Украина кризиси: Янукович Зеленскийге кайрылды, качкындар 2 миллиондон ашты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Украинанын аймагында орус жана украин күчтөрүнүн ортосундагы салгылаш уланууда. Ал ортодо McDonalds, Coca-Cola, Starbucks, Universal Music жана башка дүйнөлүк компаниялар Орусияда ишин токтотуп, өлкөдөн чыгып жатканын билдиришти.
АКШнын президенти Жо Байден Орусиядан мунайды, газды жана көмүрдү импорттоого толугу менен тыюу салды. Британия 2022-жылдын аягына чейин орус мунайын импорттоону токтоторун жар салды.
Орусиянын Борбордук банкы эсептен $10 миңден ашыкча чыгарбоого чек койду, андан ашканын рубль менен берилет.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Украинада гуманитардык катастрофа жаралганын билдирди. БУУнун маалыматы боюнча, Украинадан 2 млн киши чыгып кетти.
Орусия Украинага кол салганы 13 күн болду. Украинадагы жана Орусиядагы соңку кырдаал туурасында баяндайбыз.
Зеленский Британия парламентинин төмөнкү палатасына кайрылды

Сүрөттүн булагы, Британия парламенти
Украинанын президенти Владимир Зеленский Британия парламентинде видео байланыш аркылуу сүйлөп, премьер-министр Борис Жонсонго колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди жана Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүгө чакырды.
Зеленский Украинанын Орусияга каршы күрөшүн Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы Британиянын фашисттик Германияга каршы аскердик аракеттери менен салыштырды.
“Фашисттер мекениңерди тартып алууну каалаганда силер өз өлкөңөрдү жоготуп алгыңар келген эмес. Силер Британия үчүн согушушуңар керек болчу”, — деди ал.
Анын айтымында, украин эли орус күчтөрү менен согушуп, эрдик көрсөттү.
“Аткылоолор бизди сындыра алган жок”, — деп кошумчалады Зеленский.
Украиналык качкындар кайда баратат?

БУУнун өкүлү Би-Би-Сиге курган маегинде билдиргендей, Украинадагы согуштан коргонуп качып жаткан адамдардын саны бүгүнкү күндө эки миллиондон ашкан. БУУнун маалыматына ылайык, качкындардын саны төмөнкүдөй:
- Польша 1,2 миллиондон ашуун качкынды кабыл алды
- Венгрия — 191 миң
- Словакия — 141 миң
- Молдова — 83 миң
- Румыния — 82 миң
- Орусия — 99 300
- Беларус — 453
ДСУ: Украинада гуманитардык катастрофа жаралды

Сүрөттүн булагы, EPA
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) Европадагы бюросунун башчысы Ханс Клюге билдиргендей, Орусиянын Украинага басып кирүүсүнөн улам масштабдуу гуманитардык катастрофа жаралган.
Би-Би-Сиге курган маегинде Клюге учурда ДСУ үч багытка артыкчылык берип жатканын айтты.
- Украинанын жабыр тарткан аймактарына жашоо үчүн керектүү болгон медициналык каражаттарды жеткирүү. Мисалы, диабет жана жүрөк ооруларына каршы түгөнүп жаткан дары-дармектер
- Украинага коңшулаш өлкөлөрдөгү саламаттык сактоо системасын бекемдөө. Анткени дал ошол мамлекеттерге барган качкындардын саны өсүүдө
- Украинада ДСУнун операциялык борборун ачуу
Мурдараак басма сөз жыйынында сүйлөгөн Клюге кол салуу башталган 13 күндөн бери Украинанын саламаттык сактоо системасы олуттуу басымга кабылганын айтта. Ал эми Европа соңку 75 жылдагы эң ири качкындар кризисине туш болгон.
Пентагон: Орусия 2 миңден 4 миңге чейин адамды жоготту
АКШнын коргоо министрлигинин чалгын башкармалыгынын башчысы Скотт Берриер билдиргендей, Орусия Украинада 2 миңден 4 миңге чейин адамын жоготкон.
“Алардын [Орусиянын] планы начар болчу”, — деди ал чалгын кызматынын жана ачык булактардагы маалыматтарга таянып.
Украинанын коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, орустардын жоготууларынын саны 12 миңге жетип калган. УНИАН агенттиги белгилегендей, аталган санга набыт болгондор эле эмес, жарадар болгон орусиялыктар дагы кирет.
Орусиянын коргоо министри өз жоготуулары туурасында бир эле жолу, 498 деп билдирген. Орусиянын Росгвардиясы жоготуулар жөнүндө маалымат берген эмес.
Согуш маалында жоготуулар боюнча эки тараптан тең так маалымат алуу мүмкүн эмес
Янукович Зеленскийге кайрылды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович азыркы өлкө башчысы Зеленскийге кайрылды. Янукович 2014-жылы Майдан окуяларынан кийин Украинадан чыгып кеткен болчу.
Анын кайрылуусун Орусиянын мамлекеттик РИА “Новости” маалымат агенттиги жарыялап чыкты. Зеленскийге жолдогон кайрылуусунда Янукович башкаларга эмес, ага кулак салууга кеңеш берген.
“Сиздин кеңешчилериңиз көп экенин түшүнүп турам. Бирок сиз кандай болбосун кан төгүүнү токтотуп, тынчтык жолу менен келишимге жетишишиңиз зарыл”.
Янукович Украинага тиленгенден башка эч кандай жардам бере албасын мойнуна алган.
Эң чоң санкциялар эми Орусияга каршы салынды
Салынган санкциялардын көлөмү боюнча Орусия Иран жана Түндүк Кореядан озуп кетти.
Соңку эки аптада Орусияга каршы салынган санкциялардын саны эки эселеп көбөйгөн.
22-февралга чейин Орусияга 2754 ар кандай чектөөлөр коюлуп келген болсо, андан бери ага кошумча дагы 2778 санкция киргизилген.
Анын эсебин санкциялар боюнча Castellum.ai маалымат базасы жүргүзөт.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Путин антикризистик чаралар жөнүндө жарлыкка кол койду
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Орусиянын президенти Владимир Путин шейшембиде антикризистик чаралар жөнүндө жарлыкка кол койду. Ал чаралар жалпысынан мурда эле жарыяланган болчу. Алар негизинен социалдык багытты камтыйт.
Биринчи орунда жарлыкта пенсионерлерди колдоо жөнүндө сөз болот. Ага чейин мыйзам боюнча бийлик өткөн жылдын инфляциясынын негизинде жылына бир жолу пенсияны индекстеп турууга милдеттүү болуп келген. Эми өкмөт пенсияны тезирээк индекстеп турат жана ага кошумча ар кандай төлөмдөрдү беките алат. Баалар өсүп жаткан шартта мындай чара пенсиянын деңгээлин кармап турууга жардам берет.
“Аскердик операцияга” чейин эле Орусияда инфляция аябай жогору болчу. Ал 8% көптү түзгөн. Рубль кунун жоготуп жаткан чакта жана импортко тыюу салынып жатканда баанын мындан аркы өсүүсү боюнча божомолдоо бир топ эле кыйын.
Анын натыйжасында чет элдик товарлар Орусияга келбей деле калат. Инфляция эки санга айланышы мүмкүн. Ошентип өкмөт пенсияны инфляциянын даражасына чыгарууга аракет кылды, бирок аны божомолдоого оор.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Андан тышкары бийлик “дос эмес өлкөлөрдөгү” жогорку окуу жайлардан айдалган студенттерге жардам берүүгө камынууда.
Ошондой эле өкмөт санкциялардан улам тартыш болуп жаткан дары-дармектердин жетишсиздигин алдын алууга аракет кылып жатат. Ал үчүн бийлик, мисалы, медициналык каражаттардын же алардын жылдык сатып алуу көлөмү боюнча келишимдин баасын ыкчам түрдө көтөрүп коюшу мүмкүн. Бийлик өкүлдөрү Орусияда жергиликтүү өндүрүштү жана дары-дармектерди лицензиялоону жөнгө салууну көздөөдө.
Жарлыкта бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча да айрым чаралар камтылган. 2022-жылдын 21-декабрына чейин чакан жана орто бизнестерде пландуу текшерүүлөр жүргүзүлбөйт. Ошондой эле компаниянын ишин каттоо жана лицензия алуу боюнча ар кандай талаптар азайган. Документте бизнеске так-даана кандай жардам берүү шарттары каралганы айтылган эмес. (EA)












