Балыкчыдагы милиция катышкан жол кырсык. Кыздын атасы шектүүлөргө тосмо арыз жазды
Сталбек Абдижалил, Би,Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, official
Балыкчыда милициянын машинеси сүзүп кеткен 12 жаштагы кыздын атасы шаардык милициянын башчысы менен анын бир тууган инисине карата тосмо арыз жазып берди.
Маалыматты кыздын атасы Максатбек Байгазиев Би-Би-Сиге тастыктап, анын себебин төмөнкүчө түшүндүрдү.
“Ата-энеси, карыган кишилер келип ыйлап жатса эмне кылам? 18 жашка чыкканга чейин карап берибиз, бүт баары менен камсыздайбыз дешти", – деди Байгазиев.
Максатбек Байгазиев кызы учурда палатага которулуп, абалы жакшырып калганын кошумчалады.
Ал буга чейин бир нече жолу видеокайрылуу кылып, президент менен УКМК төрагасынан адилеттүүлүк талап кылган.
12 жаштагы окуучу кызды автонунаасы менен сүзүп, айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен чуулу окуя 26-январь күнү түш ченде болгон.

Сүрөттүн булагы, screenshot
Жол кырсыгына катыштыгы болгон шектүү унаа Балыкчы шаардык милицясынын кармагындагы кызматтык унаа болуп чыккан. Көп өтпөй тергөө кызматына шаарда аймактык тескөөчү болуп иштеген милиция кызматкери Бекзат Казаков келип жаш кызды сүзүп алып, окуя болгон жерден качып кеткенин билдирген.
Кыздын атасы Максатбек Байгазиевдин айтымында, унааны ал эмес Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бектур Осмонбаев башкарып бараткан. Күнөөнү мойнуна алган адам шаардык милициянын башчысынын бир тууган иниси болгон.

Сүрөттүн булагы, official
Балыкчы шаардык прокуратурасы ошол эле күнү бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси (“Коркунучта калтыруу - этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун") менен кылмыш ишин козгоп, тергөөнүн калыстыгы үчүн ишти Улуттук коопсуздук комитетине өткөрүп берген.
Ички иштер министрлиги бул окуяга байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүп, Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев менен анын аймактык тескөөчү болуп иштеген инисин кызматтан алган.
УКМК Бектур Осмонбаевге издөө жарыялап, бир күндөн кийин бир тууган иниси Бекзат Казаков экөөнү тең кармап, тергөө абагына киргизген.
УКМКнын маалымат кызматы жабарлануучу тараптын тосмо арызынан кийин тергөөнүн жүрүшү кандай өнүгөрү тууралуу кийинчерек маалымат берилерин убадалады.
Соңкү күндөрү жолдо кыйылган өмүрлөр
Кыргызстандын бийлиги жол кырсыктарын алдын алууну көздөп, былтыр мыйзамдарды катаалдаштырган. Бирок андан бери өлкөдө жол кырсыктары азайып кеткен жок.
Балыкчыда болгон окуяга удаа эле Кант шаарына жакын жерде болгон жол кырсыгы беш адамдын өмүрүн алды. Honda Odysseу жана Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү унаалар катышкан кырсык 26-январда айланма жолдо болгон.

Сүрөттүн булагы, official
Төрт адам кырсык болгон жерден көз жумса, бешинчиси ооруканадан үзүлгөн.
Жол коопсуздук башкармалыгы жол кырсыктарынын 90 пайызы айдоочулардын күнөөсүнүн негизинде болорун билдирип келет.












