүбүздө тартыш экенидигин жакшылап түшүндүрүп, башка өлкөлөргө суу берүүнү кыйла чектеш керек эле деп келет. Кечээ жакында эле Казакстандык айрым бир жетекчилер быйыл сүйөшүүлөрдүн аркасы менен Кыргызстандан сууну жылдагыдан көбүрөөк өлчөмдө алдык дегени кызуу талкууларга жем таштап койду. Энергетика министри бул боюнча өз жүйөсүн айтканы менен ага ынанбагандар дагы бар. Айтмакчы, орто жерден Тажикстандан электр энергиясын ала баштадык деп министр Доскул Бекмурзаевдин айтканы кызуу сөз болуп, көп өтпөй аны коңшу өлкө четке какты. Мындан улам ошол эле министр кийинки билдирүүсүндө электрди кайдан алсак дагы элди камсыз кылабыз, элге анын кандай айырмасы бар деген мазмундагы сөзү кайрадан талкууга түшкөн эле. Ошентип кыш эми күчүнө киргенде жазга жарыгыбыз өчпөй жетсек экен дегендер арбын.

Кыргызстан 2020-жылы 15 млрд кв саат электр энергиясын пайдаланган. Калктын өсүшү менен энергияга суроо талап күн санап көбөйүүдө.