You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Украина кризиси: Эми Батыштын Орусияга жообу кандай болот?
Ольга Ившина, Би-Би-Си
Украина кризиси курчуп жаткан чакта Батыштагы өлкөлөр эгерде Орусия кошуна өлкөгө бастырып кире турган болсо, Москвага катуу санкцияларды киргизе турганын билдиришти. Өз алдынча көз карандысыздыгын жарыялап алган “Донецк элдик республикасы” (ДЭР) менен “Луганск элдик республикасын” (ЛЭР) Орусиянын таануусуна Батыш кандай жооп кайтарат? Би-Би-Си ыктымал сценарийлерди сүрөттөп берүү үчүн эксперттерге кайрылды.
Фронт чегиндеги кырдаал
Москва алдыда кандай кадамдарга барары боюнча бир нече вариант бар.
Биринчи вариант: тынчтык орнотуу контингенти катары ДЭР жана ЛЭР аймагына орус күчтөрүн киргизүү.
“Балким, Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешинде ал үчүн уруксат сурашы мүмкүн. Анан албетте ага уруксат беришпейт, Москва баары бир аскерин киргизе берет. Эгерде орус аскерлери азыркы тийишип турган чекке чейин жетип, аны өзгөртүүгө аракет кылбаса, анда ири согушсуз бүтүшү мүмкүн”, — деди Би-Би-Сиге Лондондогу Королдук коллеждин Орусия институтунун директору Сэм Грин.
Экинчи вариант: ДЭР менен ЛЭРдин аскердик кубатын жана позициясын орус күчтөрүнүн жардамы менен жакшылап бекемдөө, кырдаалдын андан ары курчушу.
“Орусия аталган аймактарда өзүнүн таасирин бекемдеп, аны ДЭР жана ЛЭР аттуу жерлердин бийлигинин чакыруусу менен ачык эле ишке ашырышы ыктымал. Москва мурда эч качан андай кылбаганын, азыр орус жарандарынын кызыкчылыгын коргоо үчүн бул керектүү кадам болгонун айтат. Менин билишимче, Орусия аталган аймактагы жашоочуларга өзүнүн 700 миңдей паспортун берген. ДЭР менен ЛЭРге ири масштабдагы орус күчтөрүнүн кирүүсү менен ал Орусиянын коргоосуна өтүп калат. Бул чоң кадам. Бул Орусияга карата андан аркы мамилеси кандай өнүгөрүнө байланыштуу Батыштагы мамлекеттердин тынчын алат, айрыкча АКШнын. Бирок Москва тарабынан ири масштабдагы кол сала турган операция болот деп ойлобойм”, — деп белгиледи Эл аралык мамилелер боюнча Королдук институттун эксперти Жон Лоу.
Үчүнчү вариант: Донбасстын аймагында жаңжалдын ырбашы.
“Эгерде орус тарап фронттун арткы жагындагы инфраструктура керек деп чечкен болсо, анда аткылашат. Анда окуянын өнүгүшүн согуштун масштабы жагынан да, Батыштын жооп кайтаруу жагынан да божомолдоо кыйын болуп калат”, — деп түшүндүрөт Грин.
Санкциялар
Орусияга каршы Батыштагы өлкөлөр тарабынан киргизиле турган санкциялардын негизги эки варианты бар.
Биринчиси, иштеп жаткан санкция режимин күчөтүү. Башкача айтканда, азыркы санкциялык тизмеге жаңы корпорацияларды, жаңы секторлорду жана жаңы инсандарды кошуу. Ага Орусиянын президенти Владимир Путиндин ысымын да киргизиши ыктымал. Балким, орусиялык аткаминерлер менен олигархтардын чет жердеги эсептерине жеткилик бербей коюшу мүмкүн. Бирок бул 2014-жылдан берки күчүндө турган санкциялардын алкагындагы кадамдар. Аналитиктер андай чектөөлөр Орусиянын жетекчилигине кандайдыр бир кесепети тиет деген пикирге кошулат. Бирок чектөөлөр Кремлдин жүрүм-турумун өзгөртө албаганы анык.
Экинчиси, өтө катаал сценарий боюнча жаңы санкцияларды киргизүү.
“Ал жөнүндө Вашингтондо көп эле сөз болууда, Лондондо кээде гана, ал эми Париж менен Берлинде азыраак. Ал санкцияларды сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгаруу. Ага ылайык, Орусияны SWIFT системасынан чыгаруу, доллар менен транзакция жүргүзүүгө жана мамлекеттик карыз соодасына ыктымал тыюу салуу”. Иш жүзүндө бул орус экономикасын иран экономикасына айлантуу дегенди билдирет. Ал бир топ эле олуттуу нерсе. Батыштагы лидерлер андай варианттан 2014-жылдан бери оолак болуп келишкен. Анткени ал орус элине түздөн-түз таасир этет. Бирок ал азыр олуттуу талкууланып жатат”, — деп белгилейт Грин.
Үчүнчү вариант да болушу мүмкүн. Ал биринчи жана экинчи сценарийлердин элементтерин камтышы ыктымал. Евробиримдиктин 27 өлкөсүндө ар кандай көз караш бар. Санкция киргизүү үчүн кайсы фактор чечүүчү экени жөнүндө бир пикир жок, “элдик республикаларды” таануу болсо азырынча ыктымал факторлордун катарына кире элек.
“Санкция киргизүү ДЭР жана ЛЭР аттуу аймактардагы Орусиянын аскерлеринин жүрүүсүн Батыштагы өлкөлөр кандайча чечмелей турганынан көз каранды болот. Аны кол салуу деп чечмелөөгө да болот, анткени эл аралык укукка ылайык, алар Украинанын чек арасынан өтүшөт. Бирок Франция менен Германия, мисалы, бир аз жумшак стратегияны карманышат”, — деп белгиледи Би-Би-Сиге курган маегинде Британиянын Орусиядагы мурдагы элчиси Эндрю Вуд.
Ошону менен бирге эле Европадагы көптөгөн өлкөлөр (Италия, Австрия, Словакия, жб) Орусиянын энергиясынан көз каранды, айрымдар Орусия менен идеологиялык жактан окшош (мисалы, Венгрия). Европанын да жогото турган нерсеси бардай.
Сепаратисттерди таануу Орусиянын экономикасына кандай таасир этет?
Түздөн-түз эч кандай таасир этпейт. Аталган аймактарды 2014-жылдан бери кароо ансыз деле Орусиянын жоопкерчилигинде болчу. Ал аймактарды Орусия Абхазия менен Түштүк Осетиядай эле минималдуу деңгээлде колдоп туруу үчүн ресурстары жетиштүү.
Батыштын жаңы санкциялары экономикага кандай таасир этет, маселе ошондо.
“Биринчиден, рублдун доллар менен курсу 2014-жылы эле түшүп кеткенин унутпоо керек. Ал ошондон бери кайра калыбына келе элек. Баалуу кагаз базарлары болуп көрбөгөндөй түшүп кетти”, — деп белгилейт Жогорку экономика мектебинин профессору Олег Вьюгин.
Эскалация менен санкциялардын элеси ишкердик жигердүүлүктү басып коёт. Анткени адамдар согуштан коркуп, бизнес болсо белгисиз нерсеге инвестиция салууга ашыкпайт. Натыйжада каржылык базарларда баа төмөндөп кетет.
Минск келишимин токтотуу
Батыштагы эксперттер дүйнөдөгү көпчүлүк мамлекеттер Орусиянын ДЭР жана ЛЭРге карата кадамын тааныбайт деген пикирге кошулат.
“Эл аралык укуктан алып караганда Донецк жана Луганск облустары Украинанын бир бөлүгү, алар ошол бойдон калат. Путиндин чечиминин эң көрүнүктүү кесепети — Минск макулдашуусун токтоткону. Алар эми иштебейт”, — дейт мурдагы дипломат Вуд.
Анын пикирине эксперт Жон Лоу да кошулат:
“Менин оюмча, Путин Минск макулдашуусун ишке ашыруу процессинен кайсы бир убактарда көңүлү калган деп айтуу калыстык болот. Анын Макрон менен Москвадагы жолугушуусунан кийин басма сөз жыйынында ал белгилүү болуп калды. Путин ал макулдашуулар эч кандай натыйжа бербейт деген тыянак чыгаргандай. Путиндин ою боюнча, Украина кризиси жана дегеле Европадагы коопсуздук маселесин Орусия АКШ менен эки тараптуу сүйлөшүү учурунда чечиши керек. Мунун баары Орусия Минск процессинен баш тартып жатканынан кабар берсе керек”. (EA)
Алексей Калмыковдун кошумча репортажы