Коомдук транспортто коюнга кол салгандар

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Си, Бишкек

Коомдук транспортто кыз-келиндер сексуалдык ыдыкка кабылган учурлар жок эмес

Сүрөттүн булагы, Getty

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коомдук транспортто кыз-келиндер сексуалдык ыдыкка кабылган учурлар жок эмес

Бишкек менен Чүйдө коомдук транспортто кыз-келиндер сексуалдык ыдыкка кабылган учурлар арбын. Бул бир ай бою жүргүзүлгөн изилдөөдө маалым болду. Сурамжылоого катышкандар транспорттон жагымсыз тийишүү, коюнга кол салып жиберүү, уятсыз ишарат ж.б. кабылган учурларын айтып беришкен.

Изилдөөнү адам укуктары боюнча жаштар бюросу жана социалдык активизм мектеби Акыйкатчы институту менен биргеликте жүргүзүшкөн.

Буга чейин журналист жана сүрөтчү Александра Титова транспортто түрдүү тийишүүгө кабылган кыздардын окуяларын чогултуп, арт сүрөт аркылуу чагылдырган “Аялдама” китебин чыгарган.

Изилдөөдө жана китепте каралган бир дагы учур боюнча укуктук баа берилип, эч ким жоопко тартылган эмес. Милицияга арыз менен кайрылышса дагы иш аягына чыккан эмес. Би-Би-Си андагы айрым окуялар жөнүндө укук коргоо органдарына кайрылып көрдү.

“Юбкамдан өйдө сылай баштады”

Сурамжылоо

Сүрөттүн булагы, Адам укугу боюнча жаштар бюросу

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сурамжылоого келген каттардын бири

“Мен 17 жашта болчумун. Транспорт токтору менен түшкөнгө ыңгайлашып, эшик жагында тургам. Юбкачан болчумун. Бир маалда арт жагымдан бир кыймылды сезип калдым. Башында ойлодум, бирөөнүн сумкасы тийип жатабы деп карасам, бирөөнүн колу юбкамдын ичине кирип, өйдө көздөй сылай баштады. Мен ал кишинин колун кармап, ары силктим. Транспортто киши көп болгондуктан, жүзүн кароого мүмкүн болгон жок. Аялдамадан түшүүгө туура келди.”

Бул сурамжылоого катышкан 250 адамдын бирөөсүнүн гана мисалы. Баары тең анонимдүү түрдө жазып беришкен. Жагымсыз кармалоо, тийишүү, интимдик мүчөсүн көрсөтүү, интимдик жерлерге атайын жабышуу жана сексуалдык мүнөздөгү сунуштарга кабылышкан.

Бул изилдөө аялдарга болгон зордук-зомбулукка каршы он алты күндүк кампаниянын алкагында жана коомдук транспорттогу аялдарга карата ыдыкты ачыктоо максатында жүргүзүлгөн.

Баатыр Ботобеков
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Баатыр Ботобеков - адам укугу боюнча жаштар бюросунун жетекчиси
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Сурамжылоолорду окуп алып нес абалда калдык. Бардык кыздар, аялдар коомдук транспорттогу ыдыктан сактануу механизмдери жок экенин айтышты. Катышкан 250 кишинин сегизөө гана укук коргоо органдарына чара көрүү максатында арыз менен кайрылышкан. Бирок, жыйынтык болгон эмес. Биз бул окуяларды коомчулукка жеткизгибиз келди”, - деп билдирди адам укуктары боюнча жаштар бюрону жетектеген Баатыр Ботобеков.

Коомдук транспорт ичинде ыдык көргөнүн айдоочуга же башка жүргүнчүлөргө жардам суроо максатында айткан учур аз, олуттуу көңүл бөлүнгөн эмес деп билдиришкен сурамжылоого катышкандар. Калгандары жүргүнчү же айдоочудан жардам сураган күндө деле жыйынтык болбойт, кайра сени күнөөлөйт деп жооп беришкен.

Көбү алсыздык, транспортко түшөр алдындагы коркуу сезимдери бар экендигин билдиришкен. Ошондой эле изилдөөдө он сегиз жашка чейинкилер ыдыкка көп кабылары аныкталган. Окуядан кийин өзүнөн жийиркенип, көпчүлүгү бул тууралуу жакындарына, курбуларына дагы айтышкан эмес. Кыскасы, бул изилдөөдө транспорттогу ыдык – жазасыз деген бүтүмгө келип такалат.

“Аялдама” китеби

"Аялдама" китеби

Сүрөттүн булагы, Bekjan Asylbekov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Александра Титованын "Аялдама" китебинин бет ачарында тартылган сүрөт

Журналист жана сүрөтчү Александра Титова “Аялдама” аттуу китебин чыгарды. Анда коомдук транспортто ыдыкка кабылган кыздарды арт-сүрөт менен көргөзүп берген. Китеп кыргыз, орус, англис тилдеринде жарык көргөн.

Титова бул тууралуу инстаграм баракчасы аркылуу сурамжылаганда көп кыз коомдук транспортто сексуалдык ыдыкка учураганын жазышкан.

“Китепке элүү беш гана окуя кирген. Бир жумада эле бул боюнча токсон бир кыздын ыдыкка кабылган учуру чогулду. Китепке кирбей калган учурларды @ayaldama_kg инстаграм баракчама улам чыгарып турам. Мен кеминде эки миңге жакын катталуучу топтоп, ИИМге коомдук транспорттогу ыдыктан запкы көргөндөр көп деп, тергөөчүлөр менен ишти башташ керек деген түшүнүктү жеткиргим келет”.

"Аялдама" китеби

Сүрөттүн булагы, Bekjan Asylbekov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Журналист жана сүрөтчү Александра Титова

Александра менен байланышкан кыздардын арасында милицияга арыз менен кайрылгандар дагы болгон. Бирок, алардын айрымдарынын айтымында олуттуу көңүл бөлүнбөй, иш аягына чыккан эмес.

“Мен акыркы жети жылдан бери автобус же маршруткага отурбаганымдын бирден-бир себеби – бул коомдук транспорттогу ыдык. Андай учур көп болгон. Биринчи жолу мен он үч жашымда кабылгам. №214 маршуртка менен мектебиме кетип бара жаткан учурда, айдоочунун артындагы орунда болжол менен элүү жаштагы эркек киши отурган. Ал менин белимден кармап, буттарымды сыйпалап, менин сырткы келбетим тууралуу катуурак сүйлөй баштады. Мен мамлекет бекиткен мектеп формасында болчумун. Эч кандай ачык кийим эмес болчу. Мен коркконумдан эч нерсе дей албай калгам. Качан гана маршрутканын ичинен бирөө кыйкырып, аны токтоткондо гана басылды. Мен эң арткы орунга барып, тиги киши түшүп кеткиче коркконумдан үнүмдү чыгарбай отурдум.”

Бул Титовага келген каттардын бирөөсү гана. Анын китебинде кыздардын төбө чачын тик тургуза турган окуялары бар. Эркек кишинин аялдын маңдайында туруп алып шымын шыпырган, кыздын шымына колун салган, колун буттардын ортосуна сойлоткон сыяктуу учурлар жазылган.

“Биз мындайга көз жуумп жаткандыктан транспорттогу ыдык улам күчөп, жаза дагы берилбей жатат”,- дейт китептин автору.

"Аялдама" китебинен

Сүрөттүн булагы, Alexandra Titova

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Александра Титова тарткан арт сүрөт

Маселе кантип чечилет?

Чүй жана Бишкектеги коомдук транспорттун ичинде эл жыш болот. Бул кадырэсе көрүнүш болуп калгандай.

Шаар мэриясы транспортко болгон муктаждыкты чечүү үчүн жыл сайын жаңы автобус, траллейбустарды линияга кошкону менен, ичиндеги жүргүнчүлөр тыгыны ошол эле бойдон. Жаңы алынып келген автобустардын ичинде видео байкоолор бар. Камера аркылуу чөнтөк ууру же ушул сыяктуу ыдык иштерди аныктаганга мүмкүнчүлүк берет.

Жүргүнчүлөрдү атайын ташуу эрежелери бар. Бирок, ал бизде дээрлик сакталбайт дейт юрист, гендердик эксперт Анара Ниязова.

“Автобус ичиндеги норма орундардын санына жана жүргүнчүнүн салондогу стандарттык бош аянтына жараша белгиленет:

- шаардык каттамдарда - 0,2 чарчы метр;

- шаар четинде - 0,33 чарчы метр болуусу шарт. Бул стандарттарды эч ким сактабайт, жүргүнчүлөр тыгылып, ыңгайсыз кетери анык.”

Анара Ниязова

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Юрист жана гендердик эксперт Анара Ниязова

“Сексуалдык ыдык көрсөтүүнү гендердик зомбулуктун бир түрү катары, укук бузуу катары таанышыбыз керек. Коомдук транспортто бош орун үчүн техникалык стандарттарды сактап, кыздарга сексуалдык ыдык көрсөткөндөрдү жазасыз калтырбоо абзел”.

Көптөгөн юристтер, укук коргоочулар ыдык көрсөтүүнү майда нерсе катары кабыл албай, анын жоопкерчилигин талап кылуу керектигин айтып келишет. Коомдук транспортто мындай жагымсыз учурга туш болсо, үнүн катуу чыгарып, кыйкыруу – бул кылмышкердин обочолонуусуна жана анын иш-аракеттеинин токтотуусуна алып келет деп билдиришет.

Кандай болгон күндө дагы коомдук транспорт коомдук жай болгондуктан, сексуалдык ыдык – көрсөтүүнүн "ыңгайлуу” жери болорун, анын алдын алуу кыйын экенин, бирок аны менен укук коргоо органдары дагы бирге күрөшсө болорун гендердик эксперттер жана укук коргоочулар айтып келишет.

“Кылмыш-жаза кодексинде тилекке каршы, “ыдык көрсөтүү” деген берен жок. Бирок, башка беренелер. Мисалы, “ыплас аракеттер” деген. Мындай беренелердин негзинде жоопкерчиликке тартса болот. Бирок, кодексте “ыплас аракет” бул 16 жашка чыга элек өспурүм курактагыларга сексуалдык аракет жасагандарга деп көрсөтүлгөн. Ошондуктан бул жерде 16 жаштан өткөн болсо, албетте бул беренеге дал келбей калат да, жоопкерчиликтен бошотулат. Ал эми 16 жашка чейинкилерге ыдык көрсөтүп, сексуалдык мүнөздө тийишүу болсо 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралат. Бул беренелер өзгөртүүлөргө муктаж деп айтат элем”,- дейт юрист Нуриддин Юлдашев.

Юрист транспорттон кыздарга ыдык көрсөтүү күч алып жатканы боюнча айрым депутаттарга маалымат жеткенин, бирок азырынча буга каршы мыйзам чегинде эч кандай сунуштар айтылып же өзгөртүүлөр кирбей жатканын айтты.