“Не сахар”: Ошко кайра барабыз, болгондо да күтүүсүз барабыз

Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

"Не сахар" долбоору саналуу күн мурун эле Ош шаарына барып кайтты. Ал сапардагы чуулгандуу чыгарылыш талаш талкуунун чордонунда. Кафе ээлери менен араздашканы, киргизбей койгону долбордун берүүсүндө чагылдырылган. Көп өтпөй кафенин администратору делген аялдын, кафе ээсимин деген кишинин кечирим сураган видеосу дагы тарады. Ош шаардык мэриясы дагы мындан улам атайын жыйын куруп, мыйзамды сактабай курулган, иштеп жаткан кафелерге көзөмөл күчөй турганын билдирди.

Би-Би-Си бул берүүнү даярдаган Умар Дадановду кенен кепке тартты.

Би-Би-Си: Оштогу кафелердин биринде тарткан берүүңөр кызуу талкууга жем таштады. Эмнеге мынчалык болду деп ойлойсуз?

У. Даданов: Талкуу жаратканы бул антисанитария, биздин жумушубуз. Анан бизди түртүп чыгарып салганы. Кандай болгонун көрүүчүлөрүбүз деле көрсө керек.

Би-Би-Си: Буга чейин Эрулан өзү айткандай, тигил же бул ашканадан, кампадан мурун иштеген же иштеп жаткандардан купуя маалымат келип, анан сиздер барып жүрбөйсүздөрбү. Бул жолу дагы ошондой эле болдубу?

У. Даданов: Ооба, бизге негизи көрүүчүлөрүбүздөн жашыруун маалыматтар келет. Анан биз барабыз. Оозеки арыз дегендей эле.

Би-Би-Си: Оозеки маалымат болсо эле жетиштүүбү же ынанымдуу далилдер топтолобу?

У. Даданов: Сөзсүз түрдө фото, видео фиксация.

Би-Би-Си: Сиз көргөндө чындап эле жийиркенте турган көрүнүш бар беле?

У. Даданов: Антисанитарияны көрдүк биз. Ошондон улам бардык.

Би-Би-Си: Кафедегилер ушундай тосуп алат деп күттүңүз беле?

У. Даданов: Жок, андай болот деп күткөн эмесмин. Анткени көптөгөн жерге кирип жүрөбүз да. Ошондой эле кирдик, кирип тартып жүрсөк эле кыйкырып-өкүрүп, камераңды талкалап салам деп, колумду кайрып чыгарып салышты. Анан биз милицияга чалып, алардын жардамы менен кайра кирели дедик. Бирок, тилекке каршы, ушундай болду. Эгер тартканга мүмкүнчүлүк бергенде мынчалык ызы-чуу болбойт эле. Кирмекпиз, тартмакпыз, чыкмакпыз. Эл көрмөк. Биздин башкы талап эле санитардык талаптарга жооп бергидей кылуу да. Андан сырткары керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо. Ошол мыйзамды иштетүү керек. Таза болсо таза, кир болсо кир дейбиз.

Би-Би-Си: Сөз болуп жактан кафеге кыска мөөнөткө болсо дагы кирип чыктыңыз. Ошол убакытта эмнелерди байкадыңыз?

У. Даданов: Антисанитария. Кум болуп уюп калган, дат баскан. Бактерия, микроп дегендин баары ошондой жерде да. Таза тамакты ошол жерден чыгарышат. Идиш жуучу жери. Таза идиш ошол жактан чыгат. Таза идиш чыкчу жери ошондой болгондон кийин тамагын айтпай эле коёлу да.

Би-Би-Си: “Тамак бышырылган, иш болгон жерде, ашканада ушундай эле болот да, дээрлик баары эле ушундай. Силер каяктан чыга калдыңар” деп сиздерге дагы пикир жазгандар бар. Мындай сын жүйөлүүбү?

У. Даданов: Жок, биз ошону өзгөртүшүбүз керек. Эрулан Көкүлов соңку төрт жылдан бери ошону талап кылып келген. Азыр кудайга шүгүр, Кыргызстанда бул жагы оңолуп келе жатат. Кудай буюрса жакшы.

Би-Би-Си: Оңолуп келе жатат деп калдыңыз. Мындай ойду эмнеге таянып айтып жатасыз?

У. Даданов: Кафелердин азыркы абалы, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо мыйзамы иштеп жатканы. Кирсең кадимкидей учурашат, менюсун алып келет. Менюлар дагы мыйзамга ылайык болуп калган. Ачык-айкын аферта деп коёт. Ошонун баары так, даана боло баштаганы. Менин омча бул биздин, элибиздин эмгеги деп ойлойм.

Би-Би-Си: Сиздердин долбоордон этияттангандан ошондой болуп жаткан жокпу же жалпы калпы кардарларга тегиз мамиле болуп жатабы?

У. Даданов: Жалпы кардарларга ошондой болуп жатат. Азыр бир топ эле онолуп калды. Дүкөндөрдөн баштап, чоң соода борборлоруна чейин ошентип калды. Мурун жерде эле турчу. Азыр азык-түлүк кадимкидей такталардын үстүндө жакшынакай турат. Мурда кампаларында кандай эле? Айтпай эле койсом болот. Жерде эле жатчу. Ошону эле алып чыгып жакшынакай тизип коюшчу. Кирди көргөндө жийиркенем. Таракандарды көргөндө ого бетер. Анан ошол эле жерде тамеки чегип, кирлерин жууп жатышса ойлоп көрүңүз. Таракандардын чоңдугун сөз кылбай эле койсом болот.

Би-Би-Си: Сиздер барган сайын кайда болбосун кирсе болот, болбойт деген талаш чыгат. Такай эле ошондой жаакташа бербей, уруксат бере турган мыйзамды кагазга чыгарып, алып алса болобу?

У. Даданов: Кайра келип эле бул дагы мыйзамга такалат. Мен колума чыгарып алып барып, көрсөткөнгө милдеттүү эмесмин. Анткени аларга мыйзам иштешин далилдегим келет. Алардын айтканы мыйзамсыз экенин билип туруп ошону айтам да өздөрүнө.

Би-Би-Си: Кирип барып, ал эмне, бул эмне деп бир топ талапты коюп жатасыз. Ошол эле учурда халат, бахила, баш кийим деген сыяктуу тиелшелүү каражаттар тууралуу сөз болот. Аны өзүңөр ала барсаңар болот беле деп жазып калат эмеспи.

У. Даданов: Ар бир сапарыбызда халат, чепчик камдап койгула деп келебиз. Себеби ошол жерде тамактанып жаткан каалаган адам кирип көргөнгө акысы да, укугу да бар. Мыйзам ошондой. Ошондуктан мен айткандар такай белен турушу керек. Бизде болсо мен кожоюнмун деген киши дагы ашкананы анысы жок эле аралай чаап жүрө берет. Андай болбошу керек.

Би-Би-Си: Айрым ишкерлер бизди салык, санэпидем анысы аз келгенсип “Не сахар” кыйнайт деп келет. Сиздер ишкерлерди колдоп жатасыздарбы же кордоп жатасыздарбы?

У. Даданов: Иш баштаардан мурун талапты аткаруу керек. Бизде бирдесени ачып анан болуп кетет дешет. Ал туура эмес. Чет өлкөдө баарын сактап ачышат, бизге келгенде эле болбой калабы?

Би-Би-Си: Камера менчик деп коргойсуңар дагы, башканын менчигине шарт кирип барасыңар деп сындагандар дагы бар. Кандай жооп бересиз?

У. Даданов: Эгер ким бирөө үйүндө тамагын бышырып жеп олтурса, биз ага кирип бара албайбыз. Ошол эле бирөө үйүнүн жанынан кенедей ашкана ачып, тамак сатып жатса, биз аны текшере алабыз. Себеби, ал коомдук катары каралат, ал талаптарды аткарам деп ошону ачты да. Канча киши тамакка ууланып жатат? Бизге такай чалышат. Так санын да билбейбиз.

Би-Би-Си: Ошту көздөй качан барасыздар?

У. Даданов: Бизде андай маалыматтар купуя сакталат.

Би-Би-Си: Кезинде Э. Көкүлов дал ушул долбоор менен таанылып, парламентке барды. Сиз кийинки шайлоого камынган жоксузбу?

У. Даданов: Жок, менде азыр андай план жок. Ушундай эле кызмат кыла берейин.