You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Иран Орусияга жүздөгөн дрон берүүгө даяр, Жакынкы Чыгышта анти-ирандык коалиция түзүлүүдө
Материал 14-июлда жаңыртылды
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан 12-июлда Иран Орусияга Украинага каршы согушта колдонуу үчүн жүздөгөн аскердик дрондорду берүүнү пландап жатканын билдирген. Бирок Иран бул маалыматты четке кагууда.
"Ирандын өкмөтү кыска мөөнөттө Орусияга жүздөгөн аскердик дрондорду, анын ичинде курал-жарак алып жүрүүгө жөндөмдүү учактарды берүүгө даярданып жатат, - деди Салливан журналисттерге. Ал ошондой эле өздүк маалыматтарына таянып, Иран орус күчтөрүн бул дрондорду башкаруу боюнча машыктырарын дагы кошумчалады.
Салливандын айтымында, бул Орусия өз армиясын курал-жарак менен камсыздоодо чоң кыйынчылыктарга туш болуп жатканын тастыктайт.
Анткен менен Ирандын тышкы иштер министри Хосейн-Амир Абдоллахиан италиялык La Repubblica гезитине маек куруп, анын өлкөсү Украинадагы абалды курчутууга алып келе турган ар кандай аракеттерден, анын ичинде аскердик техникаларды берүүдөн карманаарын билдирди.
“Биздин Орусия менен коргонуу боюнча келишимдер бар, бирок биз бул жаңжалга катышкан тараптардын эч бирине жардам бербейбиз”, - деди министр.
Акыркы эки аптада Украинанын куралдуу күчтөрү орус аскерлеринин ондон ашык курал-жарак кампаларын жок кылды. Украин тараптын айтымында, акыркы сокку 12-июлга караган түнү Жаңы Каховкада (Новая Каховка) жасалды.
Анткен менен орусиялык ЖМКлар жер семирткичтер кампасы жарылганын маалымдашты.
Анти-ирандык маанай
Дрондор бул согушта маанилүү ролго ээ.
Алардын жардамы менен душмандын позициялары аныкталып, бутага алуу жана артиллериялык аткылоо жөнгө салынат.
Өткөн аптада Украинанын президенти Владимир Зеленский Батыш союздаштарынан Киевге миңдеген учкучсуз учактарды берүүнү суранган.
Салливандын айтымында, сөз болуп жаткан ирандык учкучсуз учактарды Йемендин хусит-көтөрүлүшчүлөрү Сауд Арабиянын куралдуу күчтөрүнө каршы колдонушкан.
АКШнын президенти Жо Байден ушул аптада Сауд Аравияга барат. Анда Жакынкы Чыгыштагы Иранга туруштук берүүчү коргонуу альянсы талкууланаары айтылуда.
Байден ошондой эле Израилге да барат - бул өлкө Батыштын Орусияга каршы санкцияларына кошула элек, бирок Орусия менен Ирандын ортосундагы аскердик кызматташуусуна байланыштуу позициясын өзгөртүшү мүмкүн. Израиль Иранды өз коопсуздугуна негизги коркунуч деп эсептейт. (ЕВ)