Электр энергиянын баасы, өчүрүүлөр, ГЭСтер жана "Росатом" тууралуу министрдин маеги
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Соңку жылдары кыргыз бийлиги атомдук электр станциясын куруу демилгесин көтөрүп келе жатат. Айрымдар аны келечектин долбоору деп кубаттап жатышса, радиациялык коркунуч, экологиялык таасирлери тууралуу айткандар дагы жок эмес. Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Би-Би-Сиге маек куруп, дал ушул станция маселеси, Камбар-Ата 1 ГЭСинин курулушу, чакан ГЭСтерде жүрүп жаткан иштер тууралуу кеңири айтып берди. Алгач ал электр жарыгынын маал-маалы менен өчүп жатканынын себептерине токтолду.
Таалайбек Ибраев: Электр энергиясын пайдалануу канчалык өсөт, канчалык колдонулат деп биз жылда пландаштырабыз. Маселен, 2024-жылы 17 млрд. 400 млн. киловатт-саат электр энергиясы коротулат деп пландалган. Мурдагы жылга салыштырмалуу 1 млрд. киловатт-саатка көбүрөөк мерчемделген. Анткени электр энергиясын колдонуу жылыга жети пайыздан он эки пайызга чейин өсүп жатат. Ошондой болсо дагы былтыр колдонуу 18 млрд. 200 млн. киловатт-саатка жетти.
Энергетикада электр энергиясын жөнгө салуу жана чектөө деген эки түшүнүк бар. Коом ушуну туура түшүнүүсү керек. Бизде мындай өчүүлөр былтыр дагы болгон. Быйыл дагы болуп жатат. Бирок бул атайлап электр энергиясын чектөө, пландуу өчүрүү дегенге жатпайт. Тиешелүү чекке жетип, күч келгенде көмөкчү чордондор автоматтык түрдө өчүп калып жатат. Маселен, эртең менен 7:00дөн 9:00гө чейин, кечкисин 18:00дөн 22:00гө чейин электр энергиясын максималдуу колдонуу учуру. Ошол убактарда көмөкчү чордонго күч келет. Ар бир көмөкчү чордондо автомат бар. Каалайбызбы, каалабайбызбы ал тиешелүү чекке жеткенден кийин өзүн өчүрүп салат. Аны атайын өчүрүү катары кабыл албаш керек. Антпесе көмөкчү чордон өрттөнүп кетет.
Электр жарыгы өчкөндө диспетчерлерге сигнал түшөт. Диспетчерлер күнү-түнү иш алып барган бригаданы жиберет. Алар барып аппаратты күйгүзсө, кайра эле өчүп калат да. Ошон үчүн аны башка фидерге которот дагы жарыкты күйгүзөт. Эми ошол бригада ал жакка жетип, анан ишти аткарганча бир-эки саат кетет. Эгер башка фидерге которбой жөн эле күйгүзүп койсок, көмөкчү чордон өрттөнөт. Алыс кетпей эле коңшу мамлекетти айтайын. Өткөн кышта Өзбекстандын 44 трансформатору өрттөнүп кеткен.
Анан аба чубалгылары бар. Элге түшүнүктүү болушу үчүн жалпак тил менен айтайын. Маселен, Porter унаасы 1,5 тонна жүк көтөрөт. Ага үч тонна жүк жүктөсөң тарта албайт, ордунан жылбайт. Биздин линия дагы ошондой. Ал 100 амперден ашык чыңалууну көтөрө албайт, эрип түшүп калат. Кыргызстан эгемендик алганына 33 жыл болсо, ошонун 30 жылында энергетика тармагы кыймылдаган эмес. Жылына ашып кетсе беш трансформатор салып, эки чакырым чубалгы тартып коюшкан. Соңку үч жылда экономика көтөрүлгөнүнө жараша электр энергиясын колдонуу дагы өсүп жатат.
Би-Би-Си: Пландуу өчүрүү болгон жок. Ашыкча чыңалууну көтөрө албаган көмөкчү чордондор өзү өчүп жатат деп айттыңыз. Мына ушундай жагдайдан чыгуунун кандай жолун карап жатасыздар?
Таалайбек Ибраев: Жогоруда айткандай жылдан-жылга электр энергиясын колдонуу өсүп жаткандыктан чыңалуу дагы жогорулап жатат. Өткөн жылы кыш мезгилинде көмөкчү чордондоруна күч келип, электр жарыгы үзгүлтүккө учураган аймактарга кошумча подстанциялар курулду. Ошондой эле курултайда көтөрүлгөн көйгөйлөрдү дагы чечүүгө аракет жасадык. Электр энергиясы жок аймактарды жарык менен камсыздадык. Маселен, 1916-жылы айыл макамы берилген Зардалыда электр энергиясы жок эле. Ал жерди жарык менен камсыздадык.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Быйыл эле эмдиги жылдын маселесин чечип салам деп айта албайм. Энергетика сектору өзү чыгарган электр энергияны сатып, ошону менен оокат кылат. Бизге бюджеттен каражат бөлүнбөйт. Өзүбүздү өзүбүз камсыздоо үчүн жоготууларды, авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу керек, электр энергиясын көбүрөөк чыгаруу керек. Бүгүнкү күндө электр энергиясына болгон тариф орто эсеп менен 2 сом 30 тыйын же 2 сом 50 тыйындан болуш керек болсо, биз аны 1 сом 10 тыйындан сатып жатабыз. Бул 2014-жылы кабыл алынган тариф. Ошол учурда доллардын курсу канча эле? Азыр канча болду?
Мындайча айтканда энергия секторунда көңүл буруп иштеген адам болгон эмес. Кылайын десе дагы аны кылдырган эмес. Эмнеге? Аны саясатка байланыштырып койгон. Бизде 1,5 миллион абонент бар. Маселени чечүү, баарын жаңылоо, алмаштыруу үчүн ошого мүмкүнчүлүк берген тариф болушу керек. Маселен, кийим тигүүчү цехти алалы. Цех бир көйнөккө кеткен чыгымды эсептеп, салыгын, кызматкердин маянасын чыгаргандан кийин көйнөктүн наркы 100 сом болду дейли. Бирок ал көйнөк 50 сомго сатылып кетип жатат. Энергетика дагы ушундай жагдайга туш болууда.
Би-Би-Си: Ошондо электр энергияга болгон тариф жогорулайбы?
Таалайбек Ибраев: Биз 2025-жылдан 2030-жылга чейин жаңы тарифтик план иштеп чыгып жатабыз. Ага ылайык, жылдан жылга тарифке бир аздан кошуп отуруп, электр энергиянын өз наркына чыгышыбыз керек. Бизде электр энергиянын 60 пайызын эл колдонот, калган пайызын завод-фабрикалар алат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си: Кыргызстанда электр энергиясынын жетишсиздигине майнинг компаниялар кандай таасир тийгизиши мүмкүн? Энергетикалык ресурстарды колдонууда кандай тариф менен иштеп жатышат?
Таалайбек Ибраев: Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, майнинг компанияларга электр энергиясын колдонууга уруксат берилет. Эң жогорку тариф майнинг компаниялар үчүн каралган. Алар 1 киловатт-саатка 5 сом 04 тыйындан төлөйт. Бизде кубаттуулугу 30 мегаватт болгон бир гана майнинг компания иштейт. Ал электр энергиясын Орусиядан "РусГидро" ишканасынан ташып келет. Транзит үчүн Казакстанга жана бизге дагы акча төлөйт. Бизден өндүрүлгөн электр энергия бир дагы майнинг компанияга берилбейт. Эгер кимдир бирөө мыйзамсыз иш алып барган майнинг компанияларды билсе, бизге айтсын. Алардын ишмердиги тиешелүү укук коргоо органдары тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынат. Алар иштей турган болсо лицензия алып, мыйзамдуу жол менен иштейт. Бизге оперативдүү маалыматтар түшүп турат. Кыргызстан боюнча ар бир көмөкчү чордондун кубаттуулугун, канча электр энергия алып жатканын онлайн режимде көрүп турам.
Би-Би-Си: Бирок чакан ГЭС иштеткен ишкерлер чыгарган электр энергиясын мамлекетке сата албай, майнинг компанияларга сатканын айтып чыккан учурлар болуп жатпайбы?
Таалайбек Ибраев: Учурда чакан ГЭСтер майнинг компанияга продукциясын сатканга кызыкдар эмес. Чакан ГЭСтер майнинг компанияга электр энергиясын сатканда пайда жок. Мамлекет алардан электр энергияны 4 сом 42 тыйындан сатып алып жатат. Майнинг компания андай суммага сатып албайт. Эгерде аларга пайдалуу болсо анда эмнеге Орусиядан электр энергиясын ташып келип жатат? Ал жактан арзан алып жатышат да. 2020-жылы чакан ГЭСтер продукциясын мамлекетке сатканда аз пайда тапчу. Азыр биз жогорулатылган тариф менен алып жатабыз. Азыркы учурда чакан ГЭСтердин баары продукцияларын бизге сатат. Учурда күнүнө 460 миң киловатт-саат электр энергияны чакан ГЭСтерден сатып алып жатабыз. Жайында 1,5 млн киловатт-саатка чейин көбөйөт. Биз алардан сатып алган электр энергияны кайра элге 1 сом 10 тыйындан сатып жатабыз.
Би-Би-Си: Соңку жылдары чакан ГЭСтерге басым жасап жатасыздар. Мындай ГЭСтен канчасы курулду? Канча көлөмдө электр энергиясын чыгарып жатышат?
Таалайбек Ибраев: 2024-жылы 48,84 мегаватт электр энергиясын чыгара алгандай чакан ГЭСтер курулду. Бул Ысык-Ата, Бала-Саруу, Кайнама, Көк-Арт, Исфайрам, Курак-Тектир, Арашан, Белес, Кыштут ГЭСтери. Андан тышкары Орто-Токой суу сактагычына, Папан суу сактагычына мамлекеттин каражатына чакан ГЭСтер курулуп жатат. Тар суу сактагычында Дүйнөлүк банктын каржылоосунун алкагында курулуп баштады. Кийинки жылга курууну пландап жаткан чакан ГЭСтер дагы көп, дагы 70 мегаваттын тегерегинде кубаттуулук алабыз деген пландар бар. Ошол 48,84 мегаватт электр энергиянын 25 мегаватты мамлекеттики. Калганы жеке менчик. Бардык чакан ГЭСтер мамлекеттин көзөмөлүндө. Онлайн режимде канча киловатт-саат электр энергия чыгарып жатканын тескеп турабыз. Мындайча айтканда, алар товарды өндүрүп, биздин линияга жиберет. Системага канча электр энергия жеке жактардан келип жатат. Сатып алып жаткандан кийин сөзсүз билишибиз керек да. Ошого жараша Токтогул ГЭСинен канча электр энергия чыгарышыбыз керек же коңшулардан сатып алышыбыз керек, пландоо жүрөт.

Сүрөттүн булагы, Official
Би-Би-Си: Эми ири ГЭСтер тууралуу сөз кылсак. Камбар-Ата 1 ГЭСинин курулушу кайсы этапка келди жана ал Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугуна кандай таасир берет?
Таалайбек Ибраев: Камбар-Ата 1 ГЭСин кылымдын долбоору десек болот. Бул Борбор Азияда курулуп жаткан эң чоң ГЭСтердин бири. Камбар-Ата 1 ГЭСи Кыргызстанды гана эмес, коңшу мамлекеттерди дагы энергетикалык дефициттен алып чыгып кетет. Кубаттуулугу 1860 мегаватт. Борбор Азияда мындай чоң ГЭС курулуп бүтө элек. Учурда Тажикстанда 3600 мегаватт болгон Рогун ГЭСи курулуп жатат. Андан кийин эле Камбар-Ата 1 ГЭСи. 5 млрд. 500 млн. киловатт-саат электр энергия чыгарат. Бизде учурда 3,5-4 млрд. дефицит болуп жатса, Камбар-Ата 1 ГЭСи курулуп бүтсө 5 млрд. 500 млн. киловатт-саат электр энергиясын берет. Каржылоосу Дүйнөлүк банк аркылуу болуп жатат. Бул долбоор 2014-жылы экономикалык-техникалык негиздемеси түзүлүп баштаганда эле токтоп калган. Андан бери он жыл өттү. Былтыртан баштап гана ишке ашыра баштадык. Мамлекеттик бюджеттен даярдоо иштерине 4 млрд. сомдун тегерегинде акча бөлүндү. Ал жерде тоону тешип, ГЭС куруучу жерге жүк жеткирүү үчүн туннель курулду. Курулушу аяктап, иштеп жатат. Андан тышкары 15 чакырымдай жол салынып жатат. Май айына чейин аяктайт. Электр энергиясын алып баруу үчүн подстанция курулуп жатат. Ал дагы апрель-май айларында аяктап калат.
Андан тышкары Нарын дарыясына көпүрө жана иштеген кызматкерлер үчүн 100 орундуу жашоочу жай курулуп жатат. Ошондой эле 2014-жылкы экономикалык-техникалык негиздеме жаңыланууда. Дүйнөлүк банк жарымын гранттык негизде, жарымын насыя кылып 5 млн. доллар берген, ошонун алкагында иш жүрүп жатат. Андан тышкары 13 млрд. 600 миң доллар эксперттер үчүн бөлүндү. ГЭС 6,5 жылдын ичинде курулуп бүтөт. Эксперттер ушул убакыт аралыгында иш алып барат. Бизге төрт плотина сунушталган, бийиктиги 256 метр болгон бетондук плотинаны тандап алдык. Эми Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин ортосунда өкмөттөр аркылуу макулдашуу түзүлөт. Ал ар бир мамлекеттин парламентинде ратификация болот. Ошондон кийин үч мамлекет 3,5 млрд. доллардын тегерегиндеги каражатты бөлүп төлөйбүз. Учурда Дүйнөлүк банктан биз 500 млн. доллар, кошуналар дагы ушундай сумма сурашты. Буйруса, 27-январда Ташкентте Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда сөз болот. Иш 2025-жылы башталат деген пландар бар. Калган каражатты донорлордон алып жатабыз. Былтыр Венада Камбар-Атага байланыштуу чоң форум өткөргөнбүз. Ошол жерде 13 мамлекеттен келген донорлор катышкан. Мына ошол жерге келген банктардын көбү донор болгонго макулдугун берди.
Кыскасы, финансылык чыгымдарды жана курулуштун сапатынын кепилдигин Дүйнөлүк банк алып жатат. Ошондой эле биз бир эле Камбар-Атаны карап отурган жокпуз. Башка дагы ири ГЭСтерди куруу иштери активдешип жатат. Буйруса, 2027-жылы энергетикалык таңкыстыктан чыгабыз деп пландаштырып жатабыз. Андан ары электр энергиясын экспорттогон мамлекетке айланышыбыз керек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си: Көптөн бери Кыргызстанга атомдук электр станциясын куруу демилгеси көтөрүлүп жатат. Бул көпчүлүктү тынчсыздандырган маселеге айланды. Эгер станция курула турган болсо коопсуздук чараларын камсыздоо, өзгөчө табигый кырсыктар, радиациялык коркунуч, экологиялык таасири боюнча кандай алдын алуу чаралары көрүлөт?
Таалайбек Ибраев: Орусиянын "Росатом" ишканасы менен сүйлөшүүлөр болгон. Башкы директору менен мен өзүм жолуккам. Биринчи эле элдин үнүн угалы деген сунушту айткам. Эгер коомчулук каршы болсо, анда курулбайт. Бирок энергетик катары бул келечектеги генерациянын бир түрү деп айта алам. Чындыгында, атомдук электр станция дагы жашыл энергетикага кирет. 100 пайыз электр энергия берген бул атомдук станция, ал 24 саат, 360 күн тынымсыз иштейт.
Жылдан жылга климат өзгөрүп жатат. Бир жылы суу көп болсо, экинчи жылы тартыш болуп калууда. Маселен, кубаттуулугу 1200 мегаватт болгон Токтогул ГЭСи 2021-2022-жылдары андай кубаттуулук бере алган жок. Былтыр суу бир аз көп келди, учурда жетиштүү электр энергиясын алып жатабыз. ГЭСтер дагы суунун келишине жараша иштейт. Токтогул ГЭСинде суу азайган сайын генерация дагы азаят. Биздин келечек бары бир атомдук станцияда. Бул сөзсүз керек.
Атомдук электр станция десе эле элдин эсине Чернобыль түшөт. Эми ал убагында каралган эмес, эскилиги жеткен. Мына ушундай жагдайлары көп болгон. Коопсуздук жагын биз дагы караштырып жатабыз. Айтты-койду дебеңиз, бирок энергетиканын келечеги атомдук станцияда. Учурда Белорус, Орусия мамлекеттери колдонуп жатат. Казакстан референдум өткөрдү, Өзбекстан дагы кызыкдар болуп жатат. Кытай өзү аракет кылып кура баштады.
Альтернатива болушу керек. Учурда кошумча булак катары күндүн жана шамалдын энергиясын колдонуп жатабыз. Биз ушуга абдан чоң көңүл буруудабыз. 2025-жылы альтернативдик булактарды өнүктүрүүгө байланыштуу курулуш иштери башталат. Инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок бул дагы убактылуу нерсе. Бул экөө биригип, 24 пайыз гана электр кубаттуулугун камсыздайт. Шамал бир күнү бар, бир күнү жок дегендей. Ошон үчүн эң ишенимдүү булак атомдук электр станциясы. Андан кийин гидроэлектр станция. Ал эми күн же шамал энергиясы бул экөөндөй электр энергиясын бере албайт.
Өткөндө парламент депутаттары, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Ленинград атом станциясына барып, иши менен таанышып келди. Ага чейин каршы чыгып жаткан депутаттар көрүп келгенден кийин ойлору өзгөрдү. Отура берсек, мындан дагы кур калышыбыз мүмкүн. Коңшу өлкө бизге токтоосуз эле электр энергиясын бере бербейт да. Алардын деле калкы, колдонуусу өсүп жатат. Эртеңки күнү "кечирип кой, менин линиямдан сенин кубаттуулугуң өтпөй калды" десе эмне кылабыз? Кайра чектөөгө киребизби? Аны куруудан мурун коопсуздук, экология маселеси сөзсүз каралып чыгат.
Атайын эксперттер иш алып барат. Жогоруда айтып кеткендей, суу станциясын куруу үчүн эксперттерди жанагындай акчага жалдап жатабыз. Эртеңки күнү маселе болбосун деп. Алар изилдеп чыгып, корутундусун бергенден кийин социологдор дагы иш алып барат. Бул он жылда араң курулуп бүтө турган долбоор. Ошого биз эмитен киришүүбүз керек. Азыр баштап албасак, кеч болуп калат. Дагы он жыл артка кетебиз.












