You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Европадагы жылуу кыш Кремлдин айласын куруттубу?
Алексей Калмыков
Би-Би-Си
Жаңы жыл башталгандын алгачкы учурларында эле Европа Биримдигине Кремл бул ынтымакка каршы ачкан газ согушундагы тактикалык жеңиш камсыз кылынды. Бул отун-кубат согушун орусиялык президент Владимир Путин 2022-жылы 24-февралда Украинага кеңири өлчөмдө басып кирээрден алда канча мурдараак эле баштап койгон. Евробиримдикке аба ырайы өзү көмөк кылууда.
2023-жылдын январынын башы ушунчалык жылуу болгондуктан, европалыктар Жер Ортолук деңизинин жээктеринде күнгө күйүп, сууда сүзүп ыракаттанып жүрүштү; ал эми отун-кубат жаатын тейлегендер ызгаардуу кыш үчүн атайын сакталган газды жылуулук үчүн жагууну токтотуп гана тим болбостон, жылдын ушул мезгилинде мурда эч качан болуп көрбөгөндөй ыкмага – жер астындагы кампаларды газ менен толуктоого өтүштү.
Бул – Европа үчүн биринчи сүйүнткөн кабар болду, анткени жылытуу мезгилинин аягына чейин кампада канча көлөмдө газ калаары Кремлдин кысмагында турган Евробиримдиктин бул жылкы кышты эле эмес, келээрки кышты да байсалдуу өткөрүү мүмкүнчүлүгүн аныктайт.
Путин көзөмөлдөгөн “Газпром”, – Орусиянын баскынчыл аракетинен коргонуп жаткан Украинага жардам берүү боюнча Евробиримдиктин 27 өлкөсүнүн чечкиндүүлүгүнө доо кетирүү үмүтү менен, – Батыш Европада отун-кубат кризисин жана коомчулуктагы нааразычылыкты жаратуу үчүн Евробиримдикти газ менен жабдууну системалуу түрдө кыскартып келди.
Быйылкы кышка карата газ кампалары 95%га толду. Ал эми Эл аралык отун-кубат агенттигинин талдоочулары жана ICIS изилдөө борборунун адистери болсо келээрки кышка карата Евробиримдиктин газ кору бар болгону 65%га толушу ыктымал, деп эскертишти.
Бул жагдай рекорддук жогорку баалар жана кезектешип электр жарыгын өчүрүүлөр менен коштолушу ыктымалдан алыс эмес.
Анын себеби – Путиндин колунда дагы эле анча-мынча карта калды: ал Украинадагы кан майдандагы өзүнүн майнапсыз согуштук далаалатынын өчүн алуу үчүн кырдаалды андан ары курчутууга ниети бар экендигин далилдеп салды. Бул карталар – Европа менен газ жаатындагы согуш түрүндө болушу да, Украинадагы нагыз кан майдандагы согуш аракеттери түрүндө болушу деле ажеп эмес.
Согушка чейин Евробиримдик Орусиянын бардык газынын 40%ын сатып алып жүргөн болсо, азыр анын 8%ына да жетпейт. Анткен менен Орусия Украина жана Түркия аркылуу Евробиримдикке газ жөнөтүүнү дагы да улантууда. Батыш Европага Орусиянын газ берүүсүн токтотуу мүмкүнчүлүктөрү али да түгөнө элек.
Расмий Кремл мындай токтотууларды Украинадагы согушка чейин эле жүзөгө ашырып турган болчу жана өткөн жылдын май айына карата орусиялык газдын жабдылышы үч жыл мурдагы туу чокулук көрсөткүчкө салыштырмалуу эки эсеге кыскартылган. Орусиялык газ Кремлге каршы европалык санкцияларга кабылган жок, бирок Путиндин режими Украинага кеңири өлчөмдө басып кирген убактан бери Кремлдин көзөмөлүндөгү "Газпромдун" өзү ар кандай шылтоолор менен Евробиримдикке газ берүүнү дээрлик 80%га чейин кыскартууга барган.
Евробиримдик сууктун сыноосуна туруштук берди
Европа үчүн экинчи сүйүнткөн кабар – бул ызгаардуу суукта да газды үнөмдөөнү үйрөнгөнү болду.
2022-жылы декабрда Европа континенти бир апта бою арктикалык ызгаарга кабылган. Ошондо серепчилер газ үнөмдөө ыргагы бузулат ко деп санааркашкан эле.
Анткени былтыркы ноябрь айы адаттан тыш жылуу болуп чыкты жана Евробиримдик жылытуу мезгилинин биринчи айы болгон октябрда газ колдонууну 24%га азайткандан кийин, ноябрда газды керектөөнү 22%га кыскартууга жетишти (мындагы пайыздар беш жылдык орточо көрсөткүчкө карата айтылып жатат).
Эми 2022-жылдын декабр айынын жыйынтыгы да чыгарылды. Бул натыйжа кыйла жагымдуу: ICIS агенттигинин алдын ала маалыматтары боюнча, суук мезгилге карабастан, газ керектөө бул айда 13%га кыскарган экен.
2022-жылдын акыркы айындагы аба ырайынын жылып кетиши акыбалга бир кыйла огожо болду, бирок негизги ролду отун-кубатты сарамжалдык менен колдонуу ыкмасы ойноду. Евробиримдиктин алдыңкы эки өнөр жайлуу мамлекети – Германия менен Франция – башкаларга салыштырмалуу кыйла азыраак үнөмдөй алышты (минус 7-8%), анын себептеринин арасында француздук өзөктүк электр ишканаларында жана германдык жел тегирмендеринде электр кубатын өндүрүүнүн төмөндөшү да болду.
Ноябрдагы газга болгон көз карандылыктан арылуу ылдамдыгын иш жүзүндө декабрда да Италия (минус 18%), Нидерланддар (-16%) жана Испания (-23%) сыяктуу өлкөлөр сактап калышты.
2023-жылдын январынын алгачкы аптасынын статистикалык көрсөткүчү Евробиримдик отун-кубатты үнөмдөөнүн октябр–ноябр айларындагы ыргагына тез кайтып келгенин көрсөттү: алгачкы күндөрү Евробиримдикте газга болгон суроо-талап акыркы беш жыл ичиндеги орточо көрсөткүчкө салыштырмалуу 38%га төмөндөдү. ICIS агенттигинин газ жаатын талдоо тобунун жетекчиси Том Марзек-Мансер бул көрсөткүч "укмуштуудай төмөн" болуп чыкты, деп таң калгандыгын жашырган жок.
Ал Евробиримдиктин пайдасына иштеген башка да өңүттөрдү: өзөктүк кубатты өндүрүүнүн көбөйүшүн жана жел тегирмен аркылуу кайра жаралуучу отунду өндүрүүгө огожо болгон шамалдуу аба ырайын өзгөчө белгилей кетти.
Германдык чукул бурулуш
Европанын өнөр жайынын кыймылдаткычы жана эң ири экономикасы болгон Германия акыркы жылдары "Газпромдон" барган сайын көбүрөөк газ сатып алып турган. Ал түгүл бул өлкө Украинаны айланып өтүп, Балтика деңизиндеги "Түндүк агым" аркылуу газдын көлөмүн эки эсеге көбөйтүүгө беленденип, бул туруму менен Киев менен АКШны да нааразы кылган.
Орусиялык режимдин башчысы Путиндин 2022-жылы 24-февралдагы эгемен Украинаны басып алуу үчүн аскерин согушка аттандырган чечими Германия өкмөтүнүн газ саясатын кескин өзгөрттү. Герман бийликтери өткөн аптанын жума күнү кабарлашкандай, бир жылга жетпеген убакыттын ичинде бул өлкө Орусиядан газ импорттоону жана жалпысынан газды отун катары керектөөнү кескин түрдө кыскартты.
Германиядагы отун-кубат жөндөө жаатын тейлеген Bundesnetzagentur мамлекеттик мекемесинен мындайча маалымдашты: "Жалпысынан биз кырдаалдын чыңалуусун кыш мезгилинин башындагыга караганда азыраак деп баалайбыз. Азыркы кышта газдын таңкыс болушунун коркунучу уламдан улам азайып баратат. Ошого карабастан, абалдын начарлашын такыр жокко чыгарууга деле болбойт. Газды үнөмдөө – азыркы тапта деле ургаалдуу көйгөй".
Ал ортодо Орусия Батыштагы эң ири жана эң бай кардары болгон Германиядан айрылууда. Тээ 2021-жылы немистер өздөрүнө керек бардык газ көлөмүнүн 52%ын Орусиядан ташып келген болсо, 2022-жылы орусиялык газдын үлүшү 22%га чейин төмөндөгөн. Эми Орусиянын ордуна Норвегия немистерге газ жабдыган эң ири шерикке айланып, Германияга керек газдын 33%ын жабдып калды.
2022–23-жылкы кыштагы жылытуу мезгилинин алгачкы үч айында Германиянын өнөр жайы жаратылыш газын керектөөнү акыркы төрт жылдын ичиндеги ушул мезгилдин орточо көрсөткүчүнө салыштырганда 23%га кыскартты. Калк жана ишканалар газды 21%га азыраак жагышты.
Жаңы жылдык майрам күндөрүндөгү үнөмдөө ого бетер жогору болуп чыкты: майрамда отун болжол менен 30%га үнөмдөлдү.
"Жер астындагы кампаларга газ толтуруу алардагы газды жагуу үчүн алынчу көлөмдөн ашып түштү. Бүгүнкү күндө ал кампалар 90,76%га толуп турат", – деп Bundesnetzagentur мекемеси жума күнү (06.1.23) билдирди.
Азырынча Орусия менен Европанын ортосундагы газ согушу Кремлдин пайдасына жүрбөй жатат. "Бирок кубанууга али эрте", – дейт Эл аралык отун-кубат агенттигинин (IEA) башчысы Фатих Бирол мырза. Ал дагы немистердин этияттыгын туура көрдү.
"Европа Биримдиги орусиялык газга болгон көз карандылыкты азайтуу боюнча олуттуу ийгиликтерге жетишти, бирок коркунуч биротоло айланып өтүп кеткен жок, – деди Бирол мырза 2022-жылы декабрда. – Евробиримдиктин өлкөлөрүнө быйылкы кышка чейин газ кампасын толуктоого мүмкүндүк жараткан жагдайлар 2023-жылдын ичинде өзгөрүшү деле ажеп эмес".
Эл аралык отун-кубат агенттиги келээрки кыштагы болжолдуу кризистин алдын алуу үчүн газды отун катары керектөөнү мындан ары да кыскартуу зарыл жана кайра жаралуучу отун түрлөрүн өндүрүүнү андан ары өнүктүрүү керек, деген кеңешин Батыш Европага сунуштады. (TT)