Аскердик алакалар: тажик-иран кызматташтыгы

 29-майда тажик президенти Эмомали Рахмон Иранга расмий сапары менен жөнөп кетти. Бул сапардын расмий программасы коомчулукка толук ачыкталган жок.

Бирок соңку кезде эки өлкөнүн аскердик кызматташуусу жаңы деңгээлге чыгып жатканы байкалууда.

Апрелде Ирандын Коргоо министри Душанбеде болуп, эки өлкө аймакта бирдиктүү коргоо комитетин түптөп жатканы ачыкталды.

Соңку эки айда Ирандын Коргоону күчтөрүнүн кол башчысы, генерал-майор Мохаммад Багери Душанбеге эки жолу келип кетти.

Орус ММКлары Тажикстан менен Иран соңку аскердик алакаларын "жаңы аскердик союз" катары сыпаттаганга үлгүрүштү.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт, дипломат Азат Эркебаев Би-Би-Сиге Иран жана Тажикстан алакасы жөнүндө сереп алып берди:

"Эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди алганда тил, тарых, маданият жагынан дагы жакындыгы бар. Бул факторду да өз орду бар. Жаңы этаптагы мамилелерин эске ала турган болсок, эки мамлекеттин алакалары ар дайым эле жакшы же бир кылка болгон эмес. Ортосунда бир мезгилде түшүнбөстүктөр болуп келген. Жаңыдан көз карандысыздык алганда Иран, албетте, жалпы Борбордук Азиянын баардык өлкөсү менен жакшы мамиле куруп, анын ичинде Тажикстан менен дагы жакыныраак мамилеге өткөн. Бирок кийинчерээк Рахмон башында турган бийлик оппозицияга мындай кээ бир каардуу аракеттерин баштаган чакта, Иран менен Тажикстандын ортосунда кээ бир түшүнбөстүктөр дагы чыккан. Кээ бири Иранга барып баш калкалап калган мисалдар да бар.

Экономика, соода жатында дагы келишпестиктер болгон. Бирок соңку үч-төрт жылдан бери мамилелери кыйла жакындаганын байкап жатабыз. Иран чөлкөмдө кубаты бар мамлекет болуп саналат. Соода-алакасы көбөйдү. Ирандык кээ бир инвесторлор Тажикстанга байланышкан ири долбоорлорго өтө баштады. Аскердик-техникалык жактан дагы кызматташтыгы бар. Баарыбыз билгендей көпчүлүккө дрон деп таанылган учкучсуз аппараттарды Ирандын ишканалары Тажикстанда чыгара турганы сөз боло баштады. Тажикстандын суу энергетикасы боюнча дагы кызматташтыгы жандана баштагандай".

Би-Би-Си: Физикалык географиясын алсак эки мамлекеттин ортосунда Афганистан, Түркмөнстан жайгашкан. Афганистан же "Талибандын бийлиги" ("Талибан кыймылы" Кыргызстанда мыйзам боюнча тыюу салынган тизмеге кирген) деген фактордун ролу кандай болушу мүмкүн? 

Азат Эркебаев: Алакасы жакшы болбой келгенин билебиз. Бирок соңку жумада тажик бийлиги менен Талибан тынчтык сүйлөшүүлөрүн, тил табышуу аракеттерин баштаганы сөз боло баштады. Бирок бул маалымат азырынча расмий тастыктала элек. Компромис жолун табуу аракеттери айтылууда.

Афганистанда Талибан бийликке келгени жана кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуялардан кийин Тажикстан аскердик тармакта куралданып жатканы байкалат.

20-апрелде Тажикстандын Коргоо министри Шерали Мирзо Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар менен жолугушкан. Тараптар анда аскердик кызматташууга макулдашкан.

Ошондой эле чек ара коопсуздугун камсыздоо жана терроризмге каршы күрөшүү тажрыйбасы менен алмашууга келишишкен.

Бирок анда Түркия Тажикстанга өткөрүп берген аскердик техникалар тууралуу маалымат ачыкталган эмес.

Соңку жылдары тажик-иран мамилелери кайрадан жанданып баштады. 2015-жылдан тарта Душанбе менен Тегерандын мамилеси кескин салкындап кеткен эле.

Тажик бийликтери Иранды "Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясын" колдойт деп айыптап келет. Бул саясий партиянын ишмердүүлүгүнө Тажикстанда тыюу салынып, ал террористтик деп табылган.

1992-1997-жылдары Тажикстанда орун алган жарандык согушта аталган партия Бириккен тажик оппозициясынын курамына кирип, кийин бийликке келген Элдик фронтко каршы иш алып барып келген.

1997-жылы оппозиция менен бийлик келишип, Тажикстанда жарандык согуш токтогон эле. Бирок 2003-жылы Эмомали Рахмон Конституцияга кайрадан президенттикке бара турган жобо киргизип, партия буга каршы чыккан. Тирешүү курчуп, бийлик 2003-жылы бул партиянын ишмердигине тыюу салып, анын жетекчилерин куугунтукка алган.

 Өз кезегинде расмий Тегеран дагы тажик тарапка өз дооматтарын айтып келет. Алалы, ирандык миллиардер Бабак Занджанинин Душанбеге которгон миллиондогон долларлары жок болуп кеткенине Ирандын таарынычы бар. Миллиардер Ирандын мамлекеттик казынасынан 2,5 милилард доллар акча уурдап, анын бир бөлүгүн Тажикстанга которуп кеткени айтылат. EK