Чүйдө аялын атып өлтүрүүгө шектелген адам кармалды

Чүй облусунун Москва районунда 63 жаштагы киши аялын атып өлтүрдү деген шек менен кармалды.

Облустун ички иштер башкы башкармалыгы кабарлагандай, милицияга маалымат 1-ноябрда түшкөн. Окуя Бала-Айылчы айылында болгон.

Ал жерге тергөө ыкчам тобу барган учурда Э.С. аттуу адам мас абалында үй-бүлөлүк чырдан улам өзүнүн 46 жаштагы жубайын мылтык менен атып салганы, аял алган жаратынан ошол жерде каза болгону аныкталган.

"Бул факты боюнча Москва РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду", – деп айтылат милициянын маалыматында.

Шектүү Москва райондук милиция бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылууда.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, быйылкы жылдын сегиз айында 21 аял киши колдуу болгон. Былтыр жалпысынан 35 аял өлтүрүлгөн.

Быйыл Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну, беш баланын энеси, 38 жаштагы Айзирек Эралиева Өзгөн районунун Алга айылына 20 жылдык кечеге барып келгенден кийин 26-майда күйөөсүнүн колунан ажал тапкан.

Айзиректин күйөөсү, 40 жаштагы Белекбай Абдирасуловго карата "Адам өлтүрүү", "Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Өзгөн райондук соту аны 18 жылга эркинен ажыраткан.

WPS (Аялдар, тынчтык жана коопсуздук индекси) деп аталган көрсөткүчкө ылайык, Кыргызстан 2021 жана 2023-жылдары эки ирет катары менен Борбор Азияда аялдар үчүн кооптуу өлкө катары таанылган. Кийинки индекс быйыл, 2025-жылы жарыяланат.