Трамп менен Такаичи келишимге кол коюп, АКШ - Жапон алакасын "алтын доордун" башталышы деп атады

Трамп

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Токиого барган АКШ президенти Дональд Трамп жана Жапониянын премьер-министри Санаэ Такаичи сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимге кол коюп, эки өлкөнүн ортосундагы мамилени жаңы "алтын доордун" башталышы деп жарыялады.

"Абдан бекем кол кысышуу", - деди Трамп Токионун борборундагы Акасака сарайында Такаичи менен сүрөткө түшүп жатып.

"Синдзодон жана башкалардан угушума караганда сиз эң мыкты премьер-министрлердин бири болосуз. Ошондой эле, бул кызматты аркалап жаткан алгачкы аял киши болгонуңуз менен куттуктайм. Бул чоң жетишкендик",- деп кошумчалады ал делегациялар менен бирге сүйлөшүү үстөлүнө отурганда.

Такаичи - 2022-жылы өлтүрүлгөн Трамптын досу жана гольф боюнча өнөктөшү, Жапониянын маркум лидери Синдзо Абэнин жакын өнөктөшү.

Жооп катары ал Америка президентин Камбоджа менен Таиланддын, Израил менен ХАМАСтын ортосундагы ок атышууну токтотуу боюнча аракеттери үчүн мактады.

Премьер-министр Трампка Синдзо Абэнин гольф таягын (клюшка), жапон чемпиону Хидэки Мацуяманын кол тамгасы түшүрүлгөн гольф сумкасын жана алтын жалатылган гольф тобун белекке берди.

Мындан тышкары, дүйнөнүн айрым башка лидерлеринин жолун жолдоп Такаичи Дональд Трамптын талапкерлигин Нобель тынчтык сыйлыгына көрсөтөөрүн убада кылды. Трамп өзү көптөн бери бул сыйлыкка татыктуу экенин айтып келет.

Дүйшөмбү күнү кол коюлган стратегиялык минералдар жана сейрек кездешүүчү элементтер боюнча келишим Кытайга болгон көз карандылыкты азайтууну көздөйт. Учурда Кытай смартфондон тартып истребителдердин негизин түзгөн материалдардын көбүнө көзөмөл кылып келет.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Документке ылайык, жакынкы алты ай ичинде эки өлкө биргеликте приоритеттүү долбоорлорду аныктайт. Алар магнет өндүрүү, аккумуляторлор, катализаторлор жана оптикалык материалдар сыяктуу тармактарды камтыйт.

Ошондой эле тараптар маанилүү минералдардын стратегиялык запасын түзүү сыяктуу башка чараларды ишке ашырат.

Бул келишим эки өлкө ортосундагы "жаңы алтын доордун" башталышы катары бааланууда. Бирок маңызы жагынан алганда, ал быйылкы жылдын башында жетишилген макулдашууларды гана тастыктайт.

Алардын катарына АКШнын Жапониядан импорттолуучу дээрлик бардык товарларга, анын ичинде өлкөнүн ири унаа өндүрүү тармагына 15 пайыздык тариф киргизүүсү да кирет. Бул башында Трамп айткан 25 пайыздык салыктык ченден төмөн.

Жапония, Малайзия, Таиланд, Вьетнам жана Камбоджа менен түзүлгөн келишимдер масштабы жана мазмуну боюнча ар кандай жана алардын реалдуу таасирин баалоо али эрте.

Бирок баары тең электромобилден баштап смартфонго чейинки өндүрүш үчүн абдан зарыл болгон минералдарга жетүүнү диверсификациялоону көздөйт.

Бул келишимдер Трамп менен Кытай лидери Си Цзиньпиндин жолугушуусунун алдында АКШ менен соода байланышын бекемдөөнү жана Кытайга болгон көз карандылыкты азайтуу максатын көздөйт.

Келечекте бул келишимдер Пекиндин сейрек металлдарга болгон көзөмөлүн чектеши мүмкүн, бирок эксперттер ал бир нече жылга созула турган кымбат процесс болот деп эсептешет.

"Австралия, АКШ жана Европада жаңы шахталарды жана кайра иштетүүчү заводдорду куруу Кытайга салыштырмалуу кыйла жогору капиталдык чыгымдарды, катуу экологиялык чектөөлөрдү, эмгек жана энергиянын кымбат наркын талап кылат", – деп жазды Чэтхэм Хаус институтунун Айлана-чөйрө жана коом борборунун улук изилдөөчүсү Патрик Шредер ушул жумадагы макаласында.

Жапония мурда убада кылган 550 миллиард долларлык инвестиция сейрек металлдар боюнча келишимге киреби же жокпу, азырынча белгисиз. Бул маселени АКШнын соода министри Говард Латник жакынкы сапарында жапон компаниялары менен талкуулайт деп күтүлүүдө.

Ошентсе да, бул окуя АКШ менен Кытайдын атаандаштыгындагы маанилүү бурулуш катары бааланууда.

Учурда Кытай дүйнөдөгү сейрек кездешүүчү металлдардын дээрлик бардыгын кайра иштетүүнү көзөмөлдөйт. Бул Сиге Вашингтон менен жүрүп жаткан соода согушунда чоң артыкчылык берип келген. Кытай сейрек кездешүүчү элементтерди экспорттоого чектөө киргизип, алардын жеткирилишин татаалдатты.

АКШ менен Кытай тарифтерден тартып, TikTok компаниясынын Америкадагы ишмердигин сатуунун шарттарына чейин камтыган маселелерди талкуулап келишет.

Азияга сапарга чыгаар алдында Трамп Австралия менен 8,5 миллиард долларлык келишимге кол койгон. Ал өнөр жай кызматташтыгын жана Кытайдан тышкары сейрек металлдарды кайра иштетүүгө биргелешкен инвестицияларды убада кылган.

"Болжол менен бир жылдан кийин бизде ушунчалык көп маанилүү минералдар жана сейрек кездешүүчү металлдар болот, аларды эмне кыларыбызды билбей калабыз. Алардын баасы 2 доллар болот", -деген эле Трамп АКШга Австралиянын премьер-министри Энтони Альбанезе келгенде сүйлөп жатып.

Мындай мөөнөт жана баа чындыгында мүмкүн эместей көрүнгөнү менен Австралия АКШ үчүн минералдык ресурстарды камсыз кылууда абдан маанилүү өнөктөш.