You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Казино: бийлик кумар оюндарын кантип көзөмөлдөйт?
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Бишкектеги имараттардын бириндеги мыйзамсыз кумар оюндарына бөгөт коюулду. УКМКнын маалыматына караганда, криптобиржа жана криптомайнинг кызматтарын көрсөтүүгө жамынып, тиешелүү уруксат документтери жок мыйзамсыз иш алып барган оюн-зоок жайы аныкталды.
Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жүрүшүндө мыйзамсыз аракеттерден ири суммадагы акча каражаттары табылганы айтылууда.
Учурда бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар адамдарды толук аныктап, казынага келтирилген зыяндын суммасын аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Дал ушундай жашыруун иш алып барган казинолорду ачыктап, кимдир бирөөлөрдүн чөнтөгүнө гана түшүп жаткан каражаттарды мыйзамдаштыруу максатында Кыргызстанда жакында эле алгачкы казиного лицензия берилди.
Мындан улам өлкөдө кылмыштуулук, маңзат колдонуу жана сойкулук күч алат деп кооптонгондор да жок эмес. Расмийлер болсо кумарканаларда чет элдик жарандар гана ойной турганын айтып, коопсуздук жагы тыкыр көзөмөлгө алынат деп ишендирүүдө.
Ошентип казино иштетүүгө алгачкы лицензия 84 млн сомго берилди. Бирок казино ээлери эми бул чыгымын кимдердин эсебинен толуктайт, жергиликтүүлөргө кесепети тийбейби дегендер да жок эмес.
Финансы базарын жөнгө салуу кызматынын төрага орун басары Марат Пирназаров казино иштеп баштагандан тартып, эрежеде кандай көрсөтүлсө так ошондой көзөмөлгө алынаарын убада кылды. Анын айтымында, ачылган кумарканалар оюнга кыргызстандыктарды тартууга кызыкдар эмес.
“Мыйзамга ылайык алар Кыргызстан жарандарын ал жакка киргизбөөгө тийиш. Эгерде кирип кетсе, уюмдун лицензиясы токтотуусуз чакыртып алынат жана ага тиешеси бар жактар мындан ары өлкөдө оюн-зоок ишмердигин жүргүзө албайт. Ушунча миллион сомго лицензия сатып алып, анан Кыргызстандын бир жаранын киргизем деп алар тобокелге барбайт. Бул өтө чоң жоопкерчилик”.
Эшигин эмнеге бекитти?
Сөз болуп жаткан казинонун расмий ачылышы 2-майда болуптур. Ал жакта коопсуздук маселеси канчалык колго алынганын, Кыргызстандын жарандары кирип кетпеши үчүн кандай чаралар каралганын жеринен көрүп келүү үчүн казиного бардык.
Ичине кирүүгө мүмкүн болгон жок. Бизди улагадан күзөт кызматы тосуп алып, өзүн башкы менеджердин жардамчысымын деп тааныштырган Мариша аттуу кыз менен жолуктурду. Ал жетекчилик иш ордунда эмес экенин айтып, алардын уруксаты жок маалымат бере албайбыз деп тим болду.
Коомдо “Гранд Казино” уюмуна лицензиянын берилишинен тышкары, ал кимге таандык экени дагы кызыгууну жараткандай. Юстиция министрлигинин расмий документинде Адилет Абдыманапов аттуу киши негиздөөчү катары көрсөтүлгөн.
Биз Мариша атуу кыздан дал ошол Адилет Абдыманапов менен байланыштырып коюуну өтүндүк. Бирок ал андай адамды тааныбай турганын, жетекчилиги таптакыр башка кишилер экенин айтты:
“Жетекчилик бир гана адам эмес, алар бир нече. Алгач ич ара макулдашып алалы, анан кабарлап коёбуз. Мүмкүн ЖМКлар үчүн өзүнчө маалымат беребиз. Бизде оюндар баштала элек, болгону Кыргызстандын аймагындагы конокторубузду чакырып гана ачылышын жасадык”.
Күмөн санагандардын жүйөсү...
Кыргызстандыктар да кириши мүмкүн деп күмөн санагандардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков. Ал мыйзамдын долбоору парламентте каралып жатканда каршы чыккандардын бири.
“Адамдардын көз жашы, үй-бүлөнүн бузулушу, тагдырлардын талкаланышы менен экономика курбай эле коюш керек эле. Үй-бүлө бүтүндүгү миллиарддаган доллар менен дагы бааланбайт. Дүйнөдө кумар оюндарынын чордону болгон кандай гана шаарлар бар. Ошондой жерлер турса чет элдик ири оюнчулар Кыргызстанга келмек беле? Келип эле өзүбүздүн жарандар кирет да. Мурдагы парламент кумар оюндарына тыюу салып тарыхта калса, биздин чакырылыш ага кайра уруксат берип тарыхта калды”, - деди ал.
Кыргызстанда казино бизнесине 2012-жылдан тартып тыюу салынган. 2015-жылы тотализаторлор жана букмекердик конторалар ишин токтоткон.
Бирок 2021-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары Бактыбек Турусбеков жана Дастан Жумабеков казинолорду мыйзамдаштырууга багытталган мыйзам долбоорун сунуштаган. Алардын долбоорунда дагы Кыргызстандыктардын кирүүсүнө уруксат берилбеши керек деп жазылган.
Казинолорду республика боюнча эмес, Ысык-Көл облусунун Тамчы аймагына гана ачуу демилгеленген. Алардын сунушу боюнча оюн-зоок мекемеси жайгашкан аймак өзгөчө маанидеги жабык административдик район деп аталмак.
“Тамчы” аэропортунун базасындагы 1200 гектар жерге бардык шарты менен казино курууну сунуштаганбыз. Бул аэропортту өнүктүрүүгө дагы шарт түзмөк. Келген киши ал жабык зонанын ичинен чыкмак эмес. Ошол жакта ойноп, сууга түшүп эс алып кайра кайтып кетмек”, - деген демилгечилердин бири Турусбеков.
Депутаттар сунуштаган мыйзам коомдо кызуу талкууга жем таштаган. Биринчи окуудан өтүп, кийин ар кандай себептерден улам каралбай калган.
Азыркы иштеп жаткан мыйзамды ошонун эле экинчи варианты катары кароого болот. Экөөнүн негизги концепциясы окшош, болгону жогоруда аталган анча-мынча гана айырмачылыктар бар.
Депутат Кадырбеков жасалма интеллект же атайын программа болсо ишенүүгө мүмкүн экенин айтып, адам фактор деген түшүнүктү эстен чыгарбоо керек дейт.
“Балекеттин бары ошол көзөмөлдөн башталат. Көзөмөл милдетин берген орган өзү коррупцияга аралашып кетип жатпайбы. Бир эле адам бир нече паспортко ээлик кылган учурлар көп. Аларды кантип көзөмөлдөшөт? Көз алдыбызда сызга отуругузуп кеткен алдамчыларды кармай албай жатышат анан каяктагы казинону көзөмөлдөөнү кеп кылып жатабыз? Ансыз деле көмүскө иштеп жатышат, андан көрө мыйзамдаштырып коёлу деп чыгышты. Ошол көмүскө иштеп жаткандарды көзөмөлдөшпөйбү”, - деди ал.
Экономиканы эптейли деп...
Казинолорду иштетүү менен мамлекет киреше таап, жаңы жумуш орундарын түзүп, туризмди өнүктүрүүнү көздөп жатат.
Расмий маалыматка ылайык, 2010-2011-жылдары Кыргызстанда оюн-зоок мекемелери иштеп турганда жылына бюджетке болжол менен 500-600 млн сом түшүп турчу.
Азыркы мыйзамдын долбоору ишке кире турган болсо бир жылда 2 млрд сомдун тегерегинде каражат түшөт жана 5000ге чукул жумуш орундары түзүлөт деген божомол бар.
“Казино иштетүүгө көпчүлүк өлкөрлөрдө тыюу салынган эмес. Бирок алардын иштей турган чөйрөсү дыкат аныкталып, коопсуздук маселеси кылдат каралган. Мен эки тарапка тең кошулбайм. Муну эмоция менен чече турган маселе эмес. Казинолордун ачылышы канчалык деңгээлде жергиликтүүлөр үчүн коопсуз болот? Аны убакыт көрсөтөт. Бирок өлкө экономикасын өнүктүргүбүз келсе, чакан жана орто бизнести колдоп, элдин өзүн-өзү багууга болгон аракетин арттыруу керек болчу. Ошондо гана бюджет туруктуу жана коомго пайда алып келет”,- деди мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев.
Дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде казинолордун иштөөсүнө мыйзамдуу түрдө уруксат берилген. Мурдагы СССР курамындагы өлкөлөрдөн Азербайжанда, Өзбекстанда, Тажикстанда жана Кыргызстанда тыюу салынып келген.
Лас-Вегас, Монако жана Мальта кумар оюндарынын дүйнөлүк борбору катары саналып келет.
Кумар оюндарынын курмандыгына айлангандар эмне дейт?
Болот өзүн кумар оюндарынын курмандыгы деп эсептейт. Ал казиного 19 жашында аралашып, жаштыгын кор кылганын айтып кейийт. Макулдашкандай биз анын аты-жөнүн өзгөртүп бердик.
“Кумар оюндарынын эч жакшылык көргөн жокмун. Көбүрөөк жоготтум десем болот. Материалдык кыйынчылыктарга кабылдым. Батир, унаа сыяктуу мүлктөрүмдөн айрылдым. Үй-бүлөмдө көйгөйлөр жаралды. Кыскасы жакшы нерсе тапкан жокмун”,- деди ал.
Ал кумар оюндары адамдын психологиясы менен байланышкан социалдык оору жана өтө терең көйгөй экен айтат. Башынан өткөргөн киши катары бир кирип алгандан кийин баш тартуу кыйын болуп калат деп эскертет.
“Бул өтө жаман азгырык. Аны жеңип чыгуу кыйын. Токтоно албай каласың. Арбап алат. Менин түшүмө чейин кирген учурлар болгон. Күн-түн экенине карабай ойгонуп кетип дароо казиного жөнөчүмүн. Түшүмдө канча сумма көрсөм, ошончо сумманы койчумун. Ушундай деңгээлге жетип калгам. Бир түндө 30-40 миң доллар уттурган учурларым болгон. Эң көп уткан сумма 15 миң доллар болгон. Азыр эми жашоодон сабак алдым. Анын үстүнө жаш жигит эмесмин. Өзүмдү көзөмөлдөгөндү үйрөндүм”,- деди ал.
Болот бир нече жыл мурун казиного тыюу салынганы менен көмүскө иш алып барып келгендер болгонун айтып берди. Бинардык опцион катары негизделген жайлардын көпчүлүгүндө кумар оюндары ойнотулат дейт. Өзү дагы бир нече жолу ал жактарга барганын кошумчалады.
“Акыркы жолу өткөн жылы бардым. Ал жактан жеңип алуу мүмкүндүгү өтө төмөн. 90 пайыз уттурасың. Ал оюн эмес, алдамчылык. Ошол жактан акча уттуруп жиберип асынып өлгөн тааныштарым абдан көп. Үй-бүлөсү бузулгандарды сурабай эле коюңуз”,- деди Болот.
Мамлекет 100% кепилдик береби?
Президент Садыр Жапаров дагы казинолорду ачууга уруксат берүү маселеси тууралуу бир нече ирет өз пикирин билдирген. Мамлекет башчысы жергиликтүү маалымат агенттиктеринин бирине берген маегинде, казинолор ишке кирсе аларды көзөмөлдөөгө мамлекеттин кудурети жетерин билдирген.
“Казинолорду көзөмөлдөй албасак, анда эмнебиз мамлекет? Ал жерге биздин жарандар кире алышпайт. Мамлекет 100% кепилдик берет. УКМК, ИИМ кызматкерлери жөн олтурмак беле? Кирген жарандарды кармаса, жоопко тартат. Казино ээси лицензиясынан ажыратылат”, - деген эле Жапаров.
Казинону мыйзамдаштыруу маселеси соңку жылдары маал-маалы менен көтөрүлүп келди. Айрым адистер кумар оюндарына уруксат берүүнү, колунда бар адамдардын бизнесин колдоо деп эсептейт жана кыргыз коому буга даяр эмес дешет.