114 жылдан кийинки кечирим: маймылдар менен капаста кармалган өспүрүм

Ota Benga pictured holding a monkey in the US

Сүрөттүн булагы, Library of Congress

Ота Бенга 1904-жылы Конго Демократиялык Республикасынан уурдалып, АКШга кулчулукка сатылып келген. Өспүрүмдү зоопаркта маймылдар менен бирге кармап, көргөзмөгө коюшкан.

Журналист Памела Ньюкерк окуяны териштирип, зоопаркты иштеткен компания ондогон жылдар бою окуяны жашыруун кармаганын жана африкалык өспүрүмгө эмне болгонун жазган.

Бир кылымдан ашуун убакыт өтүп, эл аралык коомчулук окуяны кескин сындагандан кийин Нью-Йорктогу Бронкс зоопаркы кечирим сурады.

Зоопаркты иштеткен Жапайы жаныбарларды коргоо коомуну (The Wildlife Conservation Society) 1906-жылы болгон окуяга кечирим сураганы АКШдагы расалык теңсиздикке байланыштуу демонстрациялар учуруна туш келди.

Коомдун башчысы Кристиан Сампер "уюм өзүнүн тарыхына кайрылып, андагы расизмге байланыштуу" окуяларга көңүл бурушу керек экенин айтты. Жетекчи мындан ары Бронкс зоопаркы тарыхындагы окуяларды жашырбай, ачык айкындуулукка басым жасайт деп белгиледи.

Ота Бенганын капаста кармалганы 1906-жылы 9-сентябрда АКШ менен Европада жаңылыктардын баш сабына чыккан. Өспүрүмдү алгачкы жолу көргөзмөгө 8-сентябрда чыгарышкан эле. 1906-жылы 28-сентябрда Ота Бенга зоопарктан бошотулган.

Ошондон бери зоопарк ар түрдүү шылтоо менен кечирим сурабай келген.

"Ал зоопарктын кызматкери"

Жапайы жаныбарларды коргоо коому катасын мойнуна алып, дароо кечирим сурагандын ордуна, окуяны жашыруун кармап, жүз жылдан ашуун убакыт катасын оңдогон жок.

1906-жылдагы зоопарктын архивдериндеги документтерде, ар түрдүү сынга кабылганы үчүн Ота Бенганы зоопарктын кызматкери катары аташканы жазылган.

2px presentational grey line

Ота Бенга деген ким?

  • Ота Бенганы 1904-жылы март айында африкалыктарды кулчулукка мажбурлап саткан америкалык Самуэл Вернер кармаган (уурдаган). Өспүрүмдүн так жашы белгисиз, болжолу менен 12 же 13 жашта болчу
  • Кеме менен Нью Орлеанга ошол жылдын аягында алынып келинип, сегиз башка өспүрүм менен Сент-Луис шаарындагы Дүйнөлүк жарманкеде сатыкка коюлган
  • Жарманке кышында өтсө дагы жаш балдарга жылуу кийим берилген эмес
  • 1906-жылы сентябрь айында 20 күн бою Нью-Йорктогу Бронкс зоопаркындагы көргөзмөгө коюлган
  • Христиан динаятчылардын кескин нааразылыгынан улам өспүрүмдү Нью-Йорктогу теги африкалык балдарга жардам берген Говард жетим балдар үйүнө беришкен. Балдар үйүн африкалык динаятчы Жэймс Гордон башкарган эле
  • 1910-жыды Ота Бенга Виргиниядагы Линчберг теологиялык мектепте андан кийин Каралар үчүн колледжде билим алган
  • Мектепте окуп жатып Ота Бенга жаш балдарга мергенчилик жана балык улоо ыкмаларын үйрөтүп, өзүнүн Конгодогу жашоосу тууралуу айтып берип турган
  • Бирок үйүнө куса болгон жаш жигит депрессияга батып, 1916-жылы март айында өзүн атып өлтүргөн. Ал учурда Ота Бенга болжолу менен 25 жашта болчу.

Булак: Spectacle: The Astonishing Life of Ota Benga

2px presentational grey line

1916-жылы Ота Бенга каза болгондон кийин, "Нью-Йорк Таймз" гезити (New York Times) өспүрүмдү капаста кармалганын шаардагы ойдон чыгарылган окуя катары көрсөткөн макала жарыялаган.

"Зоопарктын кызматкери маймылдар менен капаста отуруп көргөзмөгө чыкса, аны бирөө мажбурлады деген ушактар тарады",-деп жазылат макалада.

A photo of four Africans, including Ota Benga on the right, taken in 1904 during the World's Fair in St Louis

Сүрөттүн булагы, Missouri Historical Society

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ота Бенга (оң тарапта) 1904-жылдагы Дүйнөлүк жарманкеде тартылган сүрөт. Балдарды жарманкеде эргежел катары сатыкка коюшкан

Бул макала АКШда жана Европада окуя тууралуу жарыяланган маалымтка карама-каршы эле. Ага чейин New York Times гезити өзү да окуяны сындаган бир нече макала жарыялаган. Алардын бири 1906-жылы 9-сентябрда "Бушмен Бронкс зоопаркындагы маймылдар менен бир капаста отурду" деген макала эле.

1974-жылы зоопарктын башчысы Уиллиам Бриджис окуя кандай болгонун так билүү мүмкүн эмес экенин айткан. Далилдерге карабастан ал өз китебинде төмөнкүлөрдү жазган:

"Аны элди кызыктыруу үчүн бир нече саат бою капаста кармалган деген маалымат чындыкка окшобойт. Учурда окуя болгонуна көп убакыт өткөндүктөн, чындыкка окшобойт деп айтууга гана болот. Андан тышкары эгерде чын болсо, бул кадам ак ниеттик менен жасалган, себеби Ота Бенга Нью-Йорк коомчулугуна кызыктуу болчу".

Зоология коомунун архивдеринде бул сөздү четке каккан далилдер бар экенине карабастан, бул макала дагы Жапайы жаныбарларды коргоо коомунун журналында жарыяланган.

Ota Benga pictured in 1904

Сүрөттүн булагы, Missouri Historical Society

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ота Бенганын Конгого кайтып баруусуна көп каражат талап кылынмак. Андай акча өспүрүмдө жок эле

"Уурдап кеткен киши менен достук мамиле"

Африкага курал менен барып, жергиликтүү элди кулчулукка мажбурлап саткан америкалык Самуэл Вернердин китеби 1992-жылы жарык көргөн. Аны Самуэл Вернердин небереси чыгарган эле.

Китепте Вернер менен Ота Бенга жакын дос болгону сүрөттөлөт. Ошондой эле Вернердин небереси Ота Бенга уурдалып келгенине, куса болуп өз өмүрүн кыйганына карабастан Нью-Йорк элинин алдына чыгып, алардын көңүлүн ачканды жактырганы боюнча далилдер бар экенин айтылат.

Жүз жылдан ашуун убакыт бою Ота Бенганы жана анын жакындарын аёосуз кордогон киши тарыхты бурмалап, чындыкты жашырууга дагы жетишти.

Азыр деле Жапайы жаныбарларды коргоо коомунун башчысы Сампер Ота Бенганы "бир нече" күн капаста кармаганы үчүн кечирим сурады, аны бул коом үч апта бою жаныбарлар менен кармаганы үчүн кечирим сураган жок.

The entrance to the Bronx Zoo pictured in 2016

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бронкс зоопаркына ээлик кылган Жапайы жаныбарларды коргоо коому тарыхындагы айрым абийирсиз окуяларды айыптап жатканын белгиледи

Бирок дүйнөлүк коомчулуктун сын-пикиренен кийин зоопарк интернет баракчасына Ота Бенгага байланыштуу каттар жана окуяларды көрсөткөн архивдик документтерди ачык жарыялады. Ошондой эле Сампер мырза мурда болгон окуяларга өкүнүп турганын айтып, коомду негиздеген эки адамды сынга алды. Мадисон Грант менен Генри Фэйрфилд Осборн Ота Бенганы көргөзмөгө кошконуна түздөн-түз байланышы бар эле.

Учурда Бронкс паркынын Билим борборуна Ота Бенга ысымын ыйгаруу чакырыктар айтылууда.