Футбол: Роналдунун курулай кубанычы. Гол башканыкы болуп чыкты

Футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын тайпалык оюндарынын экинчи айлампасы жыйынтыкталды. “G” жана “H” тайпаларынын оюну болуп, Бразилия алдын ала тайпадан чыккан командалардын катарына кошулса, Түштүк Корея африкалык команда Ганага утулуп өздөрү эсепке ишенбей эси ооп турат, ал эми Камерун – Сербия оюнунда голдор мөндүрдөй эле жаады. Чирки-и-ин бирде туруп оңдон тебет, бирде туруп солдон тебет. Кайып-кайып өтүп жатты тим эле.

Неймар жок, бирок Бразилия басыгынан жазган жок

“G” тайпасында көңүл борборундагы матч дей турганыбыз Бразилия – Швейцария оюну эле. Эки команда тең биринчи тайпада өз атаандаштарын утуп чыгып, капчыктарында үчтөн упай бар болчу. Бул беттеште уткан команда дароо плей-офф бөлүккө алдын ала билетти алып коймок. Так ошол себептүү бул оюндун барк-баасы жогору болуп турган.

Биринчи айлампада Сербия менен оюнда жаракат алып калган Бразилиянын негизги жылдызы Неймар, бул оюнга чыккан жок. Тез сакайып кетсин деп туруп кепти улайлы.

Швейцария алгачкы мүнөттөн баштап буга чейинки Сербиянын катасын кайталабастан чабуулга-чабуул менен жооп берип турууну тандаган экен. Ошондуктан Бразилия биринчи таймда аянтты толугу менен көзөмөлдөй алган жок, кай бир учурда Швейцария футболчулары оюнду кызытып коюп жатты.

Бирок, канча аракет кылбасын Швейцариянын чабуулдары таамайлыгы менен өзгөчөлөнгөн жок. Ал эми Бразилиянын аракеттери ары кооптуу, ары кызыктуу болуп турганын кантип жашырабыз? Кызыктын баары экинчи таймда башталды.

Тим эле көгүлтүр экранды тешип кирип кетчүдөй тиктедик окшойт. Жеңишке жетүүгө жакшы мотивацияны Бразилиянын машыктыруучусу бере салдыбы бейм, айтор баягы “сарылар” кайра кайтып келди. Топту ээлеп алып, швейцариялыктардын аянтынан чыкпаганы-чыкпаган. Улам кысып жүрүп, 66-мүнөттө атаандашы акыры дарбазаны ачып берүүгө аргасыз болду. Бирок швейцариялыктар гол кирип кеткенине бекер эле өкүнүп жатыптыр. Калыс “сарылардын” демин басып, бул гол офф-сайт абалында болгонун айтып, голду жокко чыгарып салды. Мына сага… Мындайга жинденген Бразилияны эми токтотуу мүмкүн болбой калды өңдөнөт.

Аларың абалкысынан ашып түшүп, жашыл майсаңда тим эле куюн көтөн мамыттай чуркап, атаандаштын аянтында оюн салып жатып алды. Акыры көгөрүп жүрүп, оюн бүтөргө жети мүнөт калганда Каземиро швейцариялыктардын дарбазасынын ачкычын таап алды. Бул саам талашы жок гол болду. Утула баштаган Швейцария кантсин?

Чабуул кылайын десе Бразилия бир гол менен тынчыбачудай кейпин көрсөтүп, дагы чабуулун күчөтүп кирсе, айла жок коргоодон башы чыкпай, оюнду бүтүрдү. Жалпы эсеп; Швейцария – Бразилия 0:1 жана Бразилия бул турнирде Франциядан кийин эле ишеничтүү алты упай менен тайпадан чыккан командага айланды.

Камерун – Сербия: мөндүрдөй жааган голдор

Швейцария Бразилияга утулганы менен азырынча тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн дале сактап турат. Анткени Сербия менен Камерундун беттешинде командалар жеңүүчүнү аныктай албай коюшту. Бул эки команда дем басканга мүмкүнчүлүк бербей бири-бирине голдорду шыкап жатышты эле, оюн бүткөндө санай келсе, жалпысынан алты гол киргизип салышыптыр.

Дал ошончо голду Сербия менен Камерун тең бөлүп алып, эсепти 3:3 кылып тарап кетишти. Аласа-бересеси жок немедей жашыл майсаңдан жалаңдап чыга келишти. Оюн бир укмуш болду. Жөн эле көркөмдөп жатат деген шек кетсе, аягына чыгара окуңуз дагы шарт эле интернетке кирип өзүңүз да бир карап коюңуз. Булардын тең чыгышы дагы деле болсо тайпада Швейцарияны экинчи орунга калтырды. Учурда Бразилияда алты, Швейцарияда үч жана Камерун менен Сербияда бирден упай бар.

Роналду гол киргиздим деп сүйүндү, бирок гол башканыкы экен

Португалия жайгашкан “Н” группасында Роналдунун командасы алдын ала тайпадан чыгууну камсыздоо үчүн сөзсүз жеңиши керек болчу. Андыктан Уругвай менен кезектеги оюнда Криштиану Роналду командасындагы оюнчулардын баарын алдыны көздөй үгүттөп жөнөдү.

Бул беттегинбизди бербейбиз дегендегиси болсо керек. Уругвай канча аракет кылбасын, Португалиянын чабуулу курч жана кооздугу менен өзгөчөлөнүп жатты. 54-мүнөттө Португалиянын оюнчусу Фернандеш сол канаттан Роналдуга топту көтөрүп берип, Криштиану башы менен сүзүп киргизип, эсепти ачат. Бул гол Роналду үчүн тарыхый гол деп дүйнөлүк медиа бир заматта ээнчилеп, дүңгурөтө баштады.

Сөздүн ачыгын айтыш керек, мындан ары Криштиану Роналдунун ар бир голу Португалия үчүн тарыхый гол боло берет. Анткени Португалиянын тарыхында Роналдудан көп голду киргизген киши болбоптур. Мына ушундан улам ал өз рекордун өзү жаңыртып тарыхты жаңылай бермекчи. Бирок капитандын сүйүнүчү эки мүнөткө чейин эле созулду. Кайталоодон таамай көрүнгөндөй, Криштиану башы менен топту дарбазага сүзбөптүр. Көрсө алдыраарда жаздыраар болуп, анын бою топко саналуу эле милиметр жетпей калыптыр. Түгөттүкү десе… Ошентип гол Фернандештин өзүнө жазылып, протокол оңдолду. Эки мүнөттө кандай гана алкыштарды укпады кайран Криштиану.

Андан соң оюн аяктай турганга аз калганда Криштиану Роналду машыктыруучу тарабынан башка оюнчуга алмаштырылды. Ошону менен Криштиану бул матчта гол киргизе албай калды.

Балким алмашууга чыкпаганда Роналду өз голун деле жазып калмак өңдөнөт. Дегенибиз, 90 мүнөттө Уругвай оюнчусу кол менен топко тийип жибергендиктен, Португалия пенальти тебүүгө мүмкүнчүлүк алды жана ушул жерден көбү Роналдуну эстеп, кап ай ээ, ушул жерде ошол ишке жарамак деп акмалап калды өңдөнөт. А бирок ансыз эле, Бруно Фернандеш эсепти 2:0 кылып, Португалия 6 упай менен ишеничтүү тайпадан чыгып отурат.

Ал эми Уругвай абалды сактоо үчүн кийинки оюнда Гананы утууга милдеттүү болуп калды. Антейин десең, Түштүк Корея менен Гана оюнунда азиялыктар упай топтогондун ордуна африкалыктарга чачып салды. Топ тоголок экенин ушул оюн таасын көрсөттү.

Оюн жүрүшүндө 22 жолу Корея чабуул узатып, ал эми Гана болгону 7 жолу жооп берген. Бирок африкалык команданын чабуулу керектүү учурда, керектүү жерде таамайыраак болуп жатты.

Ошентип оюндун 64 пайызын башкарып жаткан Корея 90 мүнөттүн жыйынтыгы менен Ганага 2:3 эсебинде жеңилип калса болобу? Турнирдик жадыбалды карасак, Корея менен Уругвай бир упай менен акыркы орунда келе жатат. Гана алгачкы жениши менен үч упайга ээ болуп, экинчи орунга чыкса, Португалия 6 упай менен алдын ала эле топтон чыгуу тапшырмасын аткарып койду.

Самат Жумакадыров, атайын Би-Би-Си үчүн.