Президент Садыр Жапаров кытай жарандарына байланышкан талкуулар боюнча пикирин билдирди

Сүрөттүн булагы, facebook
Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген кезектеги маегинде Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарга, айрыкча кытайлык жумушчуларга байланышкан талкуулар шайлоо алдындагы атайын уюштурулган чагымчылдык экенин билдирди. Ошондой эле мамлекет башчысы Кыргызстанда чет элдик жумушчуларга карата көзөмөл толук кандуу жүрүп жатканын айтты.
"Биринчиден, ачык айтышыбыз керек, бул провокация болуп жатат. Шайлоого жакын бир нерсе уюштуралы деген чагымчыл топтор бар. Алардын баарын билебиз. Азырынча сыртынан көз салып гана турабыз. Эгер катуу кетип бара жатышса, камалышат. Анан "Бизди жөн эле камап салышты" деп кыйкырып чыгышат. Башка шылтоолору жок, болгону электр энергиясы менен кытайлар. Электр энергия боюнча кенен маалымат берсем тынчып калышты эле. Эми экинчи көйгөй катары кытайларды көтөрүп чыгып жатышат. Турмушта баары болот. Бишкектин көчөлөрүндө деле эки кыргыз жол талаша кетип, күндө мушташ болуп жатпайбы, соцтүйүндөрдөн көрүп эле жатабыз го баарын. Турмуш-тиричиликтеги мындай талаш-тартышты эки өлкөнүн проблемасы катары жогорку деңгээлге чейин көтөрүштүн кереги жок», - деди президент Садыр Жапаров.
Кыргызстанда Кытай жарандарына байланышкан талкуулар жүрүп жатат.
Жагдай өткөн апта соңунда Чүй облусунда кыргыз жана кытай жарандарынын ортосунда болгон мушташтан кийин курчуган. 15-ноябрда Аламүдүн районунун Константиновка айылынын жанында "Чайна-Роуд" жана "Чжунзцы" компанияларынын айдоочуларынын жол талашуусунан чыккан бул жаңжал боюнча 16 адам камакка алынып, кылмыш иши козголгон. Мушташтын натыйжасында бир адам жаракат алып ооруканага түшкөн. Бул окуя социалдык тармактарда Кытайдан келген жумушчулардын саны, алардын виза маселеси жана өлкөдөгү көзөмөл боюнча кеңири талкууларды пайда кылган.
"Кечээги окуядан кийин Кытайдан чоң-чоң долбоорлор боюнча келип, иштеп жаткан чет өлкөлүктөргө: "Жергиликтүү калк менен ынтымакта болгула, долбоорлор бүткөнчө бири-бириңерге сый-урмат менен мамиле кылгыла" деп катуу эскертүү бердик. Долбоорлор бүткөндөн кийин алар Кыргызстанда бир күн да калбайт. Жумушчу визалары бүтөт. Бизде Кытай менен виза режими бар. Визасыз бир дагы кытай Кыргызстанга кире албайт. Ошондуктан жергиликтүү калк да кылдат мамиле жасашы керек. Башталып калган бардык кылым долбоорлорубуз бүтүп кетсин. Ансыз деле бул жолдун салынбай калышына кызыкдар күчтөр көп. Көптөгөн каршылыктар болуп, бул жолду "тирүүнүн тозогу" менен араң баштадык. Бул жол башка бирөөлөргө эмес, келечекте бизге, Кыргызстанга керек. Керек болгондо да, аба менен суудай керек", - деди Садыр Жапаров.
Буга чейин кытай жарандарына байланыштуу Кыргызстандын бийлигиндеги бир нече жогорку кызмат адамдар, анын ичинде Тышкы иштер министрлиги түшүндүрмө тараткан.
Тышкы иштер министрлиги жана башка өкүлдөр Кытай жарандары Кыргызстанга мыйзамдуу түрдө, визалык режимдин негизинде гана кирип-чыгарын, ал эми жумушчулар "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу" сыяктуу ири долбоорлордун алкагында иштеп жатканын билдиришкен. Ошол эле учурда, бул бийлик өкүлдөрү да жарандарды улут аралык кастыкты козуткан билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырышкан.
Кытай Кыргызстандын эң башкы соода өнөктөшү. Өлкөдө Кытай каржылаган жана кытайлык жумушчулар тартылган инфраструктуралык долбоорлор арбын.
Соңку 10 жыл ичинде кыргыз жана кытай жарандары жаңжалдаша кеткен бир нече окуялар катталган. Мисалы 2019-жылдын август айында Солтон-Сары кенин иштеткен кытайлык компаниянын кызматкерлери менен жергиликтүү элдин ортосунда жаңжал чыгып, тараптар бири-бирине таш ыргытышкан. Күбөлөр бул жаңжалга 300дөн 500гө чейинки адам аралашканын айтышкан. Бул окуядан кийин кенде иш бир топко үзгүлтүккө учураган.
2013-жылы Өзгөндө Датка-Кемин долбоорунда иштеп жаткан кытайлык жумушчулар менен жергиликтүү тургундар мушташа кетишкен. Телефон талаштан чыккан жаңжал жергиликтүүлөрдү барымтага алуу, кафени талкалоо жана милицияга кол көтөрүү менен коштолгон.








