Украинадагы согуш: орустардын чабуулунан үч адам каза таап, ондогондор жарадар болушту

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Украинанын Чернигов, Сумы, Донецк жана Херсон облустарына болгон Орусиянын соңку чабуулдарынан үч адам каза таап, 26 киши жараат алды. Бул тууралуу аталган аймактардын бийликтери билдиришти.
Чернигов облусунда 71 жаштагы эркек киши каза тапканын жергиликтүү администрациянын башчысы Вячеслав Чаус билдирди.
Дагы эки адам Донецктин Краматорск жана Алексеев-Дружковкада каза таап, жети киши жарадар болгон. Бул тууралуу Донецк облустук аскердик администрациясынын башчысы Вадим Филашкин билдирди.
Херсон облусунда сегиз адам жаракат алып, дрондордун чобуулунан Сумы облусунда эки аял, эки эркек киши, Сумы коомунда 19 жаштагы жигит жана 16 жаштагы кыз дагы жарадар болушту. Комышан коомунда дрондордун аткылоосунан 33 жаштагы эркек киши да жарадар болгон.
Өткөн түнү Орусия Украинага "Искандер-М" баллистикалык ракетасы жана 149 дрон менен чабуул жасады. Бул тууралуу Украинанын аба күчтөрү ырастады. Ал дрондордун 116сы атылып түшүрүлдү.
Ал арада ФСБсы ГРУ башчысынын биринчи орун басары Владимир Алексеевке Москвада Украинанын коопсуздук кызматыныны тапшырмасы менен кол салуу болгонун айтып чыкты.
Украинанын Тышкы иштер министри Андрей Сибига Reuters агенттигине Киев генералга карата кол салууга тиешеси жоктугун айткан. Украинанын коопсуздук кызматы бул тууралуу комментарий бере элек.
6-февралда Орусиянын Тергөө комитети Москвада генерал-лейтенант Владимир Алексеевди атып өлтүрүү аракети болгонун айтып чыккан.
Алексеев - Башкы штабдын Башкы чалгын башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары. 2017-жылы ага Орусиянын Баатыры наамы ыйгарылган.
2023-жылы орун алган козголоң маалында Алексеев ВЧК "Вагнердин" негиздөөчүүсү Евгений Пригожин менен сүйлөшүүлөргө катышканы белгилүү.
ММКларда Алексеевди Украинадагы орусиялык "ыктыярчы" түзүмдөрүнүн башкы куратору катары аташат.




























