Жапонияда маймылдар кишилерге кол салууда. Полицияга атайын тапанча таратылды 

Ямагути

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө Ямагути шаарынын тургундарына кол салган макакалардын пародасы

Жапониянын Ямагучи шаарында макакалардын кол салуусунан 42 адам жаракат алды. Айбандардын агрессиясын токтотуу үчүн жергиликтүү полицияга транквилизатор атуучу тапанчалар таратылды

Макакалар Жапониянын көп аймактарында кездешет, бирок бул сыяктуу кол салуулар сейрек кездешет. 

“Мындай кыска убакытта мынчалык көп кол салууну көргөн эмеспиз, - деди жергиликтүү бийликтин өкүлү. - Башында жаш балдар менен аялдарды чабуул коюшту, андан кийин кары картандарга, чоң кишилерге да кол сала башташты”, - деп айтып берди. 

Кол салуулар июль айынын башында башталган. Анда маймылдарды кармоо үчүн тузактар коюла баштаган, бирок ал эч натыйжа берген жок. Полиция бул кол салуулардын аркасында жалгыз маймыл же маймылдардын тобу турганын аныктай алган жок. 

Адатта жапон макакалары 10дон 100 маймылга чейин топ менен жүрөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адатта жапон макакалары 10дон 100 маймылга чейин топ менен жүрөт

Жергиликтүү басылмалар кол салууга туш болгондордун кээ бирлеринин моюну, буттары, колдору же ичи тиштелсе, башкалардын денеси тытылганын жазышууда. 

Маймылдардын үйлөргө жана мектептерге да терезе-эшиктерди ачып киргендиги, имараттардын ичиндеги кичинекей балдарга кол салганы да айтылып жатат. Жабыркагандардын бири 4 жашар наристе. Турак жайга кирип келген маймыл баланы тытмалап жиберген.

“Астынкы кабатта баламдын ыйлаган үнүн угуп, дароо эле тепкичтен түшүп, баламдын үстүнө отуруп алып, аны ары-бери түртүп жаткан маймылды көрдүм”, - дейт айбанаттын кол салуусуна күбө болгон тургун. 

Бир мезгилдерде саны жагынан азайып, жоголуу коркунучунда калган макакалар эми көбөйүп кетти. Ямагата университетинин изилдөөчүлөрү макаклардын көбөйүшү алардын адамдар менен олуттуу чыр-чатакка баруусуна түртүп жатканын билдирди. 

Жапон макакалары көлөмү жагынан анча чоң эмес - эркектеринин бою 80-95 сантиметр, орточо салмагы 13 килограммга жакын, ал эми ургаачысы бою кыскараак жана салмагы бир жарым эсе аз. Алардын жашоо чөйрөсү жапон аралдары менен гана чектелет. (ЕВ)