You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Россиянын мунайдан тапкан пайдасы азаюуда
Эл аралык энергетикалык агенттик Россиянын мунайдан алган кирешеси өткөн айда январга караганда дагы азайганын билдирди. Бирок ошондой болсо дагы Россиянын мунайдан тапкан кирешесинин көлөмү Украинадагы согуштун наркынан жогору болуп жатат.
ЭЭАнын соңку отчетуна караганда, Россия дүйнөлүк рынокко мурдагыдай эле көлөмдө мунай экспорттоп жатат, бирок тапкан пайдасы азайды. Россия Украинага басып кирген өткөн жылдын февраль айындагы көрсөткүчтөргө салыштырганда, анын мунайдан тапкан пайдасы бул февралда 42% азайды.
Украинанын союздаштары чийки мунайдын жана мунай продуктуларынын экспортуна эмбарго киргизип, баасын чектеп Россиянын согушту каржылоо мүмкүнчүлүгүн чектөөгө аракет кылууда. Ал эми Россия альтернативдик башка рынок табууга далалат жасоодо.
ЭЭА азыркы учурда Индия менен Кытайга Москванын чийки мунайынын 70% туура келип атканын кабарлады, анткени алар товарды арзан баада алууда.
Олчойгон жыртыктар
Россия мунай менен газдын экспортунан Украинада согуш башталган 100 күндө эле 100 миллиард евро пайда тапканын мурда кабарлаган элек. Бирок май айынан тартып анын кирешеси азая баштаган эле.
“Энергия жана таза аба” изилдөө борбору Евробиримдик менен АКШ Россиянын импортуна бөгөт коюп жаткан менен, Россиянын мунайын АКШ менен Европанын базарына өткөргөн олчойгон жыртыктар болуп жатканын билдирген болчу.
Бирок ошондой болсо дагы Россиянын мунайдан тапкан кирешесинин көлөмү Украинадагы согуштун наркынан жогору болуп жатат.
Евробиримдик Россиянын мунайына эмбарго киргизип жатканы белгилүү. Бул Евробиримдиктин базарында орустардын мунайынын кыскарышына, бара-бара таптакыр токтошуна алып келиши керек.
Бирок ошону менен катар азыркы учурда Россиянын мунайы абдан көп өлчөмдө Индияга жиберилип, ал жакта иштетилип, АКШ менен Европадагы кардарларга сатылып жатканын “Энергия жана таза аба” изилдөө борбору эскертүүдө.
Отчеттогу маалыматка караганда, Россия мунай сатуунун жаңы базарларын издеп жатат, анын мунайынын чоң бөлүгү деңиз транспорту менен ташылат. Ал эми буга иштеген кемелердин көпчүлүгү Европа өлкөлөрүнө таандык.
Евробиримдик азырынча деңиз жолдору менен барып жаткан мунайга гана санкция салган. Өткөн жылы майда болгон саммитте Евробиримдиктин лидерлери "Дружба" мунай кууру менен барып жаткан импортту азырынча калтырууну чечишкен эле, анткени Венгрия бул импортко көз каранды болуп жатат.
Россияга толук эмбарго киргизүүгө ошон үчүн бул өлкө каршы болуп келди. Бирок, Шарль Мишель басма сөз жыйынында, куур менен келип жаткан мунайдын импортун калтыруу дагы убактылуу иш деген.
Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен билдирүү жасап, Евробиримдик жыл аягына Россиянын мунай импортунан 90% баш тартат деп жарыялаган.
Евростаттын 2020-жылдагы маалыматтарына караганда, Евробиримдик өзү керектеген мунайдын чейрек бөлүгүн Россиядан сатып алып келген. Европадагы андан кийинки чоң мунай импортерлорунун ичинде Сауд Аравия, Улуу Британия, Норвегия, Казакстан, Ирак жана Нигерия бар.
Россиядан мунай импорттоо токтосо, анын ордун оңой менен толуктай турган башка мүмкүнчүлүк жок. Россиянын вице-премьер-министри Александр Новак “Россиянын мунайынан баш тартуу дүйнөлүк базар үчүн кыйратуучу кесепетке алып келет”, - деп билдирген эле.
Ал мунайдын бир баррели эки эсе кымбаттап, $300 чейин жетерин да айткан.
Россиянын телеканалында сүйлөгөн сөзүндө, Новак: “Европа базарында орустардын мунайынын ордун тез арада толуктоо мүмкүн эмес”, - деген. -“Европадагы керектөөчүлөр үчүн көп жыл талап кылынат жана бир топ эле кымбатка түшөт. Натыйжада алар катуу жабыркайт”.
Россия жаратылыш газын өндүрүү боюнча дүйнөдө алдыда жана чийки мунай өндүрүү боюнча экинчи орунда турат. Ошондуктан анын энергетика индустриясына кандай гана санкция салынбасын, анын залакасы өлкөнүн экономикасына оор тиет.
Мындай чаралар эң оболу Украинанын таламын талашып, Россиянын согуштук аракеттерин токтотуу максатында кабыл алынууда.
Россиянын мунайынан толугу менен баш тартууга Евробиримдикте Венгрия каршы болуп келатат.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Еврокомиссия Россиянын мунайынын импорту маселесинде жоопкерсиздик көрсөтүп жатат деп билдирген.
Анын айтымында, Еврокомиссия Россиянын мунайынан баш тартууну биримдиктеги өлкөлөр менен макулдашпай туруп жасап жатат.
"Энергетика - олуттуу маселе. Биз адегенде чечимдер керек, андан кийин санкциялар болушу керек",-деди ал.
Ал ЕБ Россия менен кыйыр согуш абалында турганына карабай, Венгрия коңшулаш Украинадагы согуштан четте турушу керек деп жатат. Ал Европанын профсоюз лидерлери менен АКШнын өкмөтүн Венгрияга адилетсиз түрдө кысым кылып жатат деп айыптап, Венгрия Россия менен экономикалык алаканы, анын ичинде мунай газ кызматташтыгын уланта берерин билдирген.
Венгриянын өкмөтү Россиядан мунай алууга тыюу салууну өзүнүн экономикасына өзөктүк бомба таштоо менен салыштырууда. Ошондуктан Будапешт Россиядан мунай алуудан баш тартуудан келип чыккан зыяндын ордун толтуруу жөнүндө маселени Брюсселдин алдына коюп келди. (КС)