Акаевден Жапаровго чейин: Путиндин Кыргызстандагы сапарлары

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Элеонора Куленбекова
- Role, Би-Би-Синин кабарчысы
- Reporting from, Бишкек
Путин соңку 25 жылда кыргыз жергесине кеминде 15 жолу келип, Кыргызстандын дээрлик ар бир президенти менен кол алышкан.
Владимир Путин 25-ноябрда 16-жолу Бишкекке кезектеги сапары менен келди. Орус президентинин буга чейинки визиттеринде кыргыз тарап менен кандай макулдашуулар болгон жана алар канчалык аткарылды?
Путин эң биринчи жолу Кыргызстанга - 2000-жылы 11-октябрда мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда келген. Анда Путин, дал бул жолкудай, ЖККУнун саммитине катышкан. Андан кийин Путинди Аскар Акаев Бишкекте эки жолу, 2022-жылы 5-декабрда жана 2003-жылы 23-октябрда тоскон.
Акаевдин тушундагы Путиндин сапарларында Орусия Кыргызстандагы СССР убагында жайгашып калган аскердик объектилерин бекемдей баштаган. 2003-жылы Кантта орустардын авиабазасы ачылып, кыргыз-орус алакасынын пайдубалы түптөлчү маанилүү документтер кабыл алынган.

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Бакиевдин тушунда Путин Кыргызстанга бир эле жолу келген.
2007-жылы 15-августта Путин Бишкекте Курманбек Бакиев менен соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулап, андан кийин ШКУнун саммитине катышкан. Бакиевдин башкаруусунун акыркы жылдары кыргыз-орус алакасы кескин солгундаган. Буга Кыргызстандагы АКШнын аскердик базасын жабуу тууралуу Кремлдин сунушуна кыргыз бийлиги ынабаганы себеп болгону айтылып келет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстандык саясат талдоочу Эмилбек Жороев соңку жылдары кыргыз-орус мамилеси мурдагыдан да тыгыз тартып жатканынын себебин талдап берди:
"Украинадагы согуш башталгандан бери Путиндин башка багыттардагы жолу кыскарган сайын ого бетер көп Кыргызстанда жана башка биздин кошуна мамлекеттерге келгени байкалат. Дайым мындай болгон эмес. Мисалы, Бакиевдин убагында саны боюнча мүмкүн Путиндин сапары азыраак болгон. Анткени Орусиянын тышкы саясатында активдүү багыттар, мамлекеттер башка эле. Бакиев президент убагында америкалык аскерий база жана башка маселелер боюнча пикир келишпестиктер болуп, Путин көп каттабаганы айтылып келет".

Сүрөттүн булагы, Kaktus
Өткөөл президент Роза Отунбаеванын тушунда Орусиянын премьер-министри болуп турган Путин Кыргызстанга келген эмес. Бирок ал экөө Душанбедеги расмий иш-чарада жолукканы бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Путин Кыргызстанга эң көп келген жана олуттуу чечимдер кабыл алынган мезгил Атамбаевдин президенттик мөөнөтүнө туура келет экен. Атамбаевдин мезгилинде Путин Кыргызстанга ат тезегин кургатпай алты жолу келген.
- 19-20-сентябрь, 2012-жылы
- 28 -май 2013-жылы
- 13-сентябрь 2013-жылы
- 16-17 сентября 2016-жылы
- 28 -февраль 2017-жылы
- 14-апрель 2017-жылы
Так ушул Атамбаевдин тушунда Кыргызстан Кремль менен болуп көрбөгөндөй жакындашкан. Орусия Кыргызстандын 500 миллион доллардык карызын кечти делген.
Бул Кыргызстан эгемендик алганы мынча чоң көлөмдө карызы кечилген биринчи учур болуп калды. Бирок анын шарттарын терең талдасак, 500 миллион доллардык карыздын 189 миллион доллары дароо кечилип, калган 300 миллион доллары 2016-жылдан тарта он жыл ичи улам кечилип турат деп айтылган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кремль Атамбаевдин тушунда Кыргызстандагы орусиялык аскердик объектилерин бир базага бириктиргенге жетишкен. Жогорку-Нарын каскадын жана Камбар-Ата ГЭС-1ди курууну убадалаган. Бирок анысы ишке ашпай, ал түгүл, орус тарап кийин ГЭСтерди курууга займ түрүндө берилген 37,5 миллион доллар акчасын доолап, кыргыз өкмөтүн эл аралык сотто доого чыккан.
Кремль Атамбаевдин тушунда Кыргызстанды ЕАЭБге киргизүү боюнча активдүү иштеп, Путин келип кеткен сайын ЕАЭБ алкагында кызматташуу темасын көтөрүп турду. Кыргызстан 2015-жылы акыры ЕЭАБге толуккандуу мүчө болгондон кийин Путин 2016-жылдын 16-17-сентябрындагы Бишкекке сапарында ага Александр Невский орденин да ыйгарган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргыз президенттеринин эле эмес, кыргыз коомунда да Путинге симпатия кылгандар аз эмес. Мунун себеби эмнеде?
Тышкы саясат боюнча экперт Чынара Эсенгулдун бул тууралуу талдоосу мындай:
"Менин жеке оюм, Путин күчтүү адам болгону аларга жагып атат. "Дүйнөлүк деңгээлдеги лидер", "дүйнөнү дүркүрөтүп атышат" деп атышпайбы. Дагы бир себепкер болгону бул жалпыга маалымдоо каражаттары. Биздин маалыматтык чөйрөдө Орусиянын ЖМКлары абдан чоң үстөмдүк кылат. Алар opinion making же элдин оюн, коомдук пикирди түзүп коюп жатат да. Ошол үчүн ошондой жагдай бар. Өзгөчө уулу муун Путинди жактырат. Бирок жаштардын ичинде деле колдогондору бар".

Сүрөттүн булагы, President.kg
Сооронбай Жээнбековдун үч жылдык башкаруусу тушунда Путин өлкөгө үч жолу келген. Кызыгы, үч сапары тең бир жыл ичинде болгон:
- 28-март 2019-жыл
- 13-14 июнь 2019-жыл
- 28 -ноябрь 2019-жыл
Маанилүүсү, Сооронбай Жээнбековдун тушунда Путиндин Кыргызстанга болгон сапарларында Орусия өлкөдөгү бириктирилген аскердик базаларынын аянты 60 гектарга кеңейтилген. Ал үчүн ижара акы жылына 4,8 миллион долларга да өстү. Жээнбеков менен Путин 6 миллиард долларга тете эки тараптуу инвестиция жана экспорт тууралуу келишимдерге кол коюшканы айтылган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Садыр Жапаровдун тушунда Путин биринчи жолу 2022-жылы 9-декабрда келген. Анда Путин ЕЭАБдин жыйынына катышкан. Андан кийин Путин 2023-жылы октябрда Бишкекке расмий визит менен келип, ал сапар Орусиянын Канттагы аскердик объектисинин ачылганынын 20 жылдыгына туш келген.
Путин ошондогу сапарында кыргыз тарап менен аскердик кызматташууга, коргонууга байланышкан жаңы келишимге жетишкен.
Ага ылайык, Орусия Канттагы базанын аймагында абадан кол салуудан коргонуу бөлүкчөлөрүн жайгаштыра алат. Бул үчүн кыргыз тарап Канттагы авиабазага жанаша жайгашкан аянты беш гектар жер тилкесин убактылуу пайдаланууга да берген.
Бул жолу Путин Кыргызстанда эмнеге жетишип кетет болду экен?












