You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Садыр Жапаров: Апрель революциясында курман болгондор - анык баатырлар
Бүгүн Кыргызстан Апрель революциясынын 12 жылдыгын белгилеп жатат. “Ата-Бейитте” ал окуяларда каза тапкандарга багышталып куран окутулуп, эскерилип жатат.
Президент Садыр Жапаров Апрель элдик революциясынын кезектеги жылдыгына карата бүгүн Кыргызстан элине кайрылуу жасады:
“2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстандын келечеги үчүн эч нерседен тайманбаган эр-азаматтарыбыз коррупциялашкан бийликти кулатканы эсиңиздерде. Апрель элдик революциясынын натыйжасы — мамлекеттин андан аркы өнүгүүсүнө ишенимдүү кадам таштоо менен демократия принциптерин ишке ашыруу болду”.
Мамлекет башчы Аксы окуясы, Март жана Апрель элдик революциялары саясий жана тарыхый маанилүү окуялардан болуп калды деп, Апрель окуяларында курман болгондорду бүгүнкү мезгилдин анык баатырлары деп баалады.
“Эркиндик үчүн, акыйкаттык үчүн Апрель баатырларындай кара башын канжыгага байлоого даяр уул-кыздары турганда кыргыз эли адилеттүүлүккө болгон ишениминен ажырап калышы эч мүмкүн эмес”.
2010-жылы Кыргызстанда көп миңдеген адамдар ошол учурдагы президент Бакиевди үй-бүлөлүк коррупциялашкан режим орнотту деп айыптап, каршылык акцияларына чыгышкан. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү жана жакындары менен өлкөдөн качып кетип, Беларуска барып баш калка тапкан.
Ак үйдүн алдында демонстранттарга ок атылып, сексенге жакын адам курман болуп, үч жүздөн ашуун адам ар кандай жаракат алышкан.
Буга чейин өлкөдөгү Бириккен демократиялык кыймылы “Апрель революциясы. Жетишкендиктер жана кемчиликтер” аттуу талкуу уюштуруп, ага 2010-жылдан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөт мүчөлөрү да чогулушту.
Иш-чарага 2010-жылдан кийин бийликке келген өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева да сөз алып, Кыргызстан үчүн Апрель революциясынын маанисине токтолду:
“Апрель окуяларынан бери 12 жыл болду. Беларус, Украина, ага чейинки Москвадагы Болотная – ушулардын фонунда биздин 2005 жана 2010-жылдардагы революциялардын мааниси, ролу, бийиктиги жаркылдап көрүнүп калды. Бизде ошол революциялар ишке ашканда чоң пропагандисттик машина бизди жер менен жексен кылгысы келген. Кандай гана сөздөр айтылбады. “Кыргызстан суверендүүлүгүн жоготот”, “бул өлкө эми бөлүнүп кетет”, “бул тентектер мамлекеттүүлүктү билбейт экен” деп шылдыңдашты”.
Отунбаева ал күндөрү Россиянын пропагандасынан тышкары кошуна өлкөлөр да маалымат майданында Кыргызстанды жаманатты кылганы эскерди:
“Биздин революциянын Украина, Грузиядагы революциялардан айырмалап, бизде жөн эле тентектик, мародерлор деген сүрөттөмө берип жатышты. Биздин саясий майданда "эч өзгөрүү болгон жок" деп ошого көндүргөнгө аракет кылышты”.
Убактылуу өкмөт мүчөлөрү 2005-жылдан кийин Кыргызстанда президенттин жана анын жакындарынын айланасына топтолгон бийликтин кесепетинен коррупция гүлдѳп, криминал бийлик менен алака кыла баштаганын белгилешет. Ушунун баары калктын жашоо сапатынын тѳмѳндѳшүнүн мезгилинде кулач жайып, элдеги нааразычылык күч алып отуруп бийликтин кезектеги кризисине алып келгени айтылды.
Апрель окуялары максатына жеттиби?
“Жаңы ѳкмѳт эки жыл ѳтүп-ѳтпѳй жаңы саясий чакырыктарга туш болду: ал парламент менен президенттин ортосундагы ички саясий тирешүү. Президент “парламентти ѳз таасирине алуу” үчүн фракциялардын ичинде бѳлүнүп жарылууларга жол берип, натыйжада аткаруу бийлиги тез-тез алмашып, ѳкмѳт алсырай берген. Конституцияны ѳзгѳртүү боюнча жасалган бир нече аракет 2016-жылы ишке ашкан, негизги ѳзгѳртүү адамдын укук жана эркиндиктерине тиешелүү болуп чыккан. Мындан сырткары укук коргоо органдарын, УКМК, сотторду пайдалануу жана ММК аркылуу кѳѳ жабуу жолу менен оппозиционерлерге кадимкидей кысым кѳрсѳтүлѳ баштаган”,- деди Бириккен демократиялык кыймылынын өкүлү Перизат Суранова.
Аталган кыймыл уюштурган тегерек столдо 2013-жылдардан тарта Кыргызстан демократиялык багыттан тая баштаганы белгиленди.
“Өлкѳнү жоро-жолдоштору, айдоочусу жана жан сакчысы, кудалары, катчылары, кошуналары башкара баштаган. Нукура адистер бийликтен оолак калышкан. Чындыкты айтуу боюнча жасалган аракетте, сѳз эркиндиги жана адам укуктары чектелип: телевидение жабылып, журналисттерди соттоп, гезиттерди жаап салышкан”.
Мындай жосунсуз жоруктар улана берип, андан кийинки 2015-жылдагы парламенттик шайлоо жана 2017-жылдагы президенттик шайлоо бийликтин колундагы оюнчукка айланганы айтылды.
Ал эми “бешинчи президент Сооронбай Жээнбековдун парламенттик шайлоодо фальсификацияга жол бергени үчүн 2020-жылдагы революция келип чыкты”, - делет Бириккен демократиялык кыймылынын бул тууралуу кайрылуусунда.
2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча отузга жакын кишиге кылмыш иши козголуп, далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын он төрт кызматкери акталган.
Экс-президент Курманбек Бакиев, уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. EK