"Аламан улак топ-топко бөлүнүп, мафия болуп кеткен". Аламан улак спортпу же башаламандыкпы?

Сүрөттүн булагы, Socialmedia
8-февралда Ош облусунун Өзгөн районунда өткөн аламан улак маалында бир киши сууга чөгүп каза болуп, дагы бир жаран автокырсыктан улам ооруканага түштү. Буга чейин да аламан улакта ар кандай кырсыктар катталган. Мындан улам коомдо аламан улактагы коопсуздукту камсыздоо боюнча талкуулар токтобой келет. Былтыр атайын "Аламан улак" федерациясы да түзүлгөн. Ага бул оюнду өнүктүрүү, эрежелерин иштеп чыгуу жүктөлгөн.
"Эки окуя тең кокустук болду"
Өзгөндөгү окуя боюнча ал күнү той берип, аламан улак уюштурган белгилүү улакчы Манас Ниязов комментарий берди. Ал бардык коопсуздук чаралары каралгандыгын, эки окуя тең кокустук болгонун билдирди:
"Кырсыктар боюнча айта турган болсом, экөө тең улак майданынан алысыраак жерде болуптур. Кокустук экен. Улак болуп жаткан жерде коопсуздукту миңге жакын милиция кызматкери карап берди. Аларга ыраазычылык билдирем. "Көк бөрү" федерациясынан да келип, улакты тартиби менен өткөрүп беришти", — деди Манас Ниязов.

Сүрөттүн булагы, Socialmedia
Маалыматтарга караганда, Сузак районунун тургуну аты менен сууга кирип кеткен.
"Алдын ала маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун тургуну, 1999-жылы туулган А. У., минип жүргөн атын сугаруу үчүн Жазы дарыясына барган учурда аттын буту тайып, жээктеги жардан сууга кулап кеткен. Натыйжада жаран окуя болгон жерде каза болгон", - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
27 жаштагы маркум Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагынын тургуну болгон.
Ушул эле күнү Өзгөндөгү аламан улак учурунда автокырсык катталып, 26 жаштагы улак күйөрманы оор абалда ооркунага жеткирилген. Дарыгерлер анын колу-буту сынганын маалымдашты. Милициянын маалыматы боюнча, 2000-жылы туулган А. А. дөңгө чыгып, рулду башкарууну жоготуп, жол четиндеги жарга түшүп кеткен.
Социалдык тармактарда кырга чыккан автоунаа дөңсөөдөн катуу ылдамдыкта түшүп келип, токтоп турган башка унааларды сүзгөн видеолор тараган.
"Аламан улак" федерациясы эмне үчүн түзүлдү?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Буга чейин да аламан улактын арты аянычтуу окуялар менен аяктаган учурлар катталган. Ушундан улам былтыр УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен "Аламан улак" федерациясы түзүлгөнү маалым болгон.
"Акыркы мезгилде улуттук аламан улак оюнун өткөрүүдө бирдиктүү эрежелердин жоктугунан улам командалар арасында чыр-чатактар чыгып, айрым учурларда оор жаракаттардан улам адам өлүмү катталууда. Ушуга байланыштуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен оюнду уюштурууну жана өткөрүүнү тартипке келтирүү үчүн жумушчу топ түзүлгөн", — деп айтылган маалыматта.
Федерацияга Чолпонбай Исмаилов президент болуп шайланган. Бирикме өз алдына коопсуз спортту уюштуруу, тартипти сактоо, калыс оюн өткөрүү жана эрежелерди бекитүү максатын койгон.
"Жарандарды бириктирүү аркылуу байыркы ат үстүндөгү «Аламан-Улак» оюнун өнүктүрүү, жайылтуу жана системалаштыруу, аны заманбап шарттарда цивилизациялуу формага келтирүү, «Аламан-Улак» оюнунун инсанды ар тараптуу жана гармониялуу өнүктүрүүдөгү ролун жогорулатуу, калктын ден соолугун чыңдоо жана дени сак жашоо образын калыптандыруу" деп жазылган федерациянын уставында.
Анткен менен 8-февралда Өзгөндө өткөн оюн учурунда ондогон ат кыйноого, аёосуз мамилеге дуушар болгонун социалдык тармактардагы видеолордон көрүүгө болот.
"Көрүүчүлөрдүн коопсуздугун карайбыз. Укук коргоо органдарына, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылабыз. Алар жапатырмак жардамдашат. Милиция кызматкерлери элди оюн талаасына өткөрбөй, тосуп турушат. Мындан сырткары, биздин федерация аттарды ашыкча кордобоого үндөйт. Оюн учурунда ат жыгылып калса, оюнду токтотобуз. Атты тургузуп алгыча улак чабылбашы керек. Эрежеге баш ийбегендер жазаланып, оюндан четтетилет", — дейт "Аламан улак" федерациясынын президенти Чолпонбай Исмаилов.
"Аламан улак тартуу — бул массалык шоу"

Сүрөттүн булагы, Socialmedia
Саясат таануучу, профессор Алмазбек Акматалиев аламан улакта коопсуздукту көзөмөлдөө мүмкүн эместигин, ал спорт эмес, жөн гана шоу экенин белгиледи:
"Аламан улак тартуу — бул массалык шоу. Бир оюнга миңге жакын атчан катышкан учурлар болууда. Бул жерде эч кандай эреже жок, командалар жок. Калыстар деле формалдуулук үчүн тургандай. Анын үстүнө атайын белгиленген оюн талаасы да жок. Көбүнчө аламан улакты байлар, таанымал адамдар же шайлоо учурунда саясатчылар берет. Алар "атым чыксын, эл көрсүн" деген өңүттө беришет окшойт. Мындай эреже сакталбаган жайда коопсуздукту камсыз кылуу мүмкүн эмес. Аттар жабыркап, адам өмүрү кыйылып жатат. Мунун мааниси эмнеде? Тек гана бүйүрдү кызытуубу? Менимче, буга тыюу салууга же катуу тартип киргизүүгө убакыт келди".
Кыргызстанда аламан улакта гана эмес, эрежелери тагыраак болгон көк бөрү оюнунда да адам өлгөн, кырсыктаган окуялар катталган.
Көк бөрү менен аламан улактын айырмасы

Сүрөттүн булагы, gettyimages
"Көк бөрү" федерациясынын сайтындагы маалыматтарга ылайык, көк бөрү оюну үчүн мелдеш атайын даярдалган талаада өтөт. Аянттын узундугу 210 метр, туурасы 80 метр, эгер оюн талаасынын чети тосулган болсо, туурасы 70 метр болушу керек. Оюн аянтчасына жуулган кум төшөлөт. Кумдун калыңдыгы 6-8 см болушу керек. Чабандес 18 жаштан өйдө болушу шарт. Мелдештин алдында улакчы, жобого ылайык, медициналык кароодон өтүшү керек. Оюн учурунда калыстарга толугу менен баш ийүүгө милдеттүү. Команда 12 атчандан турат.
Ал эми аламанда улакчылардын саны, жашы чектелбейт. Кээ бир учурда улакчылардын саны бир нече миңге чейин жеткен учурлар болот. Көбүнчө кышкысын бош талааларда өтөт. Аламан улакты уюштуруп жаткан киши (адатта той ээси) калыстар тобу менен биргеликте, улактын максатын, шартын, улакчыларга, күйөрмандарга, меймандарына жарыялайт. Калыстар тобу байгелердин (соорун) санын маалымдайт. Ат майданында эки жерге мара (улак ыргытыла турган жер) даярдалып, саман же опилка менен белгиленет. Улак (торпок, теке) белгиленген жерге ташталгандан кийин башкы калыс оюнду баштоо белгисин берет, микрофон көтөргөн баяндамачы байгени жарыялайт. Улакчы улакты белгиленген марага таштагандан кийин калыс желегин ылдый түшүрүп, жеңүүчүнү атайт.
Оюнчу улакты (теке, торпокту) марага алып келип, улакты белгиленген чийинден тышкары таштап алса, анда ал оюнчу жеңүүчү катары эсептелбейт, оюн токтотулуп, кайра башынан улак белгиленген жерге ташталат.
Оюнчу улакты маарага жеткирбей, жолдон түшүрүп алса, байге берилбейт, оюн ошол жерден уланат. Оюн учурунда аттар менен түртүшүү курчуп, ат же адам жыгылса, калыс оюнду токтотууга милдеттүү.
Ал эми эрежени бузгандар үч айдан бир жылга чейин оюндан четтетилет. Анткен менен эрежелер аламан улакта канчалык сакталып жатканы боюнча суроолор бар. Жаңыдан түзүлгөн "Аламан улак" федерациясы акырындык менен эрежелерди улакчылардын арасында жайылтуу аракетин көрүп жатканын билдирди.
"Топ-топко бөлүнүп, мафия болуп кеткен"
"Аламан улак" федерациясынын президенти Чолпонбай Исмаилов ата-бабалар улакты жогорку маданият менен ойноп келгенин, акыркы жылдары бул оюн учурунда агрессия күчөгөндүгүн да кошумчалады.
"Акыркы жылдары улакта тополоң, чыр-чатактар болуп, оюнчулар топторго бөлүнүп, бири-бирин коркутуп, өзүнчө эле "мафия" болуп калган болчу. Акыркы 15 жылда ушундай көрүнүш болуп калган эле. Жаштар капа болбосун. Бирок илгери ата-бабаларыбыз өтө таза ойногон улакты. Ушул көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн атайын биздин "Аламан улак" федерациясы түзүлгөн. Учурда кошумча эрежелердин үстүнөн иштеп жатабыз" - деди Чолпонбай Исмаилов.
2025-жылдын 15-октябрында Манас шаардык милициясына "Аламан улак" федерациясынын жетекчиси арыз менен кайрылган. Анда ал ошол күнү Манас шаарында караштуу Кызыл-Суу айылында өткөрүлгөн оюнда кээ бир улакчылар оюндун шарттарын бузуп, судьяга баш ийбегендигин билдирген. Жыйынтыгында беш улакчы үч суткага камалган.
"Бир күндүк шаң, чаң менен өткөн улак эмес, бир өмүргө жол ачкан билим үчүн таймашсак"

Сүрөттүн булагы, Socialmedia
Аламан улакка сайылган соорунду ысырапкерчилик деп баалагандар да бар. Анткени, байгеге кой-козудан баштап, бир нече машине, атүгүл үй, батир сайылган учурлар болот.
"Азыр математика боюнча дүйнөлүк олимпиададан орун алып келген баланы аэропорттон эл тосуп албайт. Жаңылыктарда деле суз тарайт. Эл тарабынан деле чоң талкууланбайт. Ал эми азыркыдай улак, той-аш боюнча жаңылыктар биринчи орунга чыгып кетүүдө. Чет өлкөдө билим алам деген жаштар аябай көп. Бюджеттик орундар аз болгондуктан баары келип каражатка такалат. Ошол аламан улактарга, той-аштарга канчалаган акчалар сарпталып жатат. Ошонун соорундарынан чет жакка чыгып окуп келем деген жаштарга да берсе. Келечегибизге чоң инвестиция кылган болот элек. Ошол аламан улакка канча адам келсе, билимге да умтулгандар ошончо болсо дейт элем. Биз качан гана билим берүүнү жапатырмак колдосок, ошондо гана келечегибизге татыктуу жол сала алабыз. Бир күндүк шаң, чаң менен өткөн улак эмес, бир өмүргө жол ачкан билим үчүн таймашсак"- дейт акын Мелис Маматжанов.
Аламан улакты ойноону токтотууну да, аны өнүктүрүүнү да сунуштагандар бар. Журналист Арген Нуров оюнду тартипке салуу зарыл деп эсептейт.
"Көпчүлүк көк бөрү оюнун кооптуу спорт деп айтып жатышат. Мен көк бөрүнүн ышкыбозу эмесмин жана ат минүүгө да кызыкпайм. Бирок бул оюн жаралганда эле кыргыздар кооптуу экенин билишкен. Билишсе да ошол жаралгандан бери ойноп келатышат. Оюнда бутун сындырып, жыгылып, мушташып, сөгүшүп ал тургай өлүп жатса деле оюндун кызыгы, жыргалы ошондо деп ойной беришет. Кечээки Манас Ниязов өткөргөн оюнда бир бала каза болуп, бир бала жаракат алса соц тармактан көк бөрү оюнун токтотуш керек деп кулак кагып жатышат. Менин оюмча аламан улакка эреже киргизип коюш керек", - дейт журналист.
Былтыр да Ош облусунун Ноокат районундагы аламан улактагы көрүнүштөр социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында кызуу талкуу жараткан. Ош облустук милициянын маалыматында, анда оюн талаасынан чыгып кеткен улакчылар жакын жерде токтоп турган эки унаага зыян келтиришкен. Интернет колдонуучулары улакчылардын ат менен унааларды жөөлөгөнүн, жыгылган атка да көңүл бурбаганын сындашкан болчу.
































