You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Американы "боштондукка чыгаруу күнү". Трамптын дүйнө жүзүнө жарыялаган соода согушу
Алексей Калмыков, Би-Би-Си
Дональд Трамп экинчи президенттик мөөнөтүнүн башталышында эле өзүнүн эң чоң кадамы катары санаган оюн ишке ашыргандай. Ал жана анын командасы эки айдан ашык убакыт камынып, бүт дүйнөгө каршы соода согушун жарыялады.
Трамп Ак үйдүн Роза бакчасында салтанатуу жагдайда 2-апрелди Американы "боштондукка чыгаруу күнү" деп жарыялады. Мында дүйнөлүк соода алакасы жөнүндө сөз болуп жатат. Трамптын айтканына караганда, АКШга импорттоло турган товарларга өткөн кылымдын башталышынан бери болуп көрбөгөндөй тариф киргизилгенин жарыялады.
Соода-сатыкка коюлган бул тоскоолдуктар душмандарды жана досторду ийге келтирип, натыйжада алар акчалай жана аймактык жактан чегинишет деп эсептейт Трамп. Экономисттер болсо эгер бул ишке аша турган болсо эми жашоо шарт кыйындайт деп эскертишүүдө. Бул Трамп тарабынан киргизилген тарифтерге ылайык салыктарды төлөй турган америкалыктардын өздөрүнө да зыянын тийгизет.
"Бүгүн — Американы "боштондукка чыгаруу күнү". Бул Американын тарыхындагы эң маанилүү күндөрдүн бири. Бул америкалык экономиканын көз карандысыздыгынын күнү",- деди Трамп.
"Биз Американы кайрадан бай жана улуу мамлекетке айландырабыз. Жарым кылым бою биздин өлкөдөн алганды гана билишти. Мындан ары андай болбойт".
Трамп өзүнүн жарлыгы менен Кытайга каршы 34%, Евробиримдикке 20%, Японияга 24% жана Индия баштаган бир тобуна 26 пайыздык тарифти "жооп" катары киргизди.
Адатта эң жакыр мамлекеттер бюджетке каражат чогултууда салыктарга караганда импорттук пошлиналардан чогула турган каражатка таянып келишет. Бай мамлекеттерде болсо тескерисинче – алардын импортко карата белгилеген тарифтери бир нече пайыздан ашпайт. Трамптын "жооп" катары киргиздим дегенинин жыйынтыгынан улам, АКШ мындан ары Вьетнам, Мьянма сыяктуу жакыр мамлекеттерден импорттук пошлина үчүн 50 пайызга чейин алат.
Жалпылап айтканда бир да мамлекет мындан четте калбайт. Америкалыктар алардын товарын сатып алганы үчүн болбоду дегенде 10% "минималдуу базалык тарифти" төлөйт. Жалпы пошлина 5-апрелден тарта күчүнө кирет, жогорулатылган тарифтер болсо 9-апрелден тарта пайдаланылат.
Бирок мунун баары эртең эле өзгөрүп кетиши дагы мүмкүн. Буга чейин Трамп тарабынан киргизилип, кайра эле жокко чыгып кеткен мисалдар арбын. Ал эгерде жаңы тарифтер ким бирөөлөргө жакпай турган болсо, өзүңөрдүн пошлиналарды карап чыккыла, жокко чыгаргыла, биз сүйлөшүүлөргө даярбыз жана андан аркысын дагы көрө жатабыз деди.
Кескин чаралар
Трамп Конгрессти буйтап өтүп, жарлык аркылуу тарифтерди киргизүү үчүн улуттук коопсуздукка коркунуч деген трактовканы жүйөө келтирди жана алардын катарына АКШнын соода дефицитин дагы кошту. Ал ушул негиз менен өзгөчө абал режимин дагы жарыялап жиберди. Бул ага мыйзам чыгаруучуларды карап олтурбай эле пошлиналарды киргизип жиберүүгө жол ачат.
АКШ дүйнөдөгү эң чоң экономика. Аны менен баары соода-сатык кылгысы келет. Трамп соода өнөктөштөрү аларга товарын ашыгы менен сатып, өздөрү болсо АКШдан аз эле товар алып, ошонун эсебинен кирешеге туйтунуп жатышат деп эсептейт. Анысы аз келгенсип алардын тарифтери Кошмо Штаттарыныкынан көптүк кылат деп келет. Ал бул ирет "жооп" катары киргизилген тарифтер оюндун эрежелерин өзгөртүп, тең салмактайт деди.
Трамп бул иште негизги үч максатты көздөп турат. Евробирмдик (дүйнөдөгү экинчи экономика), Кытай (үчүнчү экономика) жана коңшулары Канада менен Мексика (бажы уюму боюнча өнөктөштөрү жана коңшулары). Аларга АКШнын соода дефицитинин негизги үлүшү туура келет. Америкалык президент аларга каршы тариф боюнча ичи чыкпай нааразы болуп жүргөн эле. Эми ал оюн ишке ашырды.
Алардын баары "эркин соода бул баштапкы сумма менен ойноло турган оюн эмес, мындан баары өз кирешесин алат" деп жооп берип жатышат. Алар муну дүйнөлүк экономиканын соңку жарым кылымдагы тарыхы айдан ачык көрсөттү дешет. Алардын баары Трамптын чечимине жооп кылып, АКШга карата пошлиналарды киргизүүгө камынууда, бирок дагы деле сүйлөшө алабыз деп үмүт кылып турушат.
Деген менен азырынча дүйнө жаңы реалдуулукта таңды тосот. Анда дүйнөнүн эң кубаттуу жана күчтүү делген мамлекети баарынан тарифтик тоскоолдуктар менен коргонуп, өзүнүн эле гүлдөп өнүгүүсү үчүн керек болсо кошуналарынан дагы кол үзүп салаары байкалып турат.
Мындан ары Трамп менен тил табышып, макулдашып же уруша кеткен соң кандай тарифтер киргизиле тургандыгын так айтуу мүмкүн эмес. Бирок экономисттер азыртан эле учурдагы импорт товарлар үчүн алынып келе жаткан 3-4 пайыздык тарифтер Трамптын чечими менен 10-15 пайызга чейин жогорулайт деп болжоп жатышат.
Салыштыруу үчүн алсак, учурда Евробиримдик үчүн пошлинанын чени 5 пайыздын айланасында, Кытай үчүн 7.5 % ал эми Индия үчүн 17 пайызды түзөт.
Орточо көрсөткүч ооруканадагы орточо температура сыяктуу эле абдан шартту түрдө. Бирок ал, эгерде Трамп жаңыдан киргизген пошлиналар чындап эле ишке аша турган болсо дүйнөлүк соода-сатык жана дүйнөнүн жалпы бакубатчылыгы канчалык кесепет тарта турганын болжолдуу көрсөтө алат. Ал буга чейин анчейин байкалбаган тарифтердей болуп калып калбайт.
Трамп президентигинин биринчи мөөнөтүндө ар башка өлкөлөрдөн импорт салыгын алып келген жана экинчи мөөнөтүнүн башталышында дагы ал ишин уланткан. Бирок алар азыркы пошлиналардын чени менен салыштыра келгенде майда-барат сыяктуу эле болуп калды. Трамптын соңку ирет Ак үйдүн Роза бакчасында жарыялаган "Американы боштондукка чыгаруу" планы мурда болуп көрбөгөндөй иш.
Трамп "жооп" катары киргизилген пошлиналар соода-сатыкта адилеттүүлүктү орнотот деп эсептейт. Трамптын командасы бул тарифтердин планын ал экиничи ирет январь айында Ак үйгө кайрылып келгенден тарта даярдай башташкан.
Эгерде Трамп президенттигинин биринчи мөөнөтүндө негизинен Кытай менен соода согушун жүргүзүп келген болсо ал бул ирет өзүнүн эң башкы атаандашы эле эмес, эң башкы досторун кошуп бутага алууда.
"Трампка тарифтер майдай жагат"
Трамп, АКШнын душмандары дагы, союздаштары дагы эгер АКШдан өздөрү сатып алганга караганда, АКШга көп товар сатып жаткан болсо анда алар Американын эсебинен жыргап жатышат деп эсептейт. Пошлина андай импортту чектеп, америкалык өндүрүүчүлөрдү колдоп, түшкөн киреше болсо казынаны толуктап, анын эсебинен элге салынган салыктарды азайтууга, экономиканы өстүрүүгө жол ачылат дейт. Трамптын тарапташтары дагы буга абдан ынанат.
Трамп "соода согушун" биринчи ирет жарыялап жаткан жери жок
2018- жылы дүйнөдөгү эң кубаттуу экономикага ээ болгон АКШ менен Кытайдын ортосунда 600 млрд доллар көлөмүндөгү сооданын талашы ырбап кеткен.
АКШнын лидери Трамп "соода тармагындагы мазактоого мындан ары чыдай албайбыз. Биз ага жол бербейбиз" деп кайрылуу жасаган. Андан бир ай өткөндөн кийин, Вашингтон Кытайдын 3 миллиард долларлык импортуна олчойгон салык салып, Бээжиндин реакциясын байкап көргөн эле. Кытайдын жообу дагы АКШдан кем болгон эмес.
Дональд Трамп АКШ-Кытай ортосундагы соода дефицитин азайтууну көздөй турганын айткан. Ошол жылдары АКШ жылына 500 млрд долларга кытай товарларын сатып алып турган, ал эми Кытайдын өзүнө кайра сатканы 130 млрд долларды түзгөн. Трамп мындай чоң айырма кытай бийлигинин өздөрүнүн экономикасын катуу кармаган "уятсыз саясатынын" айынан болуп жатат деп сындаган.
Кытай жетекчиси үчүн бул талашта жемин жедирип жиберүү - намыстын эле иши эмес, он жылдыктын эң ири долбоору болгон "Made in China 2025 стратегиясы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Кызыгы ушул учурда Кытайды Трамптын "эски досу" Си Цзинпин жетектейт, Вашингтонго болсо Трамп экинчи ирет кайтып келди.