“Кыргызфильмдеги” тасмалар санариптештирилет, Шайлоо-2021, Түндүк Кореянын ракетасы
19-октябрь: Күндүн жаңылыктары
“Кыргызфильмдеги” пленкага тартылган тасмалар санариптештирилет

Сүрөттүн булагы, Маданият министрлиги
Т.Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын казынасындагы эски фильмдер эми санариптештирилет. Аталган студия пленкага тартылган тасмаларды санариптөө жана аны узак мөөнөткө сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул тууралуу маданият министрлигинен кабарлашты.
Кечээ, 18-октябрда Т.Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясында “Blackmagic Cintel Scanener” техникалык жабдуу комплексинин бет ачар аземи өттү. Анда Киностудиянын директору Акжол Бекболотов заманбап техниканын пайдалануу жана аны колдонуу ыкмасын көргөзүп берди.
Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Түркиянын Кыргызстандагы Толук ыйгарым укуктуу элчиси Ахмат Садык Доган, Түрк Кызматташтык жана координация агенттигинин өкүлдөрү жана эки өлкөнүн кино ишмерлери катышты.
“Мындай жабдуу менен эми Киностудия пленкага тартылган эски тасмалады санариптөөгө жана аны узак мөөнөткө сактоо иш аракеттерин жүргүзөт. Учурда киностудияда 900дөн ашуун тасма бар”,- деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, заманбап техниканы Кыргызстандагы Түрк Кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тапшырды. (MD)
Шайлоо-2021: добуш сатып алуу боюнча арыздар түштү

Сүрөттүн булагы, Official
Боршайкомдун ыкчам жооп берүү боюнча координациялык тобуна Н.Бакаев аттуу жарандан арыз түштү.
Арызданган жаран Кочкордогу №32 бир мандаттуу округдан Н.О аттуу тургун шайлоочуларды сатып алуу аракетин жасап жатканын айтып кайрылган. БШК бул маалыматты тактоо үчүн ИИМге кайрылды.
Кадамжайдагы №3 шайлоо округуна байланыштуу Н.Т талапкерге карата дагы бир арыз түштү. Талапкер Кызыл-Булак айылындагы окуучуларга бекер мектеп формасын таратканы айтылууда.
Бул маалыматтын да чын-бышыгын текшерүү боюнча материалдар ИИМге жолдонду.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Шайланчу 90 депутаттын 54 партиялык тизме менен калган 36 депутаты бир мандаттуу округдан шайланат. (EK)
Түндүк Корея Жапониянын жээктерин көздөй баллистикалык ракета учурду

Сүрөттүн булагы, KCNA
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Түштүк Кореянын аскердик кызматы билдиргендей, Түндүк Корея Жапониянын жээгиндеги сууларды көздөй баллистикалык ракета учурган.
Түштүк Корея, Жапония жана АКШнын чалгын кызматтарынын башчылары Түндүк Корея жөнүндө талкуу кылуу үчүн Сеулда ыктымал жолугушкандан кийин болууда.
Пхенян эл аралык катаал санкцияларга карабастан курал-жарак өндүрүү программасын улантып келатат.
Бириккен Улуттар Уюму баллистикалык ракеталарды жана өзөктүк куралдарды сыноодон өткөрүүгө тыюу салат.
Түштүк Корея дагы өзүнүн курал-жарактарын өндүрүп жаткан чакта, соңку апталарда Түндүк Корея ракеталарды учурууга басым жасоодо. Байкоочулардын айтымында, бул Корея жарым аралындагы курал-жарак жарышына айланууда.
Жакында эле Сеул деңиз астындагы кемеден учурулчу ракетасын көрсөттү. Ал Түштүк Кореянын бул аптадагы эң ири коргонуу куралдарынын көргөзмөсүнө коюлат. Андан тышкары, өлкө өзүнүн космостук ракетасын дагы учурат.
Жарым аралды эки өлкөгө бөлгөн Корея согушунан кийин чыр-чатак ок атууну токтотуу келишими менен 1953-жылы аяктаса да Түндүк менен Түштүк Корея иш жүзүндө согушуп келатат.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өткөн аптада Корея жарым аралында кайрадан согуш чыгышын каалабаганын айтып, бирок өлкө өзүн душмандардан, тагыраагы ал кастык үчүн айыптаган АКШдан, коргоо үчүн курал-жарак жасоону улантарын билдирген.
АКШнын президенти Жо Байден Түндүк Корея менен сүйлөшүүнү кааларын бир нече жолу айтып, бирок санкцияларды алардан мурда Пхенянга өзөктүк куралдардан баш тартуу талабын койгон. Түндүк Корея андан баш тартып келет. (EA)












