“Ырысыбызды тээп аткандайбыз”. Миллиарддаган кирешенин булагы булгандыбы?

“Ырысыбызды тээп аткандайбыз”. Миллиарддаган кирешенин булагы булгандыбы?

Кыргызстандын өкмөтү чет элдик студенттер сабалган тополоң окуяга катуу кабатыр экенин билдирди жана жабыркагандардын баарына келген зыянды төлөп бермекчи болууда. Ал ортодо түнкү тополоңдон чочуп калган пакистандык жана индиялык студенттер Бишкектен үйлөрүнө кайтып кетүүдө.

Кыргызстандын өкмөтү түнкү тополоңдо жабыркаган чет элдик студенттерге келген зыянды төлөп берген жатат. Жабыркагандар баары 41 киши экени, 20-майдын таңына карата 11 бейтап ооруканада жатканы кабарланды.

Медициналык багытта окуп жаткан индиялык жана пакистандык студенттер убактылуу онлайн режимде окууга өттү. Ошол эле убакта коркуп калган студенттердин алды үйлөрүнө кайтып кете баштады.

"Көп студенттер коркуп калышты. Азыр көп студент Кыргызстандан кетип жатышат. Бул коопсуздук үчүн жакшы деп ойлойм. Бирок, кала тургандар дагы бар. Бул жылкы окуунун бүтөрүнө бир эле семестр калды. Ал онлайн-режимге которулду",-дейт Би-Би-Сиге Ахмад Анас, Кыргызстан эл аралык университетинин студенти.

18-майга караган түнү Бишкекте чет элдик студенттердин жатаканасына кол салуу жана уруп-сабоо фактыларын укук коргоо органдары иликтеп, буга күнөөлүү адамдарды кармап, жоопкерчилигин карап жатканын билдирүүдө.

"Алдын ала пландалган"

Бишкекте чет элдик студенттердин жатаканасына кол салуу Кыргызстандын туризм жана билим берүү жаатындагы беделине чоң сокку урган кесепеттүү окуя болуп калды. Күч органдары эмнеге ээнбаштардын тизгинин убагында тартып коюшкан жок, чет элдик студенттердин коопсуздугуна болгон шалаакы мамиле үчүн эмнеге күч түзүмдөрүнүн башчылары кызматтан алынбай, чекеден сыланып жатат деген суроолор талкуунун чордонунда турат.

“Менин көз карашымда бул алдын ала пландалган акция”,-деди "Кыргызстандын эл аралык университетинин" ардактуу президенти, академик Асылбек Айдаралиев.

Анын айтымында, 18-майда түнкү саат бирден кийин жаалданган топ "Эл аралык университетте" окуган студенттердин жатаканасына башка жагынан эшигин сындырып кирип барган.

“Биздин жатакана жабык аймак. Эмнеге биздин жатакананы тандап алышты? Бир жерде көп сандагы студент жашайт. 600 адам жашаган чоң жатакана. Арткы жол менен эшик-терезелерди сындырып кирип барышкан”.

Академиктин айтымында жулунуп кирип барган топ кабаттарды кыдырып чуркап, эшиктерди талкалап, студенттерге кол көтөрүп, акчаларын, кымбат баалуу буюмдарын, телефондорун алышкан.

“Милиция бир кадам кыймылдаган жок”,-деди Асылбек Айдаралиев. “Ырас, алар кийин кийлигишүүгө аракет кылышты”, бирок аларды да сабашты”.

Миллиардаган кирешенин булагы

Азыркы убакта Кыргызстанда 200 миңден ашык студент болсо, анын 30 пайызга жакыны чет өлкөлүк студенттер. Садыр Жапаров алардын саны 42620 деп айтты.

Президент атайын кайрылуусунда чет элден келип жаткан студенттер өлкөгө миллиарддаган киреше алып келип жаткан тармак экенин баса белгиледи:

"Башка өлкөлөр өз өлкөсүнө туристтерди келтире албай убара. Ал эми биз келген ырысыбызды тээп аткандайбыз".

"Ошолордун калтырган каражаттарынан салык түшүп, ошолорго кызмат көрсөткөн окуу жайлар, чакан ишкерлер пайда таап жатканын, биздин экономикага миллиарддаган киреше алып келип жатканын кантип билбейбиз?"

Чет элдик студенттер негизинен Пакистан, Индия өлкөсүнөн келип, медицина багытында окуп жаткандар. Алар Кыргыз медицина академиясы, ОшМУ, ЖАМУ, МУКтан сырткары дагы он чакты жеке менчик медициналык жогорку окуу жайында окушат. Алардын ичинде Азиямед, Салымбеков университети, Эл аралык медициналык университет ж.б бар.

Чет өлкөлүк студенттердин катышы боюнча Кыргызстан Борбор Азиядагы лидер болуп саналат. Он миңдеген студент жыл сайын өлкөгө миллиарддаган киреше алып келүүдө. Медициналык багытта окуган ар бир студент жылына кеминде 3000 доллардан кем эмес акча төлөйт.

Алардын эсебинен медициналык багыттагы окуу жайлар жакшы каражат таап, өнүгүп жатат. Мисалы, Кыргыз медициналык академиясында 3000 чет элдик студент окуйт. Алардан келген каражата академиянын бардык каржылоосунун 80% түзөт.

«Булар биздин инвесторлор»,-деди КМАнын ректору Индира Кудайбергенова.

«Менин кыргызстандыктарга кайрылам. Сабырдуу, кечиримдүу болгула. Балким, биздин студенттер жактан кээде каталык кетип калышы мүмкүн. Алар биздин тилди так түшүнбөгөндүктөн орой жооп кайтарып коюшу мүмкүн. Бирок алар биринчи курста эле кыргызча сүйлөп башташат… биздин элди аябай сыйлашат».

Чет элдик студенттер окуусуна төлөгөн акчадан сырткары жатаканага, тамак-ашка, транспортко, байланыш жана башка кызматтарга да акча коротушат. Алардын эсебинен кызмат көрсөткөн көп адамдар акча табат.

«Элестеткиле, ушунча келген студент университеттердин бюджетине түздөн түз канча салым кошуп жатат. Андан сырткары, класстердик пайдасы бар. Жатаканага, батирге, хостелге төлөйт, такси кызматын пайдаланат, дүкөнгө барат, ж.б. Биз экономист эмеспиз, бирок азыр ар түрдүү суммалар айтылууда. 12 миллиард сомдон 16 миллиардга чейин жылына пайда алып келет»,-деди билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу.

Билим жана бизнес

Индия менен Пакистандын жаштары Кыргызстандын жогорку окуу жайларына жайнап келип окуган себеби, бул жакта окуунун наркы арзан болгондугунда. Ошол себептүү өлкөдөгү медициналык гана окуу жайлар эмес, башка багыттагы университеттер да медицина багытында окутууга өтүп жатышкан. Мисалы, Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Индия менен жаңы гана сүйлөшүүлөрдү аяктап иш баштаганы жатканын билдирди.

Кыргызстанда чет элдик студенттер көбүнчө Индия менен Пакистандан келгендер. Алардан сырткары «Манас» университетинде, КУУ, БМУ жана башка окуу жайларда Кытайдан, Түркиядан, Россиядан жана коңшу мамлекеттерден келип окугандар бар.

«Ар бир өлкөнүн өнүккөндүгүн чен өлчөмү, биринчиден адам өмүрүн узактыгы. Экинчиси билим берүүнүн деңгээли. Жогорку билимдүү элдин саны. Билим берүүнүн экспорту – ошол өлкөдөгү билим берүүнүн деңгээлинин негизги критерийлеринин бири. Бизге чет өлкөлүк студенттердин келип жатканын сүйүнүү менен кабыл алышыбыз керек. Биз колдон келишинче жагымдуу шарттарды түзүп, коопсуздугун камсыз кылышыбыз керек»,-деди Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Абдылда Мусаев.

Ошол эле учурда кыргыз жогорку окуу жайларындагы билим берүүнүн сапаты маал-маалы менен Индия жана Пакистан мамлекеттеринде көтөрүлүп келген. Мындан үч жыл мурда Пакистан Кыргызстандын беш жогорку окуу жайын кара тизмеге киргизип коюп, бир катар сүйлөшүүлөрдөн кийин маселе оң чечилген.

Эки жыл мурда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 17 медициналык окуу жайын талапка жооп бербейт, бизнеске айланып кетти деп жабууга аракет кылганы элдин эсинде. (КС)