You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Трамптын мурдагы сынчылары жана атаандаштары эми анын тегерегине топтолууда
Энтони Зуркер, Би-Би-Синин Түндүк Америкадагы кабарчысы
"Алгачкы жолу президент болуп келгенимде баары мени менен касташкан. Эми кайрадан шайланып келгенимде баары дос болгусу келип жатат". Мындай сөздү Трамп АКШга 100 миллиард доллар инвестиция салууга даяр турган жапониялык ишкана тууралуу маалымат берип жатканда билдирди.
Бул билдирүү Трамптын стилинде айтылган кадимки сөз сыяктуу сезилиши мүмкүн, бирок анын биринчи президенттик мөөнөтү кандайча башталып, аяктаганын көпчүлүк жакшы билет. Арадан көп убакыт өтүп Трамп кайрадан бийликке келди, анын айланасындагы азыркы окуялар кишини абдан таң калтырат.
Жаңы шайланып келген президентти мурда сындап жүргөндөр жана анын каршылаштарынын көбү акыркы апталарда Трампка элдешүү ишаратын жасашты.
Amazon компаниясынын башчысы Жефф Безос, Мета компаниясынын жетекчиси Марк Цукерберг жана OpenAI директору Сэм Алтман 20-январда боло турган Трамптын инаугурациясын майрамдоого миллиондоп жардам берүүгө убада кылды.
Google компаниясынын директору Сундар Пичай Трампка жолуга турганын айтты. Бир убакта Трамптын аккаунтун жаап салган Meta компаниясынын жетекчиси Цукерберг эми Трамп менен кол алышып, чай үстүндө сүйлөшүү өткөрдү.
Америкалык ири корпорациялардын жетекчилери Нью-Йорк биржасында сооданын ачылыш күнүндө чогулду, ага Трамп да катышып, коңгуроо кагуу жөрөлгөсүн баштап берди. Time журналы аны "жыл адамы" деп жарыялаганын салтанаттуу түрдө белгилешти.
"Биз чоң өзгөрүүлөрдүн босогосунда турабыз. Американын ийгиликтерине ортоктош болуп иштешүүнү чыдамсыздык менен күтөбүз", - деп билдирди Time журналынын ээси Марк Бениофф.
MSNBC таңкы шоусунун алып баруучулары Жо Скарборо менен Мика Бжезински өткөн айда Трамптын Флоридадагы резиденциясына барып, сүйлөшүп келди.
"Жаңы нерсени жасоого убакыт келди, бул Трамп жөнүндө сүйлөө гана эмес, Трамп менен сүйлөшүүдөн башталат", - деген эле Бжезински.
Ал эми өткөн ишембиде ABC News телекомпаниясы ишти сотко жеткирбей эле Трампка 15 миллион доллар төлөп берерин жарыялады. Аталган телекомпаниянын алып баруучусу Жорж Стефанопулос жалган жалаа жапты деген доо-арыз менен Трамп сотко кайрылган эле.
Америкада гезит-журналдарга жалган маалымат таратты деп даттанган доогер маалыматтын кара ниеттик же чындыкты бурмалап жарыяланганын далилдеши керек. Мурун Трамптын бир топ басылмаларга каршы доолору анын пайдасына чечилген эмес.
Азыр Трамп бийликке кайтып келе жатканда ABC жана Disney сыяктуу компаниялар тактикаларын өзгөртүүнү туура көрүшкөндөй.
Анткени жаңы шайланган президент менен узакка созула турган сот процесси аларга түйшүктөн башка эч нерсе алып келбешин түшүнүшсө керек.
Ал арада Трамп дүйшөмбү күнү CBS, Des Moines Register жана Пулитцер премиясы фондуна каршы жаңы доо арыз менен кайрылаарын айтып коркутту.
Айтор Ак үйдөгү ички саясатта окшош тенденциялардын белгилери байкала баштады.
Коргоо министри кызматына сунушталган Fox News телеканалынын алып баруучусу Пит Хегсет сыяктуу Трамптын талаштуу талапкерлерине этият мамиле кылган республикачы сенаторлор эми бир позицияга келе баштагандай. Аларга Трамп өзү жана тарапташтары басым жасап, каршы чыккандарды олуттуу кесепеттер менен коркутуп жатышат.
Трамптын келечектеги администрациясы менен мамилени оңдоого айрым демократ саясатчылар астейдил аракет кылышууда. Маселен, Пенсильваниядан сенатор Жон Феттерман Хегсеттин талапкерлигине каршы добуш бербей, колдоп коюу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканын жашырган жок. Ал Трамптын башка бир нече талапкерлерин дагы колдойм деген.
Америкалык саясатчы, көз карандысыз сенатор жана саламаттык сактоо боюнча Сенаттык комитеттин төрагасы Берни Сандерс Роберт Кеннедиге каршы добуш берерин же колдоорун азырынча чече электигин айтты.
Анти-вакциначы катары таанылган Кеннедини Трамп саламаттык сактоо министри кызматына талапкер катары сунуштаган.
Эки анжы болуп жаткан Сандерс Кеннединин эмдөөгө каршы билдирүүлөрүн туура эмес деп эсептейт, бирок АКШнын тамак-аш өнөр жайын сынга алууда алардын көз караштары бирдей.
Сегиз жыл мурун Трамп президент болуп шайланганда демократтар анын ар бир кадамына каршы турушкан.
Анын инаугурациясынан кийин миллиондогон адам көчөгө чыгып нааразылык билдирген. Трамптын саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо жана Мексика чек арасында дубал куруу пландары тоскоолдуктарга туш болгон.
2021-жылы Трамптын президенттик мөөнөтү Капитолий штурму жана саясий ажырым менен аяктаган. Ошол учурда American Express, Microsoft жана Nike сыяктуу ондогон ири компания Трамп жана анын тарапташтары менен байланыштарын үзүшкөн.
Атүгүл Трампты өзүнүн айрым партиялаштары да айыптап чыккан. Азыр болсо ал кездегидей каршылыктын белгилери байкала элек.
Маселен Кентукки штатынын республикачыл сенатору Митч Макконнелл Трамптын тышкы саясат боюнча "Биринчи Америка" ураанынын кесепеттери жөнүндө катуу эскерткен. 2021-жылы Макконнелл Сенаттагы республикачылардын көпчүлүгүнүн лидери катары да Трампты катуу сынга алган, бирок ага импичмент жарыялоого каршы чыккан.
Деген менен 82 жаштагы Макконнелл Сенаттагы фракциянын башчылыгынан кетти, эми ал 2026-жылы мөөнөтү аяктаганда, кайра шайлоого катышпайт болуш керек. Ал Трампка жана анын тарапташтарына коркунуч жарата турган күчкө ээ деле эмес.
Ал арадаоОндон ашык демократиялык конгрессмен 20-январда Трамптын инаугурациясына барбай турганын айтышты.
"Менимче, бул жерде майрамдаганга эч себеп жок. Эгер бул салттуу республикачыл болсо, биздин ортобузда келишпестиктер болмок, бирок мен ошого карабай баары бир бармакмын", - деди Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Жасмин Крокетт.
Бир ууч демократтын үйдө калышы Трамп жана анын тарапташтарынын майрамдык маанайын албетте буза албайт.
Бирок Трамп кызматка киришип, мыйзамсыз иммигранттарды массалык түрдө депортациялоо жана бажы алымдарын жогорулатуу боюнча пландарын ишке ашырууга аракет кыла баштаганда, каршылык күчөшү мүмкүн.
Демократтар саясий себептерден улам, ал эми бизнес өкүлдөрү Трамптын аракеттеринен жабыр тартканы үчүн каршы болушат.
Трамп биринчи президенттик мөөнөтүндө баштан өткөргөн саясий күрөштөр кайрадан тез эле кайтып келиши мүмкүн. (ErA/SA)