Мушкер Рамзан Кадыровдун абалы жана ага байланышкан чуулуу иш
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Social
Мушкер Рамзан Кадыровго төртүнчү жолу операция жасалганы кабарланууда. Анын абалы оор экенин апасы Анара Амантур кызы Би-Би-Сиге билдирди. Жакындарынын айтымында, Кадыров убактылуу кармоочу жайда кыйноого кабылып, алган жаракаттын кесепетинен комага түшүп калган болушу мүмкүн. Бирок Жазаларды аткаруу кызматы муну четке кагып, чындыкка дал келбей турганын айтып жатат.
"Оорукананын эшининин алдыда жашап калдым"
Спортчунун апасы менен байланышканыбызда баласы он төрт күндөн бери өзүнө келбей, кайра жандандыруу бөлүмүндө жатканын айтып ыйлады.
"Качан ойгонот деген күтүү менен Улуттук госпиталдын эшигинин алдыда жашап калдым",- деди ал.
Анара Амантур кызынын айтымында, уулу ооруканага 26-мартта оор абалда жеткирилген. Ошондон бери ага төрт жолу операция жасалган.
"Алгач башындагы ириңди тазалашты. Экинчи жолу лор дарыгери жаак сөөгүнүн көңдөйү толугу менен ириңдеп кетиптир деп көзүнүн тегерегин жана мурдун тазалады. Үчүнчү жолу башын кайрадан тазалоого туура келди. Төртүнчү операциясы кечээ (7-апрель) болду. Анда кекиртегин тешип, кичинекей түтүк салып коюшту. Оозундагы түтүктү алышты, себеби аны көп кармаса кекиртекке зыян экен. Бизди ичине киргизген жок, сыртта эле күтүп отурабыз",- деди энеси.
Баланын ата-энесине жеткен маалыматка караганда, бейтаптын баш сөөгүн биринчи жолу томографияга тартканда доктурлар эпидуралдык гематома экенин айтышкан.
"Төрт жарым ай аралыгында ал жакта эмне болгонун бир Кудай, балам жана өздөрү гана билет да. Ал дени сак жакшынакай бала болчу. Айыбын мойнуна алдыруу үчүн аны кыйноого алышкан жана ошондон өтүшүп кеткен деп жатабыз. Бала такыр чыдабай комага түшкөндө гана ооруканага алып келишкен. Анан дагы саат 11:00дө чакырылган тез жардам араң саат 16:00 чамасында келген. Бизге баары бүткөндөн кийин кечки саат 20:30да араң кабарлашты. Келсем уулум эс-учун билбей комада жаткан экен",- деп ыйлады энеси.
Окуянын чоо-жайы

Сүрөттүн булагы, Social
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Анара Амантур кызынын айтымында, уулу Рамзан 15-ноябрда күтүлбөгөн жерден кармалган. Ал күнү Рамзан досунун өтүнүчү менен компьютер жеткирүүгө жардам берип, анын тууганынын үйүнө кошо барган.
"Алар барган учурда күч органдары досунун тууганын кармап жаткан экен. Уулумдун ал адамга эч кандай байланышы жок туруп, ошол жерден чынжырга илинип калып жатпайбы. Жанынан эч нерсе табылган эмес, ага карабастан негизсиз алып кетишти. Ошол күндөн бери болбогон нерсени моюнуна алдыргылары келип жатат. Рамзан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча шектелүүдө. Балам өтө ишенчээк. Компьютер жеткирип кой деген досун ээрчип барып кылтакка илинип калды",- деди энеси.
Эне уулу менен соңку ирет 27-декабрда кыска убакытка жолуккан. Ошондо бала ата-энесине эч кандай күнөөсү жок экенин айткан.
"Кылбаган нерсенин баарын кылдың деп мойнума илип жатышат. Бирок кол коюп берген жокмун, койбойм дагы деген сөзүн айткан. Мындан улам аны кол кой деп кыйнашкан деп ойлоп жатабыз",- деди ал.
Жазаларды аткаруу кызматы эмне дейт?
Ал ортодо Жазаларды аткаруу кызматы Рамзан Кадыров тергөө абагында сабалган деген маалымат чындыкка дал келбейт деген билдирүү таратты.
Анда Кадыровго медициналык кароо жүргүзүлгөн учурда физикалык зомбулукка кабылганын дадилдей турган жаңы жаракаттын белгилери аныкталбаганы айтылат.
"Кадыров №1 тергөө абагына 26-февралда келген. Мекеменин медициналык кызматкерлери тарабынан текшерүүдөн өткөн учурда денесинде ур-токмоктун белгилери табылган жок. Өзү дагы ден соолугуна байланыштуу эч кандай даттануулар менен кайрылган эмес",- деп жазылат анда.
Бирок 26-мартта дарыгер тарабынан кайра текшерүү учурунда мээде кан айлануунун бузулганы аныкталган.
"Саат 11:36да тез жардам чакырылып, ал саат 16:20да келди. Алдын ала мээ кан айлануусунун бузулушу деген диагноз коюлган. Дарыгерлер экинчи даражадагы менингит болушу мүмкүн экенин дагы айтышкан. Жаран андан ары текшерүү жана дарылоо үчүн Улуттук госпиталга жеткирилген",- деп айтылат анда.
Текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган дарт эски оорунун кесепети экени жазылган.
Бейтаптын абалы туруктуу бирок өтө оор

Сүрөттүн булагы, Social
Улуттук госпиталдын Нейротравма бөлүмүнүн башчысы Эмилбек Эсенбаевдин айтымында, бейтаптын абалы туруктуу бирок өтө оор.
"Аппаратта жатат. Өз алдынча дем албайт. Комада, эч кандай реакциясы жок. Бирок кан басымы туруктуу. Бейтапка менингоэнцефалит деген диагноз коюлду. Бул жаракаттан эмес, сезгенүүдөн пайда болгон абал. Мээнин кабыкчаларынын сезгенүүсүнөн улам келип чыккан. Ал буга чейин гайморит жана фронтит менен жабыркаган. Тактап айтканда, мурун көңдөйлөрүндөгү ириң мээге чаап кеткен. Бул мээнин кан айлануусунун бузулушуна жана азыктануусунун начарлашына алып келген. Бул жаракат эмес, ириң чаап кеткендин кесепети",- деди ал.
Дарыгер белгилегендей, эгер бул жаракаттын кесепети болгондо, операция учурунда анын издери сөзсүз көрүнмөк.
"Операция учурунда эч кандай гематома же башка жаракаттын белгилери көрүнгөн жок. Болгону ириң чыгып жатты. Эгер гематома болсо дароо байкалмак. Бул жерде 100 пайыз ириң чаап кеткен деп айта алам",- деди ал.
Эсенбаев бейтаптын саламаттыгына байланыштуу академиктер жана нейрохирургдар башында турган дарыгерлердин консилиуму өткөрүлгөнүн билдирди.
Учурда Рамзандын абалы боюнча так жыйынтык чыгарууга али эрте экенин, баары анын иммундук системасынан көз каранды экенин кошумчалады.
Спортчунун ата-энеси уулунун азыркы абалы мурун башталган оорунун кесепти дегенге ишенбей турганын жана ишти иликтөөдө бардык органдардан акыйкаттык талап кылып жатканын айтат.
Ошол эле учурда мушкер убагында баңгизат боюнча мыйзамсыз иштерге аралашкан деген түрдүү маалыматтар дагы чыгууда. Жаш спортчу ким бирөөлөрдүн буйругу менен башкаларды уруп-сабап жүргөн деген видео жана сүрөттөр тарап жатат.
Кадыровдун апасы уулуна карата айтылып жаткан бул сыяктуу айыптоолорду жалаа катары баалап, аны каралоо аракети жүрүп жатканын билдирди.
"Видео менен сүрөттөр жөн гана монтаж. Мен бийликке үнүм жетпей калганын түшүндүм. Эми баарын Кудайга тапшырдым",- деди ал.
Рамзан Кадыров болгону 19 жашта. Ал бокс боюнча Кыргызстандын эки жолку чемпиону. Ошондой эле 2022-жылы Иорданияда өткөн Азия чемпионатында коло медалдын ээси болгон. Мындан тышкары көптөгөн эл аралык жана республикалык мелдештерде ийгилик көрсөтүп келген.










