Чакан ГЭС иштесе, чоң ГЭС кыйналбайт
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, official
Соңку жылдары Кыргызстан чакан ГЭСтерди биринен сала бирин куруп жатат. Адистердин айтымында, кургакчыл болгон мезгилде сууну топтоп, чакан ГЭСти пайдалануунун утушу көп. Бирок ал маселени толук чечип жиберет дегенге да болбойт.
Суу сактагыч толгон учурда 17 млрд. метр кубдан ашык суу чогулат. Быйыл 15-августта суунун көлөмү 12, 224.86 17 млрд. метр кубга жетти.
Мамлекет эки жарым жыл ичинде кордоп салган
Ишкер Рахатбек Ирсалиев Кыргызстанга бир нече чакан ГЭС курган. Ал эки чакан ГЭСи өндүргөн энергияны сатуу маселеси толук жөнгө салынбай жатканын, тажаганда майнинг компанияларга бергенин маалымдады.
Айтымында, соңку отуз жылда өлкөдө жаңы генерациялар ишке кирген эмес. Жылдан жылга электр энергиясын колдонуу өсүп жатат деген ишкер, чакан ГЭСтердин санын көбөйтүү учур талабы экенин айтат.
Баамында бул тармакка инвестиция тартуу азыркы бийликтин дагы көңүлүн бурган негизги маселелердин бири болуп жатат. Бирок тиешелүү мыйзамдарда, уруксат берүү кагазын алууда мүчүлүштүктөр дале жоюла элек:
“Негизинен чакан ГЭСтерди өнүктүрүүдө инвесторлорго шарт түзүлүшү керек. Башкысы мамлекет тариф коюп, электр энергиясын сатып алып турушу шарт. Мындан башка чоң талаптын деле кереги жок”,- деди ал.
Ишкер үч жыл мурун президентке 2018-жылы Ысы-Көлдүн Тоң районуна салынган “Коңур-Өлөң” жана “Көк-Сай” ГЭСтери боюнча чечилбей жаткан маселе боюнча кайрылганын тактап өттү.
“Булар кубаттуулугу жети мегаватт болгон ГЭСтер. Салынгандан кийин эки жарым жыл иштебей турду. 500 млн сомго жакын акча кеткен. Ал көйгөйлөр бүгүнкү күнү деле чечиле элек. Президент канча жолу энергетика министрлигине мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, ушул эки ГЭСтин көйгөйүн чечип бергиле деп тапшырма берди. Бирок маселе чечиле элек”,- деди ал.
Ошондой эле убагында майнинг компаниялары менен айласыздан иштешүүгө барганын кошумчалады.
“Жыргап кеткенимден продукцияны майнинг компанияларга саткан эмесмин. Мамлекет мени эки жарым жыл ичинде кордоп салган. Мен соттошуп, бардык инстанцияда утуп алгам. Ошондон кийин дагы мен өндүргөн электр энергиясын албай койгон”.
“Ар бир жеке ишкер өз кызыкчылыгын ойлойт”

Сүрөттүн булагы, official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстан толуу жана сууга бай өлкө катары ГЭС курууга өтө ыңгайлашкан. Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, учурда чакан ГЭСтерди курууга кызыктар болгон ишкерлердин саны арбыды жана алар бул ишти активдүү жүргүзүп жатат.
Жалпы республика боюнча 10 мамлекеттик жана жети жеке ишкерлер тарабынан курулган чакан ГЭСтер бар. 2023-жылы мамлекетке таандык кичи ГЭСтер 143 млн киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыккан. Мамлекет эмдиги жылы алардын санын кыркка жеткирүүнү пландоодо.
“ГЭС куруу оңой иш эмес. Анын тобокелдиктери абдан жогору. Дыкат-кылдат изилдөөдөн өткөн соң гана ишке старт берилет. Негизинен чакан ГЭСтин кубаттуулугуна маани берилет. Айрым ишкерлер өзүнүн гана компаниясына жеткидей кубаттуулукта кичи ГЭСтерди курган. Алар өзү үчүн гана иштейт. Биздин максат – электр энергиясын өндүрүп керектөөчүлөргө жеткирүү”,- деди энергетика министринин орун басары Нурлан Садыков.
Садыковдун айтымында, эгер Кыргызстандын ар бир районуна бирден чакан ГЭС курула турган болсо бул өлкө үчүн электр энергияны үнөмдөөгө абдан чоң мүмкүнчүлүк берет. Жергиликтүү керектөөчүлөрдүн электр энергиясына болгон муктаждыгын жеринде чечүүгө шарт түзүлөт.
“Маселен, биз электр энергияны Токтогул ГЭСнен өндүрүп чыгып, ар бир районго жеткирип беребиз. Жеткирүү учурунда техникалык жоготуулар болот. Ошол аймакты камсыздай турган чакан ГЭС болсо жакшы болгон жатпайбы. Жергиликтүү деңгээлде ар бир айылдын өзүнүн генерациясы болгону жакшы эмеспи. Мамлекет мындай энергетикалык долбоорлорду сөзсүз колдойт”.
Айтымында, учурда өндүргөн электр энергиясын майнинг компанияларына саткан ГЭСтер дагы жок эмес. Бирок андайлар саналуу гана.
“Жеке ишкер биринчи кезекте өз кызыкчылыгын ойлойт. Өзү иштеп тапкан каражатты кайтарып алышы керек болот. Өндүргөн продукцияны алар кимге сатат өз эрки. Бирок көпчүлүк чакан ГЭСтерден электр энергиясын мамлекет 4 сом 42 тыйындан милдеттүү төрдө сатып алып жатат. Көп эле ишкерлер менен сүйлөштүк алар майнинг багытта эмес мамлекетке сатууну көздөйт жана ГЭС курууга кызыкдар”,- деди Садыков.
Чакан ГЭС приоритет болбошу керек

Энергетика тармагы боюнча эксперт Эрнест Карыбековдун айтымында, Кыргызстанда базалык электр станциялары жетишсиз.
Өлкө канчалык жашыл энергетикага умтулганы менен азырынча көмүр станцияларын чанып кете албайт.
“Тилекке каршы туура эмес жолго түшүп алышты. Башкача айтканда арабаны аттын астына коюп кошту. Артыкчылыктар алмашып кетти. Өлкөгө кадимкидей эле салттуу көмүр станцияларын куруу керек. Ошондо гана биздин электр энергияга болгон таңсыктык жоюлат. Ошондо электр энергияны экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Чакан ГЭСтер дагы жаман эмес. Бирок ал энергетикалык көз карандысыздыкты жое албайт”,- деди ал.
Кыш мезгилинде электр энергиясына муктаждык күчөйт. Карыбаевдин айтымында, мындай учурда чакан ГЭСтердин кубаттуулугу жетпей калат.
“Кышында суунун агымы тартылат. Кичи ГЭСтердин кубаттуулугу төмөндөйт. Алардан сатып алган электр энергиясы дагы кымбат болуп жатпайбы. Мамлекет 4 сом 42 тыйындан сатып алып жатат. Аны ким төлөйт. Баягы эле эл төлөйт. Базалык электр станциялар кыйла арзан болуп жатпайбы”,- деди ал.
Эксперттин баамында, базалык электр станциялар аба ырайынын оош-кыйышына туруштук берип, кубаттуулукту бир калыпта кармап турат. Учурда Кыргызстанда эки гана базалык станция бар. Анын бири Токтогул ГЭСи болсо, экинчиси Бишкек жылуулук электр борбору. Эксперт дал ушундай көмүр станциясын Кара-Кечеге куруу керек деп эсептейт. Бул мамлекеттин коопсуздугун сактоо үчүн өтө маанилүү деп эсептейт.
“ЖЭБге отунду ташып келип жатабыз. Албетте, анын баасы кымбат болот. 1200 мегаваттык жогорку чыңалуудагы электр энергия чыгарган станцияны көмүр кенинин жанына кура турган болсок жакшы болгон жатпайбы. Нак баасы бир сом болот. Ошондо ички керектөөнү толук жаап, атүгүл электр энергияны сатканга мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Жогоруда мамлекет чакан ГЭСтен электр энергиясын канча сомдон сатып алып жатканын айтып кеттим. Электр энергия канчалык кымбаттаган сайы бары бир эл көмүргө ыктай берет”,- дейт Карыбеков.
Энергетика министрлиги кичи ГЭСти курудан мурун көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлүп, анын негизинде гана станциялар салына турганын билдирди. Анда суунун багыты, көлөмү дыкат эсептелип чыгат.
Учурда ар бир суу сактагычка бирден чакан ГЭС куруу пландалып жатыптыр. Учурда “Орто-Токой” жана “Бапан” суу сактагычтары боюнча чет өлкөлүк инвесторлор менен келишим түзүп, кичи ГЭСтерди куруу мерчемделүүдө деди министрликтин өкүлү.
Кыргызстандын аймагында курулган чакан ГЭСтер мамлекет тарабынан жөнгө салынат. Канча электр энергиясын иштеп чыкканы, кайсыл багытка иштеткени тууралуу маалымат алып турат.
Кыргызстанда жеке ишкерлер тарабынан курулган чакан ГЭСтен өндүрүлгөн продукцияны майнинг компанияларга сатууга тыюу салынбайт.
Кембридждин альтернативдик каржы борборунун маалыматы боюнча Казакстан майнинг боюнча АКШдан кийин эле экинчи орунда турат. Мындан улам кирешелүү бизнес катары ага болгон кызугуу Кыргызстанда да даана байкалат.







