Ташиев Кытай жумушчуларынын саны өскөнүн курулуштар көбөйгөнү менен түшүндүрдү

Ташиев

Сүрөттүн булагы, facebook

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө Кыргызстанда кытайлардын көбөйдү деген сөздөр жөнүндө пикирин билдирди. Бүгүн, 27-ноябрда Кемин шаарындагы төрөт үйүнүн имаратына мезгил кутусун салуу учурунда сөз сүйлөп, кытайлар көбөйдү деген сын-пикирлердин туура да, туура эмес да жагы бар экенин айтты.

"Кытайлар басып кетти, кытайлар талап - тоноп алды деген туура дагы, туура эмес дагы сындар айтылып жатат. Туура жагын айтсам, ооба, Кытай мамлекетинен келген жарандар көбөйдү. Себеби мамлекетибизде ири долбоорлор пайда болду. Биздин мамлекетке инвестиция алып келсе болоруна башка мамлекеттер ишенди. Акыркы эки жылда мамлекетке ири инвестициялар келе баштады. Кыргыз-Кытай-Өзбекстан темир жолу бүтүп калса, Кыргызстанга транзиттен жылына кеминде 500 млн доллар акча түшөт. Каспийден Кытайдын башына чейин бара турган жолубуз болот. Муну курууга кытайлар тартылган", - деди Ташиев.

Ал мында башка да курулуштарга чет элдиктер тартылып жатканын, 20-30 кабаттуу имараттарды тез арада, сапаттуу курууга кыргыз курулушчулары даяр эмес экенин айтты.

Ал кытай жарандары каттоодо турганын, эки айдан бир жылга чейин эмгек визасы менен киришерин, мөөнөтү бүткөн соң мамлекетине кайра кайтып кете турганын билдирди.

Чүйдөгү кытай жарандары аралашкан чырлуу окуядан кийин күчөп кеткен талкууларды кыргыз бийлиги шайлоо алдындагы атайын уюштурулган чагымчылдык деп баалап жатат.

18-ноябрда кыргыз президенти Садыр Жапаров улуттук "Кабар" маалыматтык агенттигине маек куруп, күн тартибиндеги бул маанайга реакция жасады.

"Биринчиден, ачык айтышыбыз керек, бул провокация болуп жатат. Шайлоого жакын бир нерсе уюштуралы деген чагымчыл топтор бар. Алардын баарын билебиз. Азырынча сыртынан көз салып гана турабыз. Эгер катуу кетип бара жатышса, камалышат. Анан "Бизди жөн эле камап салышты" деп кыйкырып чыгышат. Башка шылтоолору жок, болгону электр энергиясы менен кытайлар", - деди Жапаров.

Мунун алдында Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов да, Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков да Чүйдөгү мушташтан кийин кытайларга байланышкан талкууларды чагымчылдык деп баалашкан.

15-ноябрда Аламүдүн районунун Константиновка айылынын жанында "Чайна-Роуд" жана "Чжунзцы" компанияларынын айдоочуларынын жол талашуусунан чыккан бул жаңжал боюнча 16 адам камакка алынып, кылмыш иши козголгон. Мушташтын кесепетинен бир жергиликтүү жаран жаракат алып ооруканага түшкөн.

19-ноябрда Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Кыргызстанга келип, кытай компанияларына мыйзамдарды так сактоо жана өлкөнүн каада-салттарын урматташы керек экени айтылганын кабарлаган. Ван Инин сапары Кыргызстанда синофобиялык риторикалар күчөп жаткан маалга туш келди.