You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кремль Путин суукка байланыштуу Киевге бир жума сокку урбоого макул болгонун ырастады
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-би-си Орус кызматы
АКШ президенти Дональд Трамп бейшемби күнү орус президенти Владимир Путин Киевге бир жума бою сокку урбоого макул болгонун билдирди. Киев шаарындагы жана Киев облусундагы бардык объектилерге, ошондой эле Украина боюнча инфраструктуралык объектилерге сокку урууга убактылуу мораторий салынганы тууралуу эртең менен согушту жактаган блогерлер кабарлашкан.
"Катуу сууктан улам - аларда да, бизде да абал бирдей - мен жеке өзүм президент Путинден бул өзгөчө суук аба ырайы учурунда Киевге жана башка шаарларга бир жума бою сокку урбоону сурандым", - деди Трамп Ак үйдө администрация мүчөлөрү менен болгон жолугушууда.
"Ал буга макул болду. Чынын айтсам, бул абдан жагымдуу болду", - деп кошумчалады АКШ президенти.
Кремль Путин АКШ президентинин өтүнүчүнө макул болуп, 1-февралга чейин "сүйлөшүүлөргө жагымдуу шарттар" болсун деп Киевге сокку урбоого көнгөнүн ырастады. Бирок мында сөз энергетика эле тармагына болгон соккулар тууралуу болуп атабы же жалпы элеби, такталган жок.
Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков бул Трамптын жеке өтүнүчү болгон үчүн Путин ага макул болгонун журналисттерге билдирген. Песков бул тууралуу басма сөз өкүлдөрүнүн кошумча суроолоруна жооп берген эмес.
Кечээ эртең менен соккуларга мораторий киргизилиши мүмкүн экени тууралуу маалымат блог чөйрөсүндө тарай баштаган. Бул тууралуу орусиялык да, украиналык да Telegram-каналдар жазышты.
Орусиялык аскерий блогерлерден биринчи болуп Владимир Романов бул тууралуу билдирип, ага келген билдирүүнүн скриншотун жарыялаган.
Анын айтымында, бейшемби күнү таңкы саат 7:00дөн тарта "сокку урууга тыюу салынганы" тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул Киев шаары жана Киев облусундагы бардык объектилерге, ошондой эле Украина боюнча инфраструктура объектилерине тиешелүү экени айтылган.
Кийинчерээк Романов дагы бир билдирүүнү цитата келтирип, анда орус аскерлерине Киев жана Киев облусундагы объектилерге, ал эми Украина боюнча энергетикалык инфраструктура объектилерине (электр көмөкчордондору, жылуулук электр борборлору, ГЭСтер, газ сактоочу жайлар, мунай базалар жана күйүүчү май сактоочу кампалар) сокку урууну 28-январдан тартып "өзгөчө көрсөтмөлөргө чейин" токтотуу буйругу берилгени айтылган.
"Ички маалымат оозеки түрдө таратылып жатат, ага ылайык бул чектөө 03.02.2026-жылга чейин күчүндө болушу мүмкүн", - деп кошумчалаган блогер.
Мораторий тууралуу расмий маалымат жок экенине карабастан, Кремль күндүз ага расмий реакция жасады. "Жок, азырынча буга комментарий бере албайм", - деген президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
Трамптын билдирүүсүнөн кийин Кремлден жаңы комментарий чыккан жок. Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский Х социалдык платформасында АКШ президентине ыраазычылык билдирди.
"АКШ президентинин катуу суук жүрүп жатканда Киевдин жана башка украин шаарларынын коопсуздугун камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү тууралуу билдирүүсү маанилүү. Электр энергиясы - жашоонун негизи. Өмүрлөрдү коргоо үчүн өнөктөштөрүбүздүн аракеттерин баалайбыз. Ырахмат, президент Трамп!" - деп жазды Зеленский.
Financial Times басылмасынын журналисти Кристофер Миллердин айтымында, украин расмий өкүлдөрү мораторий тууралуу Трамптын билдирүүсүнөн гана билишкенин, Орусиядан эч кандай расмий белги болбогондуктан, азырынча ок атышпоо тууралуу макулдашууга жетишилгенине ишенимдүү боло албай жатышкандыктарын айтышкан.
Буга чейин FT жазгандай, АКШ менен Украина Орусияга чектелген ок атышпоо сунушун берүү тууралуу талкуулашкан. Ага ылайык, Москва Украинанын энергетикалык инфраструктурасына сокку урууну токтотуп, Киев дагы Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жана "көмүскө флотуна" таандык танкерлерге чабуулун токтотмок.
Аталган басылманын өздүк булактарынын бири бул сунуш боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөр "алдыга жылган баскычта эмес" экенин айткан. Анын пикиринде, Путин украин энергетикасына басым жасоону маанилүү рычаг катары көргөндүктөн, мындай мораторийге макул болбошу мүмкүн.
Украинанын жогорку даражалуу чиновниги FT басылмасына берген маегинде Киев да энергетика тармагында ок атышпоону токтотууга арсар мамиле жасап жатканын айткан. Себеби Украина алыска учуучу дрондору менен Орусиянын мунай-газ объектилерине жана соңку мезгилде Кара деңиздеги мунай танкерлерине ийгиликтүү соккулар уруп келди. Киев бул объектилер Кремлдин согуш машинасын сугарып жатат деп эсептейт.
Жыл жаңырганы Орусия Украинанын энергетика объектилерине чабуулдарын күчөттү. Чабуулдардын жаңы толкуну катуу суукка туш келди. Электр энергетика объектилерине болгон соккулардан турак үйлөргө жылуулук берилбей, суу да токтоп калды.
Бул айда Орусия үч жолу, 9, 20 жана 24-январда ири масштабдагы ракета жана дрон чабуулдарын ишке ашырды. Алардын негизги бутасы Киев болду. Ар бир чабуулдан кийин миңдеген көп кабаттуу турак жайлары жылуулуктан ажырап жатты.
Жакынкы күндөрү Киевде кайрадан суук күчөп, абанын температурасы минус 25 градуска чейин төмөндөйт деп күтүлүп жатат. Шаршемби күнү Зеленский чалгын маалыматтарына таянып, Орусия жаңы чабуулга даярданып жатканын билдирген.
24-январда орун алган соңку чабуулдан миңдеген турак-жайлар жылуулуксуз калышты, бул согуш башталгандан бери биринчи жолу өткөн үч тараптуу Орусия - Украина - АКШ сүйлөшүүлөрү Абу-Дабиде башталган учурга туш келди.
Сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы 1-февралга болжолдонуп жатат. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Трамптын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер бул жолугушууга катышпай турганын билдирди. Рубио ошондой эле Донбасс боюнча аймактык маселелер сүйлөшүүлөрдө дагы деле негизги чечилбеген маселе бойдон калып жатканын айткан.
Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков Рубионун сөздөрүнө макул эместигин билдирди, Reuters анын "Мен антип ойлобойм" деген цитатасын келтирди. Кийинчерээк Ушаков Орусиянын Биринчи каналына маек берип: "Аймактык маселе эң негизги маселе, бирок күн тартибинде башка көптөгөн маселелер да бар",- деген.
АКШ тарап тынчтык сүйлөшүүлөрүндө "олуттуу прогресс" жана "көптөгөн позитивдүү жылыштар" бар экенин айтып келет.
"Өткөн жекшембиде Абу-Дабиде Жаред Кушнер, мен жана АКШнын кургактагы аскерлер министри Дэн Дрисколл беш орусиялык генерал менен жолугуштук. Биз олуттуу прогресске жеттик деп эсептейбиз", - деди Уиткофф Ак үйдөгү жыйында.
"Аймактар боюнча келишимди талкуулап жаткан тараптар ортосунда көп позитив бар. Биз коопсуздук кепилдиктери боюнча келишимди жана согуштан кийинки Украинаны калыбына келтирүү боюнча макулдашууну дээрлик аяктап калдык. Украин эли жакын арада биз тынчтык келишимине жетишебиз деп күтүп жатат деп ойлойм", - деп кошумчалады ал.
29-январь кечине карата Киевде 454 турак жай дагы эле жылуулуксуз калганын Би-би-синин Украин кызматы билдирет.