“Тозоктун дарбазасы”: Бердимухаммедов Каракумдагы газ чуңкурдагы өрттү өчүрүүнү буйруду

Түркмөнстандын президенти мамлекеттик тийиштүү кызматтарга чөлдөгү кратердеги ондогон жылдардан бери басылбай келаткан өрттү өчүрүүнүн жолун табууну буйрук кылды. Гурбангулы Бердимухаммедов жалындаган чуңкур айлана-чөйрөнү булгап, адамдардын ден-соолугуна зыян келтирип жатканын белгилеген.

"Биз жаратылыштын баалуу ресурсун жоготуп жатабыз, андан биз чоң киреше таап, элибиздин жашоосу жакшыртканга жумшасак болот эле" – деди президент.

Бул чынында өзүнчө эле кооз көрүнүш - мелтиреп жаткан чөлдө бир чуңкурдун ичи жарым кылымдан бери басылбай күйүп жатат.

Каракум чөлүндөгү Дарбаза кратеринин пайда болушу абдан табышмактуу. Эң көп тараган теория боюнча диаметри дээрлик 70 метр, тереңдиги отуз метрдей чуңкур совет доорунда бургулоо убагында газ кени табылганда пайда болгон. Геологдор атырылып чыккан газга от коюп, аны бара-бара өзү өчүп калат деп ойлошкон, бирок ошондон бери ал күйүп келатат.

Бул Түркмөнстандагы туристтер үчүн эң кызыктуу жерлердин бири катары саналат. Бирок Бердимухаммедов аны өчүрүш керек дейт, бул үчүн керек болсо чет өлкөдөн эксперттерди чакырган жатат.

Кеминде бир изилдөөчү "Тозоктун дарбазасынан" өтүүгө аракет кылып көргөн экен. 2013-жылы канадалык Жорж Курунис коргоочу костюм менен кратерге түшүп көргөн. Курунис чуңкурдан Азирейилдин өзүн көрбөсө да, шайтандай жалаңдаган бактерияларга күбө болгон. (КС)