Россияда McDonald's ресторандарын жаап, Coca-Cola бизнесин токтотуп жатат

Россияда McDonald's ресторандарын жаап, Coca-Cola бизнесин токтотуп жатат

Сүрөттүн булагы, Reuters

Тез татым McDonald's Россиядагы 850 ресторанын жаап, россиялык рынокто болгон операцияларын жыйыштырып жатат.

"Украинадагы конфликт жана Европадагы гуманитардык кризис бейкүнөө адамдарга кайгы-муң алып келди. Агрессия жана зомбулукту айыптап жаткан бүт дүйнө өлкөлөрүнө кошулуп, биз тынчтык үчүн дуба кылабыз", - делет аталган компаниянын башчысы Крис Кемпинскинин бул тууралуу билдирүүсүндө.

McDonald'sтын Россиядагы ресторандарында жалпысынан 62 миң адам иштечү. Компаниянын Россияда мындан тышкары жүздөгөн товар ташуучулары жана өнөктөштөрү бар.

Компаниянын жетекчилиги "бренд жана аны өнүктүрүү үчүн дилин берген" россиялык кызматкерлерине азырынча эмгек акыларын төлөп турарын билдирди.

Компаниянын билдирүүсүндө, ал товар ташуу жаатында олуттуу көйгөйлөргө тушугуп жатат жана Россияда ишин кайта качан жандантат так айтуу мүмкүн болбой турат.

Тез татым McDonald'sтын Россиядагы ресторандарында кыргыз жарандары да иштечү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тез татым McDonald'sтын Россиядагы ресторандарында кыргыз жарандары да иштечү

Кыргызстандык Наргиза буга чейин McDonald'sта иштеп келген. Анын айтымында бул тез татым компаниясында кыргыздарды көбүнчө кухняга алып иштетишчү.

"McDonald'sта иштеген мага аябай ыңгайлуу болчу, мен балдарым менен келгем бул жерге. Жүгүрүп барып үч-төрт саатка иштеп келет элем. Орточо эсеп менен айына 25-30 миң сом таап алчумун. Кыргызстанга барып келдим эле. Кайра жумушума барайын деп, офиске чыгайын деп атсам биз байланышчу WhatsApp чатка McDonald's жабылып жатканын жазышыптыр. Азыр эми чынбы-калппы биле албай эле отуруп калдым", - дейт ал.

Наргиза аталган компания мигранттардын баарын эле жумушка ала бербей келгенин, орус жарандыгын алган кыргызстандыктарды гана жумушка тартып келгенин да кошумчалады. Эмгек акы аларга иштеген саатына жараша эсептелип берилчү.

McDonald's компаниясы Моквадагы биринчи ресторанын 1990-жылы 31-январда ачкан. Компаниянын ресторандарынын көбү Россия аймагына туура келет.

Россия жана Украинадагы ресторандарынан компания жалпы кирешенин 9% тапчу, бул дүйнөлүк сатуулардын 2%.

Компания жетекчилиги Украинадагы кызматкерлерине эмгек акы төлөп жатканын, McDonald's ал үчүн Кызматкерлерге жардам берүү фондусунан 5 миллион доллар бөлгөнүн билдирди. Бул акчалар аймактагы Кызыл чырым уюму аркылуу берилет.

2020-жылы McDonald's Россияда ачылганынын 30 жылдыгын белгилеген.

2020-жылы McDonald's Россияда ачылганынын 30 жылдыгын белгилеген

Соса-Соla, Pepsi, Starbucks жана башкалар кантти?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Шейшемби күнү америкалык Coca-Cola компаниясы Украинадагы согушка байланыштуу Россияда бизнесин токтотуп жатканын жар салды. Бирок бул тууралуу билдирүүдө компания кетип бара жатып кандай чаралар көргөнү жатат такталган эмес.

"Окуялар кандай өнүгөт байкоо салып жана баалап турабыз", - деди компания.

Өткөн аптада эле Coca-Cola азырынча Россияда иштей турганын айтып жаткан эле.

Америкалык дагы бир Starbucks Corp., кофекана компаниясы дагы Россияда ишмердигин жыйынтыктап жатканын айтты. Россияда эми кофеканалар эле эмес, кофелердин өзүн ташуу дагы чектелет.

 PepsiCo, Inc. дагы Россия аймагында муздак суусундуктарын сатууну токтотуп жатат. Белгилей кетчү жагдай, PepsiCo советтер союзу урагыча эле анын аймагында соода жүргүзүүгө уруксат алган саналуу батыш компанияларынын бири эле.

Бул компаниядан билдиришкендей, россиялык рынокто алар сүт, балдардын тамагын мурункудай эле сата беришет.

Россияда KFC жана Pizza Hut бренддери менен белгилүү америкалык Yum! Brands корпорациясы Россияга инвестицияларын токтотуп жатканын жар салган.

Yum! Brands Россиядан тапкан акчасын гуманитардык ишмердикке багыттарын да айткан.

"Дүйнөдөгү көптөр сыяктуу эле Украиндагы кайгылуу окуяларга кабыргабыз кайышып турат. Yum! Brands Россиядагы ресторандарды өнүктүрүү жана инвестиция салуу боюнча бардык иштерин токтотот. Биз азыр кошумча варианттарды да карап жатабыз", - деди компания.

Yum! Brands билдиргендей, анын Россияда 1000 KFC ресторандары жана 50 Pizza Hut тамактануучу жайлары бар.

Россияда тез татым болобу же ресторанбы, айырмасыз, тейлөө тармагында көбүнчө мигранттар иштеп келген. Санкциялардан улам кыскартууга биринчи алар кабылышты, дейт кыргызстандык Наргиза:

"Азыр эми эмне кылсам деп ойлонуп атам. Кыргызстанга кетиш үчүн билет алышым керек, ал кымбат. Бул жактагы кыргыздардын баарынын абалы кыйын. Дээрлик баарынын эмгек акыларын берүү кечеңдеп жатат. Подработка деп мурда офис, ресторан, магазиндерди тазалап жууп акча таап алчубуз. Азыр баары жыбылып жатат, жадакалса "Ашанга" (Россияда иш алып барган ред. ири маркеттер түйүнү) майда-чүйдө иштерге албай калышты".

Россияда бир миллиондон ашык кыргызстандыктар иш алып барышары белгилүү. Алардын көбү азыркы катаал санкциялар шартында жумушсуз калып, айлаларын таппай турган чагы. EKa