You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Камалган журналисттер: эл аралык уюмдар менен элчиликтердин катар-катар кайрылуулары
Кыргызстанда "Айт Айт Десе" жана "Темиров Live" медиа уюмдарынын учурдагы жана мурдагы кызматкерлеринин эки айга камалышы, редакциялардын тинтүүгө алынышы эл аралык коомчулуктун назарын бурган чуулуу темага айланды. Ошондон улам түрдүү эл аралык уюмдар, элчиликтер, журналисттер биринен сала бири кыргыз бийлигине сөз эркиндиги, журналисттердин коопсуздугу жана демократиялык баалуулуктар боюнча кайрылууларын жолдоп жатышат.
17-январда Жогорку Кеңеште дагы бул боюнча сөз болду. Депутат Дастан Бекешев эки айга камалгандардын окуясына жөн гана карап коюу туура эместигин, тескерисинче журналисттер айткан кемчиликтерди оңдоп, аларды керек болсо көйгөйлөрдү ачыктаган көмөкчүлөр катары кароо керектигин айтты. Ал бул ишке президент өзү дагы көңүл буруу керектигин кошумчалады.
Депутаттын сөзүн улай төрага Нурланбек Шакиев жооп кайтарды. Ал Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, депутаттын ушул ойду айтып жатканын өзү да сөз эркиндигинен кабар берерин баса белгиледи. Ошондой эле өзү жөнүндө ар кандай маалымат жарыялагандар боюнча бир дагы жолу сотко кайрылбаганын жүйөө келтирди. Парламент төрагасы ким бирөөлөр чыгып айтып койсо эле комиссия түзүү керек эместигин, маалыматтык коопсуздук биринчи орунда турушу керектигин кошумчалады.
Эл аралык коомчулук эмне дейт?
Анткен менен эл аралык коомчулуктун бул ишке реакциясы дембе-дем жарыяланууда. Саналуу саат мурун эле Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү, Австрия, Бельгия, Финляндия, Франция, Германия, Латвия, Литва, Голландия, Португалия, Испания жана Швециянын элчиликтеринин биргелешкен билдирүүсү чыкты.
Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн, 11 элчиликтин биргелешкен билдирүүсүндө Кыргызстанда көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жапырт тинтүүлөргө жана менчиктерин конфискациялоого, ошондой эле журналисттерди камакка алууга байланыштуу тынчсыздануусу жазылган.
Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана аты аталган мамлекеттердин элчиликтери кыргыз бийлигин адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерин сактоого, журналисттердин укуктарын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин коргоого, ошондой эле адвокаттардын катышуусу менен тергөө иштерин мыйзам чегинде жүргүзүүгө чакырды.
Британ элчилигинин жана АКШнын билдирүүсү
Бул кайрылууга чейин Британ элчилигинин кайрылуусу чыккан эле.
Аталган элчилик кыргыз бийлигин журналисттердин эркин жана коопсуз иштешин камсыз кылууга чакырды.
"Кыргыз Республикасы ар дайым өзүнүн көз карандысыз ЖМКлары менен жана сөз эркиндиги менен сыймыктанып келген. Анткени көз карандысыз ЖМКлар болушу бардык демократиялык коомдор үчүн маанилүү", – деп жазылат маалыматта.
Бардык өлкөлөрдө журналисттер элге бейтарап маалымат берип, коомдогу ачыктыкты камсыз кылууда маанилүү роль ойной тургандыгы белгиленген.
Кыргызстандын бийлигине кайрылып, журналисттердин эркин иштөөсү үчүн шарт түзүүгө чакырган АКШнын билдирүүсү Мамлекеттик департаменттин сайтына жарыяланды.
БУУнун көңүлүн бурган чуу
Буга чейин БУУ баш болгон бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстанда журналисттерди массалык кармоону айыптап, аларга каршы кылмыш иштерин токтотууга чакырган.
Кыргыз бийлигине кайрылган уюмдардын арасында "Жарандык укуктарды коргоочулар”, Human Rights Watch, Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк, Норвегиялык Хельсинки комитети, "Кырсыктагы адам", Адам укуктарынын Хельсинки комитети, Адам укуктарынын эл аралык федерациясы жана Кыйноолорго каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк уюму жана башкалар бар.
Ошентип Кыргызстандагы журналисттердин тобун жана редакция кызматкерлерин камакка алуу иши улам бир кайрылууга негиз болуп калды.
Интернеттеги эки башка жүйөө, талаштуу талкуу
Эл аралык уюмдар, элчиликтер жана чет элдик айрым журналисттерден сырткары кээ бир укук коргоочулар, активисттер жана интернет колдонуучулар бул боюнча түрдүү сын айтып жаткан чак. Алар таң эрте үйлөрүнө чейин кирип барып, сааттап кармап, каш карайганча бөгөт чараларын аныктабай эле кабарлап, чакырып, чын-бышыгына жетсе болот беле деген суроону коюп жатышат.
Интернет колдонуучулардын дагы бир тобу такыр башка жүйөөлөрдү жазып жатат. Алар "чет жактан түрдүү гранттарды алып, жалаң гана негатив жазгандарды, жакшырган бир да ишти жазгысы келбегендерди, бүлүк сала тургандарды аёосуз жазалап, мыйзамсыз иштердин алдын алуу керек" дегендей мазмунда жазып, талкуу ого бетер кызыды.
Акыйкатчынын жүйөөсү
Кармоолордун соңу эмне болот деп жаткан чакта Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева да билдирүү таратып, укук коргоо, сот жана прокуратура органдарын журналисттердин укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоого чакырды.
Акыйкатчы институту 16-январда жарыялаган билдирүүсүндө айрым басылмаларда болгон тинтүү жана журналисттердин суракка алынгандыгына токтолгон. Омбудсмен укук коргоо органдарына кайрылып, Конституцияга ылайык сөз эркиндиги боюнча жарандардын укуктарын камсыз кылуунун маанилүүлүгүн эскертти.
Жаманбаева жарандардын өз пикирин эркин билдирүүсү жана басма сөз эркиндиги Конституциянын 10 жана 32-беренелери, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 19-беренеси, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт 19-беренеси, "Журналисттин кесиптик ишмердигин коргоо жөнүндө" КР мыйзамынын 4 жана 8-беренеси менен кепилдендирилгенин эске салды.
15-январда 24.kg агенттигинин кеңсеси Улуттук коопсуздук комитети тарабынан тинтүүгө алынып, жетекчилери сурак берип чыгышкан. Бул кабарды улай эле ИИМ 30-декабрда социалдык тармакта жүргөн мониторингде "Айт Айт Десе" жана "Темиров Live" медиа уюмдарынын баракчасында массалык тополоңго чакырган маалыматтар табылганын билдирген.
Маданият министринин орун басары Марат Тагаев сөз эркиндиги, журналист деген атка жамынып алгандар, журналистиканын кадырын кетирип жаткандар бар экенин "Азаттык" өткөргөн талкууда айтып, укук коргоо органдары баарын аныктай турганын билдирди.
Журналист Болот Темиров болсо бул окуяларды түздөн-түз журналисттик ишмердигине байланыштырып жатат.
Талаштуу талкуунун чордонунда турган маселеге мунаса табылабы, окуя мындан ары кандай уланат, катар-катар чыккан кайрылууларга кыргыз бийлигинин реакциясы кандай болот деген суроолор кабыргасынан турат.