Шайлоо-2021: Боршайком менен “Клооптун” чыры

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Си, Бишкек

"Клооп Медиа" коомдук фонду БШК үстүнөн Бишкектин административдик сотуна кайрылып, Боршайкомдун шайлоого байкоо жүргүзүүгө уруксат бербей койгон чечимин жокко чыгарууну талап кылууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов мындай мазмундагы дооматтарды четке кагат:

“Сентябрда БШК байкоочулар тууралуу жобого өзгөртүү киргизген. Бул байкоо процесси таза, ачык-айкын өтүшү үчүн жасалган. “Клооптун” юристтери бул нормадан кабары бар болчу. ММК катары алар аккредитациядан өтүшкөн. Байкоочулук боюнча шайлоо процесстерге кирише алат деген нерсе уставында жок экен. Уставыңарга өзгөртүү киргизип койгула дегенбиз. Эмнеге аны жасашкан жок, жеке мага түшүнүксүз”.

Кайрат Маматов Би-Би-Сиге "Клооп Медиа" боюнча БШК соңку бир чечимге келе электигин, андыктан аталган ММК кырдаалды жөнү жок эле курчутуп жатканын айтты:

 “БШК “Клоопту” каттоодон баш тарткан жок. Бул жалган маалымат. Төрайымдын орун басарынын колу коюлган ортодогу катты алып алышып, туура эмес түшүнүп, сотко чуркап барып арыз беришти. БШКнын отурумунда бул карала элек маселе, бүгүн-эртең чогулуп карайбыз”.

Деген менен “Клооптун” журналисти Эльвира Султанмурат кызы байкоочулукка байланыштуу БШКнын соңку чечими аларга кечээ гана колго тийгенин айтты:

“Боршайком 5-ноябрда “Клооп” коомдук фондуна шайлоого байкоо жүргүзүүгө тыюу салыптыр. Биз БШКнын бул чечимин 8-ноябрда колубузга алдык. Бул чечимге нааразыбыз, анткени буга чейин төрт шайлоо, эки референдумду чагылдырып, жүздөгөн бузууларды аныктап БШК менен кызматташып байкоочу катары өзүбүздү далилдеп бергенбиз”.

Журналист уставга байланыштуу БШКнын сыны суу кечпейт дейт:

“БШК биздин уставда шайлоого көз салуу же адам укуктарын коргоо боюнча эч кандай жобо жок деп негиздеп жатат. Бирок ошол эле учурда уставыбызда Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келбеген бардык ишмердүүлүктүн түрү менен алектенүүгө болот деген жобо бар”.

“Клооптун” негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендер БШК менен болгон соңку талашка байланыштуу атайын кайрылуу менен да чыкты. Ал жерде ал “Клооп” соңку жылдары шайлоо маселелери боюнча адистешип калган уюмга айланганын, муну Борбордук шайлоо комиссиясы өзү деле тааныганын, керек болсо буга чейин байкоо жүргүзүүгө аккредитация бергенин жазат.

Быйыл январда өткөн президенттик шайлоодо “Клооптун” байкоочулары 1 миң 400 адамга жеткен. Апрелде өткөн референдум менен жергиликтүү кеңешке шайлоолодо 2 миң 800 адам байкоочулукка тартылган.

“Кыргызстанда эч ким, эч качан мындай масштабда шайлоого байкоо жүргүзгөн эмес. Алсак, апрелдеги шайлоодо биздин байкоочулар 840 мыйзам бузууну катташкан, алардын негизинде биздин юристтер 199 арыз тапшырып, анын ичинен БШК 91 толугу менен же жарым-жартылай канааттандырган”, -дейт Бектур Искендер.

“Бир дүйнө – Кыргызстан” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова эгемен кыргызстан тарыхында эчен байкоочуларды даярдап келген.

“Шайлоо процессинде көз карандысыз байкоочулардын ролу аябай маанилүү. Принциптерди алганда деле Кыргызстан БУУ, ЕККУнун мүчөсү. Байкоочулук боюнча көп иш жасалган, БШК деле аны билет”.

Байкоочу бул - талапкер, саясий партия жана башка коммерциялык эмес уюмдар тарабынан шайлоону даярдоого, добуш берүүнү өткөрүүгө добуштарды эсептөөгө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоого байкоо жүргүзүүгө дайындалган адам.

Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоолор өтөт.