Орусия Украина аркылуу Европага газ транзитинен кол жууду. Эми эмне болот?

Орусия газ сатуу боюнча Европадагы негизги рыногуна газ жеткирүү маршрутунан кол жууду. "Газпром" компаниясынын Украина аркылуу газ ташуу келишиминин мөөнөтү аяктады. Киев Европанын газ боюнча Кремлге көз карандылыгын биротоло токтотууну көздөйт. Муну менен Кремлдин Украинаны басып кирүүсүн каржылоону жана Орусиянын Евробиримдикке (ЕБ) саясий басымынын рычагын жокко чыгарууга көмөктөшүү боюнча убадасын орундатты.

ЕБ жана Украина убада бергендей, газ сордуруп алуу 1-январдын таңында токтотулду. Эми Орусиянын Евробиримдиктин аймагына газ жеткире турган жалгыз маршруту гана калды. Ал Түркия аркылуу өтөт. Жыйынтыгында Европанын эң жакынкы жана кирешелүү газ базарында Орусия газынын үлүшү болгону 5 пайызга гана кыскарды.

2021-жылы Кремль ЕБге каршы газ согушун баштаган учурда анын үлүшү 45 пайызга чейин жеткен эле жана "Газпромдун" негизги киреше булагы болчу. Ошол эле учурда Европа арзан газдын булагы менен камсыз болуп турган.

"Биз орус газынын транзитин токтоттук, бул тарыхий окуя. Орусия рыногун жоготууда, ал каржылык жоготууларга дуушар болушу керек. 2027-жылы Европа Орусия газынан толугу менен баш тартат деген максатка жетүүгө Украина ушундай жол менен көмөктөшүп жатат",- деди Украинанын энергетика министри Галущенко.

Мунун кесепетин ким тартат?

Украина аркылуу газ транзитинен Кремль жылына беш миллиард доллар киреше таап турган. Киев транзит үчүн бир миллиард доллардай каражат таап, бирок анын бир топ бөлүгүн газ жеткирүү тутумун жарактуу абалда кармап турууга жумшап келген. Беш жылдык келишим согуш башталганга чейин эле түзүлүп, андан бери газ транзити төрт эсе кыскарды.

Орусия басып кирген соң газ бөлүштүрө турган эки пункттун бири Орусиянын оккупациясына кабылгандыктан, 2022-жылы "Нафтогаз" ал түйүн аркылуу газ кабыл алуудан баш тарткан. "Суджа" экинчи пункту 2024-жылдын жайында Курск облусуна басып кирген соң Украинанын көзөмөлүнө өткөн.

Анткен менен "Газпром" газ сордуруп алууну токтоткон эмес. Бул Европага газ ташуу Украинага караганда Орусия үчүн абдан маанилүү экенин дагы бир жолу далилдеген. Муну Орусиянын жетекчиси Владимир Путин дагы тастыктаган.

Европалыктардын Орусиянын арзан газынан баш тартуу аракети Путинге жаккан эмес.

"Бул кандайдыр бир деформация, шизофрения, акылга сыйгыс. Эгер каалашпайбы, анда өздөрү билсин",- деп тилдеген эле Путин.

Кремль Украинага басып киргенге чейин эле "газ согушун" Путин өзү баштап, "Газпром" газ жеткирүү ишин ар кандай шылтоо менен солгундатып жибергенин ЕБ көрсөткөн эле. Ошондон улам ЕБ газ транзити боюнча келишимди узартпоо боюнча Киевдин чечимин колдогон.

"ЕБ буга эки жыл даярдык көрдү. Биз Орусиянын ишенимдүү газ жеткирүүчү эместигин билебиз",- деген эле май айында Евробиримдиктин газ боюнча комиссары Кадри Симсон.

Европа эми эмне кылат?

Эки жыл аралыгында ЕБ электр энергиясы менен жылуулукту үнөмдөөнү үйрөнүп, Орусиядан алып жүргөн газды Норвегия, АКШ жана Катардан алууну жолго коюп алды. Муну менен катар шамалдан, күндөн жана атом станцияларынан энергия алуу өндүрүшүн жакшыртты.

Кесепети тийген жактары да болду. Газдын баасы мурункуга караганда кымбаттады. Өндүрүш чыгым тартып, ЕБ АКШ жана Кытай сыяктуу дүйнөлүк ири экономикаларга атаандаштыктан уттурууда. Жыйынтыгында кирешенин өсүшү басаңдап, калктын нааразылыгы өстү. Ал тургай Орусия менен достошууну жактап, Украинага колдоо көрсөтүүнү токтотуу чакырыгы менен чыккан ашынган оңчулдар да болду.

Мындай ураан менен чыккандардын башында Венгрия жана Словакия турат. Словакия 1-январда жабылган транзит аркылуу газ алып турган. Аталган өлкөнүн премьер-министри Роберт Фицо Путин менен жолугуу үчүн Москвага барып, Украинага электр энергиясын сатуудан баш тарта турганын айтып коркуткан.

Транзиттин бөгөттөлүшү Венгрия жана Словакия бийлигинин Евробиримдиктеги башка мамлекеттер менен талашын күчөтүп, Украинага мындан ары жардам көрсөтүү жана Орусияга санкцияларды күчүндө калтыруу маселесин татаалдаштыра берет.

Бирок эч кимиси газы жок отуруп калбайт.

Словакия менен Австрия өз муктаждыктарын башка булактар аркылуу камсыздап коюшкан. Венгрия болсо газды Түркия аркылуу ала берет.

Байкалбаган коркунуч

Транзит ишин токтотконго чейин эле украин маршрутун сактап калуу варианты талкууланып келген. Анын негизгилеринин бири Борбордук Азия жана Азербайжандан газ ташуу схемасынын татаалдыгы болгон. Бирок азыркыга чейин бул варианттар сөз бойдон гана келе жатат.

Транзитти толугу менен токтотуу украин маршрутун биротоло жоготуу коркунучуна кептейт жана Европага кетчү "Түндүк агым" газ куурун токтоткондой мүнөзгө ээ. "Газпром" Германияны газсыз калтырып, кийин 2022-жылдын күзүндө ал жарылган эле. Муну ким кылганын азыркыга чейин таппай келе жатышат.

Орусия Украинага басып киргенден кийин деле "Газпром" Украина аркылуу үзгүлтүксүз газ ташып турду жана эч ким газ сордуруп ала турган пункттарды, газ түтүктөрүн бомбалап же бузган жок. Эми мындай тобокел күчөй берет.

Батыш Сибирден Европага газ ташый турган инфраструктуранын жоголушу "Газпром" компаниясынын келечегине оор сокку болот.

Аталган компания Путин баштаган согуштун эң негизги курмандыгы болду. Монополист компания өткөн жылы эле чейрек кылымдан бери биринчи жолу чыгаша тартты, анын кирешеси 25 пайыздан көбүрөөк кыскарды. Пайдалануучулардын эң жакынкы жана эң кирешелүү базарын таба алган жок жана жакынкы жылдары да таба албайт.

"Газпромго" Трамп жардам бере алабы?

ICIS изилдөө борборунун аналитиктери Европадагы колдон чыгып кеткен газ базарын кайрадан ээлеп калууга дагы да үмүт бар жана ал Ак үйгө Трамптын кайрылып келиши менен байланышкан иш деп айтууда. Чындыгында бул үмүт күн өткөн сайын күчүн жоготуп бара жатат.

"Трамп согушту токтотууну убада кылган. Ал Украинаны Орусия менен түз сүйлөшүүлөрдү жандандырууга мажбурлашы дагы мүмкүн. Анын ичинде газ транзити маселеси дагы бар. Эгерде ЕБ орус газына карата санкцияларын киргизбесе, "Газпром" жоготкон рыногун кайрадан калыбына келтирүүгө жан үрөйт",- деп жазышты аналитиктер.

Бирок убакыт аз. Себеби быйыл Орусиянын башкы атаандаштары болгон АКШ менен Катар Европа рыногу үчүн суюлтулган газды өндүрүүнү кескин көбөйткөнү турушат. Экинчи жагынан Трамп газ өндүрүүнү күчөтүп, Европаны АКШ газын көбүрөөк сатып алууга мажбурлай турганын убада кылган.