You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Таланган менчик жана баатырлар баяны
Кыргызстанда аттуу-баштуу эки коомдук ишмердин мыйзамсыз менчиктеп алган мүлкүн мамлекетке кайтарып бергени кызуу талкуунун чордонунда турат.
УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта Сокулук районундагы Жыламыш айылындагы 1998-жылы мыйзамсыз менчиктештирилген мектептин 376 миллион 339 миң сомдук имараты мамлекетке кайтарылганы, ошондой эле Токмок шаарындагы наркы 130 миллион сомдук 5 миң 375 чарчы метр жер тилкенин административдик курулушу менен мэрияга өткөрүлгөнү айтылат.
УКМК тараткан маалыматка негизденип, социалдык медиада мектепти кайтарып берген адам - Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов деп жазып таратышты. Ал эми Токмоктогу бала бакчаны кайтарып берген Кыргызстан Аялдар Конгрессинин президенти Замира Акбагышева деп көрсөтүштү.
Маселеге байланышкан жаңы билдирүү
Медеткан Шеримкулов кыргыз бийлигинин коррупцияга каршы күрөшүн кош колдоп колдой турганын айтып, интернетте анын аты бул чуулуу иште байма-бай айтылып жатканын, өзү менчиктебегенин айтып, кыскача маек курган.
Ал жарыялангандан көп өтпөй ушул ишке байланыштуу атайын кызматтын дагы бир билдирүүсү чыкты. Анда ушул жылдын 11-сентябрында жерге ээлик кылуу боюна мамлекеттик актыны Медеткан Шеримкулов кол коюп айыл өкмөтүнүн башчысына өткөрүп берген документ жарыяланды.
Мамлекеттик акты эмне үчүн жергиликтүү мамлекеттик органдын өзүнүн колунда эмес, ал эмне үчүн М. Шеримкуловдун колунда болгон, бул суроого эч бир тараптан түшүндүрмө жок.
Буга чейин Шеримкулов эмне деген?
Медеткан Шеримкулов өз кезегинде Жыламыш айылындагы бүтпөй турган мектептин имаратын эч качан менчиктеп албаганын айткан. Ал такталган маалымат берүүнү өтүнүп, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылганын Би-Би-Сиге билдирди. Шеримкулов аталган мектепке эч кандай тиешем жок деп ишендирүүдө.
“Социалдык тармактагылардын баары тең менин сүрөтүмдү коюп, сөгүп эле жатып калышты, улуусу дагы, кичүүсү дагы. Чындыгында мен эки күндөн бери соцтармакта эң биринчи болуп калдым. "Атың чыкпаса, жер өрттө" дегендей болуп баратат".
“Жыламыш айылындагы бул мектеп 1992-жылы айылдыктардын суранычы менен, менин жардамым менен башталган. Бирок мен иштен кеткенден кийин каражат жок, бүтпөй калганы чын. Бул мектепти, ага караштуу жер аянтын дагы мен эч убакта менчиктештирген эмесмин. Менин менчигимде эч качан болгон эмес. Ошондуктан мен бүгүн Камчыбек Кыдыршаевичке кат жазып, менин менчиктештирип алганым тууралуу маалымат туура эмес, ага тастыктоо берип койгула деп кайрылдым. Мен эч убакта бир гектар жер дагы менчиктештирип алган эмесмин. Менде эч кандай жер менчиги, башка объект менчиги жок”,- деди Медеткан Шеримкулов.
Токсонунчу жылдары тоноло баштаган менчиктер
Атайын кызматтын башчысы, генерал Камчыбек Ташиев ушул жылдын июнь айында кезинде эл энчисиндеги ишкана, мекемелерди мыйзамсыз менчиктеп алгандарга мамлекет катуу чара көрө турганын так кесе айткан эле.
"Мурдагы башаламан заманда көптөгөн ишканаларды элдин байлыгын, мамлекеттин байлыгын арзан акчага сатып алышып же болбосо эптеп-септеп баягы коррупциялык жолдор менен менчиктеп алып, бай болуп жүргөндөрдүн баарын тартипке салышыбыз керек. Ал элдин байлыгы. Бир ууч адам миллиондогон адамдын байлыгын басып алып жүрүшөт. Анын баарын кайтарыш керек. Мисалы азыр Жалал-Абадда үч чоң базаны кайтардык. Бир автобазаны кайтардык. Ал жер 4 гектар экен, 2 мектеп сала турган болуп жатабыз. Дагы бир чон автобазаны кайтардык. Ал жерге болсо МИК үй сала турган болуп жатат. Дагы бир чоң автобазаны кайтарып алып, шаарга бердик. Мындай айтканда булардын баарын ээлеп алышкан. Ээлеп алып эле жүрүшкөн. Аларды дагы мыйзам чегине салабыз. Бир нече адам байыбаш керек, элдин баары байышы керек",- деген эле Камчыбек Ташиев.
Кыргызстан эгемендик алып, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү башталган 90-жылдардын башында Медеткан Шеримкулов Жогорку Кеңештин, Легендарлуу парламенттин төрагасы болуп турган. Кийин Түркияда жана Иранда элчи болуп иштеген.
УКМКнын басма сөз кызматы билдирген маалыматта Жыламыш айылындагы 200 орундуу эки кабаттуу мектептин имаратын, жер аянты менен кошо 1998-жылы жер мыйзамдарын бузуу менен менчиктештирип алган адам М.Ш. деп көрсөтүлгөн.
Ал эми Замира Акбагышева Аялдар Конгрессине жетекчи болордон мурда дал ушул менчиктештирүү процессинин башында турган Мамлекеттик мүлк фондусунда басма сөз кызматынын жетекчиси болуп иштеген.
Токмок шаарындагы бала бакчанын имараты Аялдар Конгрессинин алдындагы “Бизнес-инкубаторлор жана инновациялык борборлор союзу" тарабынан менчиктештирилип кеткен деп айтылууда.
“Тактап айтканда, аянты 1 140 чарчы метрди түзгөн имараттын бир бөлүгү жана ага жанаша жайгашкан 4 235 чарчы метр жер кайтарылды", — деп айтылат УКМК таркаткан маалыматта.
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантып жатканын билдирди.
"Прихватташтыруу". "Кызыл төрагалар"
Кыргызстан эгемендик алгандан кийин 1991-93-жылдары укуктук базасы түптөлүп, 1994-95-жылдары менчиктештирүүнүн биринчи баскычы жүргөн.
1996-97-жылдары өнөр жай объектилери менчиктештирилген. 1998-2000-жылдары мамлекеттин колундагы монополист ишканаларды менчиктештирүү болгон.
1991-93-жылдары мамлекеттик мүлктүн 40% менчиктештирилген. Биринчилерден болуп соода, тамак-аш, турмуш-тиричилик жана тейлөө тармактары жеке колдорго сатылган.
Менчиктештирүүнүн жүрүшүндө көп сандаган мыйзам бузууларга жол берилген, мамлекеттин кымбат мүлкү арзан баада жеке менчикке өтүп кеткен учурлар тууралуу мурда-кийин көп сындар айтылган.
Ошондуктан менчиктештирүүнүн жүрүшүндөгү мыйзам бузуулардын баарын текшерип чыгыш үчүн 1997-жылы коомчулуктун катуу талабы астында мамлекеттик комиссия түзүлгөн.
“Совет мезгилинде ата-балаларыбыздын бир нече мууну таман акы, маңдай тер менен жараткан жалпы байлыкты, мурунку советтик жана партиялык кызматта иштегендер эми демократ болуп чыга келишип, мамлекеттик менчикти ачыктан ачык тоной башташкан”,-деп жазат профессор Аалыбек Акунов “Кыргызстан эгемендик доорунда” деген китебинде.
“Кызматтык “Волга” автоунаалары 200 сомдон, Бишкектин чок ортосунда жайгашкан 2-3-кабаттуу гастрономдор 20 миң сомдон менчиктештирилсе, айыл жеринде бир койдун баасы беш бөтөлкө аракка бааланып, койлор короо-сарайлары менен менчиктештирилип, техникалар уруу-уруктар арасына бөлүнүп берилген”.
"Жерлерди бөлүштүрүүдө дагы принципиалдуу каталарга жол берилип, алардын жан ачыткан кесепеттери бүгүнкү күндө да күн тартибиндеги негизги көйгөйлөрдөн болуп отурат. 12 млн койдун башы 2-3-жылда 3-4 эсеге азайып, ач көздүк менен менчиктештирилип алынган ишканалар банкрот болуп, ойлонулбай жүргүзүлгөн жер реформасы да желкеден басып калган".
“Бирок, курамы жалаң коррупционерлерден турган мамлекеттик комиссия коррупция менен кантип күрөшмөк эле, элди алаксыткан бийликтин кезектеги бир шоусу болгон. Массалык менчиктештирүү кыргыз соңку жаңы тарыхында “прихватташтыруу” деген ат менен калды”,-дейт Алыбек Акунов.
“Прихватташтыруу” темасына экс-президент Аскар Акаев өзү дагы Би-Би- Сиге берген маегинде токтолгон эле.
«Чүйдө өзгөчө, техника, баары күчтүү эле да. Ошону сактап калабыз деп консерваторлор жол бербей, "кызыл төрагалар" техниканы, өндүрүштүн эң жакшыларын өзүнө прихватизация кылып алышкан. Мен ошондо коррупция 7-этажка чейин келди деп айткам. Жетинчи кабатта отурган адамдар ошого жол ачып беришти".
“Мына Апас Жумагулов өзүнүн жардамчысы, кийин премьер-министрликке жеткен Данияр Үсөновго Чүйдөгү эң жакшы ишканаларды алып берип, ал киши миллионер, миллиардер болуп чыга келди”,-деген экс-президент.
Данияр Үсөнов башында ишкер болуп аты чыгып "Эридан" корпорациясын башкарган. Андан кийин парламентке депутат, Бишкек шаарынын мэри, биринчи вице-премьер-министр. 2009-1010-жылдары премьер-министр болуп бийликте турган. 2010-жылы апрелде кан төгүлүп, К. Бакиевдин бийлиги кулаганда чет өлкөгө чыгып кеткен.
Кыргызстандагы менчиктештирүү масштабдуу жүргөн 1993-97-жылдары премьер-министр кызматында болгон Апас Жумагулов ушул күндөрү 90 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Бейшембиде Мамлекеттик резиденцияда мааракелик салтанат болуп, президент Садыр Жапаров куттуктап сый көрсөттү.
Эки жыл мурда мурдагы өкмөт башчыга мамлекеттик эң жогорку ардактуу наам ыйгарылып, Кыргыз Республикасынын Баатыры болгон (КС).