Канаданын премьери Жастин Трюдо кызматтан кетерин жарыялады

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо башкаруучу либералдык партиянын лидерлигинен жана премьер-министрликтен кетерин жарыялады.

Өлкөдө премьер-министрди алмаштыруу жараяны адатта бир нече айга созулат. Мындан улам Трюдо анын ордуна келе турган адам аныкталганга чейин кызматын аркалап турарын тактады.⁠

"Премьер-министр болуп иштөө ар күн сайын сыймык болду. Биз пандемия учурунда кызмат кылдык, күчтүү демократия үчүн, бизнести жакшыртуу үчүн иштедик", - деди ал журналисттерге.

"Бул өлкө кийинки шайлоодо чыныгы тандоого татыктуу. Эгер мен ички күрөшүүгө барышым керек болсо, алдыдагы шайлоодо эң жакшы вариант боло албасымды түшүндүм".

Буга чейин ал кийинки шайлоолордо партияны жетектейм деп убада берип келген.

Парламенттик шайлоо 2025-жылдын 20-октябрында өтмөк. Жастин Трюдо парламенттин иши 24-мартка чейин токтотула турганын жарыялады. Демек шайлоо мөөнөтүнөн мурда болушу мүмкүн.

Трюдо отставкага кетерин жарыялап жатып парламент бир нече айдан бери иш жүзүндө кризиске кептелгенин, башкаруучу партия ички тирешүүлөрдөн улам кыйынчылыктарга туш болгонун моюнга алды.

Декабрь айында вице-президент жана каржы министри Кристина Фриланд ички тирешүүлөрдөн улам кызматтан кеткен.

Жакында эле Трамп Канада өкмөтүн мыйзамсыз иммиграция жана баңгизат соодасы үчүн айыптап, чек ара коопсуздугу камсыздалбаса, 25 пайыздык бажы салыгын киргизерин эскерткен.

Жастин Трюдо эмгек жолун мугалимдиктен баштаган. Атасы 2000-жылы каза болгондон кийин саясатка активдүү аралашып, 2008-жылы либералдык партиядан депутат болуп шайланган. Ал партияны 2013-жылы жетектеп, 2015-жылы либералдар парламенттик шайлоодо жеңип чыккандан кийин премьер-министр болгон.

Жастин Трюдонун атасы Пьер Трюдо Канаданын өкмөтүн 20 жылга жакын жетектеген. (SA)