Талант Мамытов парламент спикери болуп шайланды

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын төрагасы болуп президент Садыр Жапаровдун жакын тарапкери Талант Мамытов шайланды. Парламенттин жаңы курамы бүгүн биринчи сессияга чогулду.

Добуш берүүгө катышкан 87 депутаттын 63 Талант Мамытовду, ону экинчи талапкер – “Бүтүн Кыргызстан” лидери Адахан Мадумаровду колдоду. 14 депутат экөөнө тең каршы добуш берди.

Талант Мамытов былтыркы октябрь окуяларынан кийин Жогорку Кеңешке төрага болуп келди. Президент эле эмес, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен дагы жакын санаалаш экени белгилүү.

2012-жылы ал кездеги үч депутат: Жапаров. Ташиев жана Мамытов “Кумтөрдү” улутташтыруу талабы менен митингге чыгып, Ак үйгө дарбазаны ашып кирүүгө аракет кылып кармалышкан. Кийин аларга бийликти басып алуу айыбы коюлуп, биринчи инстанциядагы сот үчөөнү айыптуу деп тапкан.

Бирок Бишкек шаардык соту аларды актап, ошол ишти караган соттордун бири – Курманкул Зулушев азыр Башкы прокурор экени белгилүү. Ошентсе да Жогорку сот кийин биринчи инстациядагы сот чечимин күчүндө калтырып, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди 1,5 жылга, ал эми Талант Мамытовду жана алардын жансакчыларын 1 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Бирок алар тергөө абагында эле бул мөөнөттү өтөп койгону үчүн боштондукка чыгышкан эле.

Октябрь окуяларына кийин Жогорку сот былтыр бул ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карап, барын актаган чечим чыгарды.

Ошентип Жогорку Кеңештин жаңы курамы өз ишин баштады.

Бүгүн БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова VII чакырылыштын курамы боюнча парламенттин курамы кандай болду маалымат берди.

Шайлоо жыйынтыгы боюнча “Ата Журт Кыргызстан” партиясына 15 мандат берилип, анын бешөө аял талапкерлерге бөлүштүрүлдү. “Ишеним” 12 мандат, бул партиядан аялдар алган мандаттын саны – төрт. “Ынтымак” партиясы тогуз мандат алып, үчөө аялдарга кетти. “Альянс” жети мандат алды, анын экөөсүн аял талапкерлер алат. “Бүтүн Кыргызстанга” алты мандат тийди, анын экөөсү аялдарга тийиштүү. “Ыйман Нуру” беш мандат алып, эки мандат айымдарга тийди.

Регламентке ылайык, биринчи сессияны эң уулу депутат ачат. Андыктан мындай ыйгарым укук 66 жаштагы Шарапаткан Мажитовага берилди.

Андан кийин фракция лидерлери сөз алды.

Кызыгы, депутат Бакыт Төрөбаев парламентте “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын курамына 33 депутат киргенин жар салды. Бул фракцияга болгону 15 мандат тийсе дагы, бир мандаттуу шайлоо округдарынан келген 18 депутат ага кошулду.

“Бир мандаттуу округдан шайланып келишип анан партиялык фракцияга кире качып жаткандар өзүнө добуш берген шайлоочуларды дүңүнөн эле саясий партияга сатып жиберишкен жокпу? Бул маселенин моралдык-этикалык жагы кандай болот эми? Бул көрүнүш депутатты артка чакыртып алуу үчүн демилге көтөрүүгө негиз боло алабы, биз ал партияны колдогон эмеспиз деген ураан менен?”,- деп жазды саясатчы Эмилбек Каптагаев.

“Ишеним” фракциясынын лидери болуп Улугбек Ормонов, ал эми “Ынтымак” фракциясынын башчысы Марлен Маматалиев жетектегени белгилүү болду.

“Альянс” фракциясы менен депутат Алтынбек Сулайманов тааныштырды. Сулайманов фракциясы эркин болорун, бул тууралуу атайын билдирүү жасаларын айтты.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров, “Ыйман Нуру” фракциясын Нуржигит Кадырбеков жетектеди.

Кыргызстан өтүп бара жаткан жылы президенттик мамлекеттик башкарууга кайтып, жаңы парламенттин ыйгарым укуктары чектелип калды.

Жаңы Баш мыйзам боюнча президент парламенттин макулдугусуз эле өкмөттү өзү дайындап, отставкага кетире алат. Мындан тышкары, сот, прокуратура, коопсуздук кызматы, армия жана башка мамлекеттик органдарды көзөмөлдөй алат. Ал эми Жогорку Кеңешти мыйзамдарды демилгелөө гана функциясы калды.

Буга чейинки бийликтер парламенттик шайлоодо өз адамдарын өткөрүп, ошону менен Жогорку Кеңеште көпчүлүк коалицияга көзөмөл алууга кызыкдар болуп келген эле.

“Эми азыр бийликтин табияты өзгөрдү да. Башкаруу президенттин колунда. Коалиция көпчүлүк бизде болушу керек деген азыр кызыкчылык деле жок. Бийликте Жогорку Кеңеш менен кеңешип-кеңешпей деле иш алып бара бергенге толук мүмкүнчүлүк бар да. Андыктан өздөрүнүн саясий партияларын парламентке алып келүүгө жан үрөгөн жок. Кимиң келсең аның кел, калганың менен иштеше беребиз деген мамиле болуп калды окшойт”, - дейт журналист Тынчтыкбек Алтымышев.

28-ноябрда эки шайлоо округу боюнча добуш берүү ишке ашпай калган. БШК ал окургдарда шайлоо 27-февралда өтөрүн билдирди.

Дагы бир маанилүү жагдай, өткөн шайлоолордо азыркы бийликке оппозиция болгон Өмүрбек Текебаев баштаган айрым саясий күчтөр парламентке келе албай калышты. Алар БШКнын сервери үзгүлтүккө учурагандан кийин добуштар бурмаланды деп шайлоо жыйынтыгын тааныбарын айтышкан.