“Добуш берүү үчүн Кыргызстанга учуп барышым керек”

Элеонора Сагындык кызы, БиБиСинин Бишкектеги кабарчысы

Сыртта окуп-иштеп жүргөн бардык кыргызстандыктардын 75 миңи гана 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоодо добуш бере алат.

 Мындай жагдайга бир эсе бюрократиялык эрежелер, экинчи жагынан шайлоо пункттарынын алыстыгы таасир этүүдө.

Канат Насыр уулу, Москвада студент. Ал шайлоого катышуу үчүн Москвадагы элчиликке кеч кайрылып калганына өкүнүүдө:

“Тилекке каршы, шайлоого бул жолу катыша албай калдым. Убактым тарына жана маалымат кеч жеткен үчүн каттоо баракчамды убагында жөнөтө алган жокмун… Эми добуш берүү үчүн мен Кыргызстанга учуп барышым керек экен”.

Сыртта жүргөн кыргызстандыктар консулдук каттоодон өтпөсө добуш берүүгө кое берилбейт. Каттоого туруу мөөнөтү болсо 15-ноябрда эле аяктаган.

Кыргыз мигранттарынын басымдуу бөлүгү Россияда экени белгилүү. Бирок Москвадагы кыргыз элчилиги Би-Би-Сиге билдиргендей, Россиядагы 58 миң 572 гана кыргыз жараны шайлоого катышуу ниетин билдирген.

Мирбек Айтикеев, учурда Швецияда жашайт. Ал добуш берүү үчүн башка өлкөгө барып келүүсү керек:

“Стокгольмдо беш миңге чейин кыргызстандык бар делет. Алардын дээрлик 99% шайлоого катыша албайт. Себеби, Швеция караган элчилик Берлинде жайгашкан. Берлинге барып келүүгө бардык эле мигранттарда, жарандарда мүмкүнчүлүк жок”.

Парламенттик шайлоого карата БШК бул жолу дүйнөнүн 29 өлкөсүндө 59 шайлоо участкасын ачты. Бул былтыркыга салыштырмалуу онго көп.

Ошондой болгон күндө деле, бул сырттагы айрым жарандар үчүн аралык маселесин чече алган жок.

Кыргызстанда парламентик шайлоо быйыл аралаш система менен өткөнү жатат. Парламентке талапкерлер бир мандаттуу шайлоо округдарынан, ошондой эле партиялык тизме менен дагы бара жатышат. Андыктан Кыргызстанда шайлоочуларга эки бюллетень сунушталат.

Бирок сыртта жүргөн кыргызстандыктарда шайлоодо тандоо чектелүү.

Учурда Түркияда жашап жаткан кыргызстандык Арсланбек Кенжетегин:

“Биз чет өлкөдөгү жарандар бир мандаттуу округдардан чыккан талапкерлерди шайлай албайт экенбиз. Мунун себебин мен түшүнө алган жокмун. Бул жакта жашап жатсак дагы көбүнүн каттоосу ошол жакта (ред. Мекенинде). Андыктан уруксат берилиши керек эле. Негедир биздин шайлоого болгон укугубузду чектеп койгондой болуп жатат”.

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандын аймагынан чыккан жарандар автоматтуу түрдө шайлоо округунан чыгарыларын түшүндүрдү. Мындай шартта алар жеке талапкерлерге добушун бере албайт.

БШК мүчөсү Акбалык Жумалиева мындай эреже айынан кайсы бир деңгээлде сырттагы кыргызстандыктардын шайлоо укугу чектелип жатканын моюнга алат:

“Чет элдеги жарандарыбыз эч бир округга байланбаганы үчүн бир эле бюллетень алышат дагы партияга жана партиянын тизмесиндеги гана талапкерлерге добуш беришет. Тилекке каршы, алардын шайлоо округдарынан жылдырылган талапкерлерди шайлоо укугу жок болуп калды”.

Кыргызстан аймагы быйыл 36 шайлоо округуна бөлүнүп, ар бир округдагы шайлоочулар саны 100 миңден кем эмес деп эсептелди. Мындай шартта, БШК эгер сыртта бир аймакта жургөн жана шайлоого катышуу укугу бар жарандар саны 100 миңге чамаласа, алардын тандоо укугун кеңейтүүгө даяр.

Бирок азырынча мындай чара мыйзамдарда каралган эмес.

Расмий маалыматтарга ылайык, 750 миң кыргызстандык учурда миграцияда, бирок алардын 10% гана ушул жекшембиде өтчү добуш берүүгө катышканы жатат.