You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Газпромсуз" келечек: Евробиримдик жаратылыш газы жок жашоону пландаштырууда
Евробиримдик климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү алкагында жаратылыш газынан баш тартып, 2050-жылга чейин казылып алынган отундун олуттуу бөлүгүн таза энергия булактарына алмаштырмакчы. “Газпром” Европа керектеген газдын ири камсыздоочусу.
Шаршемби күнү ЕЕврокомиссия күчөп турган энергетикалык каатчылыкка жана газдын баасы асмандап өскөнүнө карабастан, газ базарын реформалоо долбоорун сунуштады. Бул долбоор президент Путинге эле эмес, Евробиримдиктин айрым өлкөлөрүнө да жакпайт турганы анык.
Ошондуктан, бул долбоорду алдыда татаал жолдор күтөт: долбоор мыйзамга айланышы үчүн Еврокомиссиянын демилгесин (чындыгында Евробиримдиктин өкмөттөрү) Европарламенттин депутаттары жана Евробиримдиктин 27 өлкөсүнүн бийликтери колдоп бериши керек болот, алар планетадагы эң ири саясий биримдиктеги дээрлик жарым миллиард калктын өкүлдөрү.
Еврокомиссия төмөндөгүлөрдү сунуштап жатат:
- Табигый газдын ордуна суутек. 2050-жылга чейин парник газдарынын бөлүнүп чыгуусун нөлгө түшүрүү үчүн ЕБ экономикасын электрлештирүүсү жетишсиз болот. Өнөр жай дагы деле газга муктаж болот, эгер андай болсо, ал казылып алынган эмес, “таза” болсун, деп чечти Еврокомиссия. Газга негизги альтернатива суутек болуп саналат. Аны өндүрүү үчүн технологиялар бар, бирок алар абдан кымбат. Евробиримдик инфраструктурага инвестиция салуу жана мамлекеттик колдоо аркылуу алардын баасын төмөндөтүүгө жана суутек отун элементтерин чыгарууну жана кайра жаралуучу булактардан суутек өндүрүүнү рентабелдүү кылууга үмүттөнөт.
- Узак мөөнөттүү газ келишимдеринен баш тартуу. "Газпром" дал ушундай мунайдын баасына байланган эки тараптуу келишимдерди түзөт жана президент Путин муну сүрөп келет. Бирок Евробиримдик эркин рынокту туруктуу камсыздоонун кепилдиги катары көрөт. Евробиримдик жаратылыш газынан дароо баш тартуу мүмкүн эмес экенин моюнга алды, бирок көз карандылыктан арылуу үчүн аны сатып алуу боюнча узак мөөнөттүү келишимдердин мөөнөтүн 2049-жылга чейин чектөөнү сунуштады.
- Стратегиялык корлорду түзүү. Европада акыркы айларда газдын баасынын болуп көрбөгөндөй өсүп кетишинин негизги себептеринин бири - жер астындагы кампаларда газдын жетишсиздиги болду. Европа “Газпромго” сөөмөйүн көрсөтүп жатат, ал болсо бардык келишимдерди аткарып жатканын айтууда. Мындан ары мындай кырдаалга туш болбоо үчүн Еврокомиссия АКШдагы мунайдын стратегиялык резервинен үлгү алып, үзгүлтүктөр болгон учурлар үчүн стратегиялык газ корун түзүүнү сунуштады.
Бул үч пункт менен кымбатчылыкка, ковид кризисине жана калктын нааразычылыгынын өсүшүнө карабастан, ЕБ экономиканы “жашыл реструктуризациялоодон” баш тартпай турганын көрсөтүп жатат. Мындан тышкары, ЕБ Россияны газдык шантаж деп түздөн-түз айыптабаса дагы, газды саясий кысымдын куралы катары, айрыкча ЕБнын өнөктөштүк келишими бар коңшуларына – Украина, Молдова жана Грузияга, колдонууга жол берилбестигин ар дайым белгилеп келет жана Россия менен тирешүүнү курчутууга даяр.
Орусия келечекте экономиканын негизи катары казып алынуучу отунду экспорттоо оюнан баш тартпайт жана жакында ишке киргизилген, бирок али бекитиле элек, Украинаны айланып өтүп, Балтика деңизинин түбү менен Германияга газ экспорттоочу “Түндүк Агым-2” долбоорун курууну улантууда.
Европа керектеген газдын үчтөн бир бөлүгүн Орусиядан сатып алат жана Кремль Евробиримдиктин энергетикалык базарын реформалоого нааразылыгын бир нече жолу билдирген. Муну Путин газдын азыркы кымбатташынын себеби деп, ал эми Еврокомиссияны “билермандар” деп атаган.
Путин сентябрда: "Еврокомиссиянын али мурдагы курамындагы билермандар газдын базар баасын ойлоп табышкан, - деген. - "Эми каалаган максатыңарга жеттиңер... Ал эми биз менен Европада узак мөөнөттүү келишим түзүүгө макул болгондор азыр колдорун ушалап, кубана алышат”.
Евробиримдикте деле баары эле ыраазы эмес
Бирок Еврокомиссия Европанын орус газына болгон көз карандысыздыгы үчүн эле эмес, жалпысынан көмүр суутектеринен көз карандысыз болуу үчүн күрөшүп жатат. “Жашыл революциянын” чоң планын Евробиримдик июлда эле алып чыккан жана жаңы сунуштар аны толуктап гана жатат.
"Европа жаңы баракты ачып, казып алынуучу отундар менен коштошуп, таза энергия булактарына өтүшү керек. Бул жаратылыш газын суутек сыяктуу жаңылануучу жана аз көмүртектүү газдарга алмаштырууну камтыйт", - деди вице-президент Франц Тиммерманс.
Азыр газ Европанын жалпы энергетикалык балансынын 25%, электр энергиясын өндүрүүдө - 20%, жылуулук өндүрүүдө - 40% жакынын түзөт.
Евробиримдик жылына 350-400 миллиард газ кубометр керектейт. Анын 95% жаратылыш газына туура келет, Еврокомиссия аны алмаштырууга чакырган абдан "таза" газдарга болгону 5% туура келет.
Келечекте “таза газдар” акырындык менен казылып алынган жаратылыш газын алмаштырып, Еврокомиссиянын сунуштарына ылайык, 2050-жылга карата жалпы энергетикалык баланстын газ компонентинин чоң үлүшүн ээлеши керек.
Брюсселдеги чиновниктердин шамдагайлыгы баарына эле жага берген жок. Газдын рекорддук жогорку баасы шайлоочулардын капчыгына сокку урду жана Евробиримдиктин бай эмес өлкөлөрүнүн бийликтери пандемиядан чарчоо менен бирге электр энергиясына жана жылуулукка болгон чыгымдардын өсүшү элди сабырдуулуктун чегинен чыгарат деп кооптонушат. Польша газ кризисинен улам абага чыгарган көмүр кычкыл газын кыскартуу боюнча максаттарын кайра карап чыгуу жөнүндө ойлонуп жатканын буга чейин айтып чыккан.
Башкалар, тескерисинче, Еврокомиссия этият болуп жатат деп ойлошот. Мисалы, Франция менен Испания эркин энергия базарына кийлигишүүнү жана убактылуу чектөөлөрдү киргизүүнү жакташат. Евробиримдиктин өкүлдөрү мунун кереги жок экенин ырасташат, анткени жазга чейин баанын өсүшүнүн себептери кандайдыр бир жол менен чечилип калат деп эсептешет.
Еврокомиссия кризис убактылуу жана бул жашыл келечекке карай жолдо токтоп калууга себеп эмес деп ишендирет. Шаршемби күнү бул позицияны коргогон ЕБдеги эң беделдүү добуш чыкты.
Германия – Европада эң ири экономикасы бар, эң көп калктуу өлкө жана Европанын өнөр жай борбору - жалпы европалык максаттан 5 жыл мурда, 2045-жылга чейин өзүндөгү парник газдарын абага чыгарууну нөлгө түшүрүү чечкиндүүлүгүн ырастады.
"Биздин артыбызда көмүр, мунай жана газды иштетүүгө негизделген 250 жылдык гүлдөп-өсүшүбүз калды. Алдыда биз казып алынган отундардан алыс болушубуз керек болгон 23 гана жыл бар. Биз муну жасайбыз", - деди Германиянын жаңы канцлери Олаф Шолс шаршемби күнү.