Афганистан менен Кыргызстандын алакасынын абалы
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Афганистанда Талибан бийликке келгенден тарта Кыргызстан да кандай алака жүргүзүү керектигин талдап, тамырын тартып келе жаткандай.
Кыргыз президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков соңку бир жарым жылда Кабулга үч жолу каттап, талибдер менен быйыл июлда Ташкентте да жолугушуп, сүйлөшкөнгө үлгүрдү.
Маалымкат: "Талибан" Кыргыз Республикасынын аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний бирикмелердин тизмесине кирет.

Сүрөттүн булагы, AAMIR QURESHI / AFP
Таалатбек Масадыков 6-ноябрда Кабулда Афганистанды башкарып жаткан бийликтин жетекчилиги менен кайрадан жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын ТИМи маалымат таратты.
Масадыков Талибан өкмөтүнүн расмийлери менен өз өзүнчө жолугушуп, анда регионалдык коопсуздук жана афган элине гумжардам көрсөтүү маселеси талкуулады. Кандай жардам, кандай көлөмдө экени азырынча так белгисиз.

Сүрөттүн булагы, Official
Ушул күндөрү Кабулда жүргөн Масадыков сапарынын чоо-жайы, жолугушуулар тууралуу маалымат бере элек. Буга чейинки сапарынын жыйынтыгы боюнча ал Афганистанда кырдаал эл аралык медиа сүрөттөгөндөн башкача экенин айткан эле.
Масадыков анда Афганистанда аялдар өлкөдө эркектердин коштоосу жок эле, өтө чулганбай, шарф оронуп көчөдө эркин басып жүргөнүн байкадым деп келген. Кыздарга алтынчы класска чейин мектептерде билим алуу кадыресе мүмкүн экенин да кошумчалаган. Ошондой эле кыргыз чиновниги БУУда иштеген кесиптештерине шилтеме берип, Афганистанда коопсуздук мурункуга караганда кыйла жакшырганын белгилеген.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Афганистандагы Талибандын башкаруусуна бир жылдан ашты. Буга чейин бул өлкөдөгү мамлекеттик чыгымдардын кеминде 75% чет элдик донорлор эсебинен жабылчу. Эми андай жардам жок.
Афганистандын Борбордук банкынын АКШдагы резервдери да тоңдурулуп, өлкө экономикасы жана банкттык системасы өчөйүп калды.
Бирок эң кооптуусу Афганистанды ачарчылык каптады.
Былтыр Талибан бийликке келгени Кыргызстан Афганистанга гуманитардык жардам жеткирген биринчи өлкө болду.
Ал кездеги Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков баштаган делегациянын Афганистанда Талибан жетекчилери менен сүйлөшкөнү анда коомдо кызуу талаш-талкууларга жем таштаган.
Эл аралык коомчулук тааныбаган Талибан Афганистанга бийликке келгенде көп мамлекеттерде аны таануу керекпи же жокпу деген дилемма турду. Бирок андан бери эл аралык коомчулуктун мамилеси өзгөрдү, дейт эл аралык саясат боюнча талдоочу Азат Эркебаев:
“Азыр эми каалайбызбы же жокпу де-факто ушундай, Талибанды Афганистанга келген күч катары кабыл алышыбыз керек. АКШ, Европа, ал эмес Кытай дагы алар менен эсептешип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Кандай болгон күндө да бул афган эленинин көпчүлүгүнүн колдоосу бар күч катары да көрсө болот. Борбор Азиягы, анын ичинде Кыргызстанга да да таасири бар күч катары кабылдашыбыз керек. Андыктан булардын саясаты кайсы багытта жүрөт. Бизге кесепеттери тийбейби деген суроого жооп алыш үчүн алар менен мамиле кармап, контакттка барып, алардын ой-пикирин билүүбуз керек. Бул өңүттөн аларга барып мамиле түзгөн туура эле деп эсептейм”.
Масадыков былтыр ноябрда Афганистанда экинчи ирээт болуп, анын жыйынтыгында азыркы афган бийлигине жардам болбосо, кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн экенин, террордук уюм катары таанылган “Ислам мамлекетинин” жоокерлери көбөйүп жатканын да айткан.
Быйыл июлда болсо Масадыков Ташкент шаарында өткөн эл аралык конференциянын алкагында да талибдердин өкүлдөрү менен үчүнчү ирээт кездешкен.
25-26-июлда Өзбекстанда Афганистан боюнча эл аралык конференция өтүп, анда президент Шавкат Мирзиёев талибдерди террорчулар менен байланышты үзүүгө чакырган эле. Ал эми талибдер Афганистан мындан ары Өзбекстанга жана чөлкөмдөгү өлкөлөргө коркунуч туудурбайт деп убадалаган.
"Афганистан чөлкөмдөгү туруксуздуктун булагы болбойт, анткени жетекчилик өлкөнүн аймагы "Ал-Каида" жана башка ушул сыяктуу террордук уюмдар тарабынан пайдаланылбайт деп кепилдик берет", -деген эле Ташкентте талибдердин тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки.
Бирок Афганистанда Талибан бийликке келгени менен бул талиптер өлкөнүн бардык аймагын толук көзөмөлдөйт дегенди билдирбейт.
“Талибан Афганистандын ар бир провинциясын көзөмөлгө алды деген туура эмес. Кээ бир аймактарында Талибанга баш ийбеген радикалдык, террористтик куралдуу күчтөр байырлаган. Аларды көзөмөлдөй алабы, алардын башка өлкөлөргө кол салбашына Талибандын күчү жетеби деген суроо туулат. Алардын Борбор Азияга экспансия кылып кирип келбөөсүн биз Талибандан гана талап кыла алабыз ”,- дейт Азат Эркебаев.
2-сентябрда БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеваны Афганистан боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Афганистанга көмөктөшүү миссиясынын башчысы кылып дайындаган. Буга чейин бул кызматты Дебора Лайонс аркалаган эле.

Сүрөттүн булагы, Official
Афганистанда эл аралык уюмдарда көп жыл иштеп келген кыргызстандык Нурбек Муктар БУУ эмне үчүн Роза Отунбаеванын талапкерлигине токтолгонун чечмелегенге аракет кылды.
“Афганистанда ушу тапта аялдардын укугу абдан басмырланып жатат. Ташбаранга алса болот, атып салса болот аялдарды. Окутпай да коюп жатышат. Көчөгө бастырбай, паранжа жамынтып атышат. Андыктан БУУнун Афганистандагы өкүлүнө Отунбаеванын көрсөтүлүшү символикалуу болду. Отунбаевага чейин деле аял киши болчу. Роза эже БУУда жогорку комиссариатта мүчө эле, президент да болду, Ош окуяларында озүн жакшы көрсөткөнү эске алынып дайындалды деп ойлойм”.
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынынАфганистан боюнча атайын чабарманы жана БУУнун Афганистанга көмөктөшүү миссиясынын башчысы Роза Отунбаева 16-октябрда Кабулдагы талиб өкмөтүнүн тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки менен жолукту. Бул Отунбаеванын кызматка баргандан кийинки алгачкы жолугушуусу болду.
"Өз ара ишенимди жаратуу, банк системасы, билим берүү жана анын кыздарга дагы жеткиликтүү болуусу талкууланды. Алар өз ара пикир келишпестиктерди моюнга алышты, бирок Афганистандын кызыкчылыгы үчүн эл аралык коомчулук менен жакындашуу маселесинде бир пикирге келишти", - деп айтылат бул тууралуу миссиянын билдирүүсүндө.
Талибан бийлигин дүйнө өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан да тааныган эмес. Эл аралык укук коргоочулар Афганистанда бийлик алмашкандан кийин өлкөдөгү кыз-келиндердин укугу бузулганын коңгуроо кагып келишет. Мындан улам Отунбаеванын дайындалышы кырдаалды оңдоого көмөк берет деген үмүт бар.







